ББИМ БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫН МОДЕРНИЗАЦИЯЛОО БОЮНЧА КООМЧУЛУКТУН СУНУШТАРЫН КАБЫЛ АЛАТ

  • 04.11.2020
  • 0

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги көрсөткөн багытка ылайык, ырааттуулук, конструктивдүүлүк жана ачыктык саясатын жүргүзүү, ошондой эле жаштарды, эксперттик коомду жана жалпы коомчулукту билим берүү системасын реформалоого активдүү тартуу максатында КР Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү системасын модернизациялоо боюнча сунуштарды кабыл алаарын жарыялайт. Сунуштар билим берүү тармагынын бардык аспектилерине, деңгээлине тиешелүү болушу мүмкүн.

Сунуштар жеке жактардан, билим берүү жана илимий уюмдардан, коомдук уюмдардан, фонддор жана институттардан, ошондой эле массалык маалымат каражаттары менен бизнес коомчулуктардан кабыл алынат.

Конкреттүү, конструктивдүү жана прагматикалык мүнөздөгү сунуштарды күтөбүз. Сунуштарда бюджеттин, каржы булагынын, аткаруу мөөнөтүнүн жана жооптуу уюмдардын көрсөтүлүүсү, ошондой эле контролдук көрсөткүчтөрдүн жана индикаторлордун көрсөтүлүүсү кубатталат. Сунуштар эркин түрдө [email protected] электрондук почтасына кабыл алынат.

Сунуштар почтага келип түшүү ирээти боюнча каралат. Сунуштарды тандоо жана модификациялоо укугу министрликке таандык. Ресурстардын тартыштыгынан улам министрликтин ар бир сунуш боюнча жооп кайтарууга мүмкүнчүлүгү болбойт. Түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.

КР ББИМдин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер