БЕЛОРУССИЯДА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН 6 ГРАНТТЫК ОРУН БӨЛҮНДҮ

  • 12.01.2023
  • 0

БЕЛОРУССИЯДА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН 6 ГРАНТТЫК ОРУН БӨЛҮНДҮ

Беларусь Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 12-июнундагы №232 “Окуу гранттары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн 2023/2024-окуу жылына Белоруссиянын ЖОЖдорунда жогорку билим берүүнүн биринчи тепкичинде төмөнкү адистиктер боюнча билим алуу үчүн алты орун бөлүндү:

“Маалыматтык системалар жана технологиялар” (долбоорлоодо жана өндүрүштө) — 2,
“Маалыматтык системалар жана технологиялар” (оюн индустриясында) – 1,
“Дарылоо иши” –  2,
“Стоматология” – 1.

Сынактык тандоо жөнүндө толугураак маалымат — https://edu.gov.kg/announcements/177/

Сурап билүү үчүн элчиликтеги телефондор — +996(312) 35-28-21, 35-28-35.

Бөлүшүү

Комментарийлер