БЕЛОРУСИЯ ЭЛЧИСИ БАЛАЖАНДА

  • 02.11.2020
  • 0

30-октябрда “Балажанда” Белорусия Республикасынын жана Балдардын жана өспүрүмдөрдүн көркөм чыгармачылыгы улуттук борборунун демилгеси менен уюштурулган “Дүйнө балдары достошот” аттуу балдардын VII эл аралык сүрөт сынагынын жыйынтыгында байгеге жетишкен балдарды сыйлоо аземи болду. Ага Белорусиянын КРдагы ыйгарым укуктуу элчиси А.С.Страчко жана элчиликтин кеңешчиси В.Воронко катышты.

БЕЛОРУСИЯ ЭЛЧИСИ БАЛАЖАНДА

Эскерте кетсек, “Дүйнө балдары достошот” онлайн сынагына дүйнөнүн 27 мамлекетинен 4500 бала катышкан. Жаш таланттардын эмгеги “Живопись”, “Графика” жана “Айкалышкан техника” номинациялары боюнча жаш курагына жараша бөлүнүп бааланган.

Кыргызстандын таланттуу балдарынын өнөрүн өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүп, сынак уюштурган уюштуруучуларга «Балажан» борборунун директору Дария Мусина өзүнүн терең ыраазычылыгын билдирди.

БЕЛОРУСИЯ ЭЛЧИСИ БАЛАЖАНДА

— Баарыңыздарга маалым болгондой, Минск шаарында ушул жылдын июнь айында балдар үчүн уюштурулган эл аралык сүрөт сынагы жүргөн эле, ага Азербайжан, Армения, Грузия, Куба, Италия ж.б. дүйнөнүн 27 өлкөсүнүн балдары катышкан. Ал абройлуу эл аралык сынакта биздин борбордун “ИЗО, архитектура жана дизайн” студиясынын катышуучусу Марьям Урмамбетова үчүнчү даражадагы диплом менен сыйланса, 10дон ашык балдарыбыз кызыктыруучу премияларга татыктуу болушкан. Алардын жеңиши кошумча билим алуугы кызыкдар болгон жаш таланттарга жакшы стимул болуп жатканы талашсыз. Ушундай кызыктуу сынак уюштургандыгы үчүн жалпы катышуучулардын атынан Белорусия мамлекетинин Кыргызстандагы Андрей Сергеевич Страчко аркылуу жалпы эле уюштуруучуларга өзүбүздүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз, — дейт Дария Сапарбековна.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер