БЕШ ГРАНТТЫК ОРУН. КАЗАКСТАНДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ
- 05.03.2020
- 0
Казакстан 2020-2021-окуу жылына карата кыргызстандыктар үчүн 5 гранттык орун бөлдү. Анын үчөө бакалавриат жана экөө магистратура программалары боюнча.
Гранттык орундар аркылуу билим алууну каалагандар Казакстандын мамлекеттик университеттерин жана адистиктерди өзү тандайт.
Документтер 10-апрелге чейин кабыл алынат.
Сынакка катышууну үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш:
- Арыз;
- Паспортунун көчүрмөсү;
- Буга чейин алган билим деңгээли тууралуу документтин көчүрмөсү, окуудагы жетишүүсүнүн орто баллы (бакалавриат программасы үчүн талапкерлерге) же GPA орто баллы (магистратура программасына талапкерлерге);
- Чет өлкөгө билим алганы чыгып жаткандар үчүн медициналык аныктама;
- ВИЧ жоктугу тууралуу медициналык аныктама;
- Флюорография;
- Орус же англис тилиндеги мотивациялык эссе (250-500 сөз);
- Англис же орус тилинде жазылган сунуштама каты;
- Соттолбогондугу тууралуу аныктама.
Тапшырылуучу документтер жогоруда келтирилген иретте файлдык папкага чогултулушу керек.
Сынакка төмөнкү жетишендиктеги талапкерлер киргизилет:
Бакалавриат программасы – орто баасы «В» же 4төн кем эмес;
Магистратура программасы – орто баллы 3,3 GPAдан кем эмес же анын эквиваленти.
Көңүл буруңуз: толук эмес же документтери көрсөтүлгөн талаптарга жооп бербеген билдирмелер каралбайт!
Документтер Билим берүү жана илим министрлигине тапшырылышы керек. Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 257 (220-кабинет). Күн сайын 14:00дөн 17:30га чейин. Тел: 0 (312) 62 15 19.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер