БЕЛЬГИЯДА БИЛИМ АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ
- 16.11.2020
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги кыргызстандык студенттердин Бельгия Королдугунда стипендиялык программа боюнча билим алууга мүмкүнчүлүгү бар экенин маалымдайт.
2021-2022-окуу жылында Кыргызстандын жарандары төмөндөгү магистрдик программаларга тапшыра алышат:
- Жер кыртышы жана глобалдык өзгөрүүлөр (IMSOGLO): https://imsoglo.eu;
- Ресурстарды туруктуу жана инновациялык башкаруу (SINReM): https://sinrem.eu;
- Аквамаданиятта ден соолукту көзөмөлдөө (AquaH): www.ugent.be;
- Айыл жерин өнүктүрүү: www.imrd.ugent.be.
Ар бир программа тууралуу кененирээк маалыматты жогоруда көрсөтүлгөн сайттардан алсаңыздар болот.
КР БИМдин басма сөз кызматы
Бөлүшүү
Комментарийлер