БАТКЕНДЕ КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 02.06.2022
  • 0

2022-жылдын 1-июнунда Баткен шаарынын Апаз Жайнаков атындагы музыкалык драм театрында 9-11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө арналган “Туура кесип-Келечек кепилдиги” аттуу форум болуп өттү. Иш-чарага жалпы 400гө жакын окуучу катышып, окуу жайлардын көргөзмөсү уюштурулду.БАТКЕНДЕ КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Аталган форум республикалык жана аймактык жолугушууларды, тренингдерди уюштуруу менен жаштарды кесипке багыттоо максатын көздөйт.

Форумдун жүрүшүндө билим берүү, медицина, IT ж.б. тармактын мыкты адистери актуалдуу темалар боюнча презентация жасап, туура кесип тандоого багыт көрсөтүп, тажрыйбалары менен бөлүштү.БАТКЕНДЕ КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Белгилей кетсек, “Туура кесип-Келечек кепилдиги” форуму Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Салымбеков университети тарабынан уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер