БАТКЕНДИК 188 БАЛА “АЛТЫН БАЛАЛЫКТА” ЭС АЛАТ

  • 11.06.2024
  • 0

Баткен облусунан Ысык-Көл облусундагы «Алтын балалык» эс алуу борборуна 188 бала жиберилди.

БАТКЕНДИК 188 БАЛА “АЛТЫН БАЛАЛЫКТА” ЭС АЛАТ БАТКЕНДИК 188 БАЛА “АЛТЫН БАЛАЛЫКТА” ЭС АЛАТ

Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн маалыматына ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана мектептин алдыңкы окуучулары Ысык-Көлдөгү «Алтын балалык» ден соолукту калыбына келтирүү борборунда эс алууда.

БАТКЕНДИК 188 БАЛА “АЛТЫН БАЛАЛЫКТА” ЭС АЛАТ

Жергиликтүү бийликтин колдоосу менен Баткен шаарынан 20 окуучу  жиберилген. Балдардын 10 күндүк эс алуусу Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан каржыланат.

Балдар көлдө 10-20-июнь аралыгында болуп, ар кандай маданий жана көңүл ачуу программаларга катышат. Ошондой эле балдар менен психологдор иш алып барат.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер