БЕЛОРУССИЯДА АКЫСЫЗ БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ 6-МАРТКА ЧЕЙИН УЗАРТЫЛДЫ
- 04.03.2020
- 0
Белоруссиянын Кыргызстандагы элчилиги 2020-2021-окуу жылы карата магистратура программасы боюнча акысыз билим алуучулар үчүн документтерди кабыл алууну 6-мартка чейин узартты.
Грант окууга кеткен чыгашаны камтыйт, стипендия берет.
Кыргызстандыктар магистратура программасы боюнча төмөнкү багыттарга документ тапшырса болот:
- Лингвистика (тилди көрсөтүү керек) – 1 орун;
- Маалыматты даярдоо, башкаруу жана системалык анализдөө (тармактар боюнча) – 1 орун.
Талапкерлерди тандоо эки этапта жүрөт:
Биринчисинде катышуучулар Белоруссия элчилигине төмөндөгү документтерди тапшыруусу зарыл:
- элчиликтин атына кайсы адистикти жана эмне үчүн тандаганы тууралуу эркин формадагы арыз;
- чет өлкөгө чыгуу документтеринин же жалпы жарандык паспортунун көчүрмөсү;
- билим алгандыгы тууралуу документтин көчүрмөсү же билим берүү уюмунун жетекчиси күбөлөндүрүп, бардык предметтер боюнча алган баалары көрсөтүлүп, окуп жатканын далилдеген маалымат кат;
- орус тилин билүүсүн тастыктаган документтин көчүрмөсү;
- тандаган адистиги боюнча билим алууга жөндөмдүүлүгү көрсөтүлгөн медициналык аныктама жана ВИЧ жоктугу боюнча сертификат;
- окуу жайдан мүнөздөмө (окуп жаткандар үчүн);
- белоруссиялык тегин аныктоочу документ (эгер болсо).
Документтер орус же белорус тилинде даярдалышы керек. Сынакка катышуучунун акыркы окуу жылындагы орто упайы 4,3 баллдан кем эмес болушу зарыл.
Экинчи этап 15-июлга чейин аралыкта аңгемелешүү түрүндө өтөт. Экинчи тур тууралуу Белоруссия элчилиги талапкерге 20-майга чейин маалымат берет.
Грант катышуучунун жол акысына, жатаканага, тамак-ашка, медициналык камсыздандырууга жана визага кеткен чыгымдарды камтыбайт.
Белгилей кетсек, Белоруссия өкмөтү 2020-2021-окуу жылы үчүн Кыргызстанга жалпы сегиз гранттык орун бөлгөн.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер