БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЭВАКУАЦИЯЛАНГАН ЖАРАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ

  • 19.09.2022
  • 0

БАТКЕН МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ ЭВАКУАЦИЯЛАНГАН ЖАРАНДАРГА ЖАРДАМ БЕРҮҮДӨ

Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасына каршы куралдуу баскынчылык актысынан улам 2022-жылдын 14-сентябрында Баткен жана Лейлек райондорунун тургундары коопсуз жерлерге эвакуацияланган.

БатМУнун башкы корпусуна 152 адам, БатМУнун Көп тармактуу колледжинин спорт залына 311 адам, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун жатаканасына 52 адам, Сүлүктү педагогикалык колледжине 50 адам жайгаштырылды. Баткен мамлекеттик университетинен керектүү жардамдар көрсөтүлүп, үч маал тамак уюштурулуп, кийим-кечелер берилип, биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

2022-жылдын 18-сентябрында Баткен районунун Ак-Сай айылынан 105 адам эвакуацияланган. Алар БатМУнун Көп тармактуу колледжинин спорт залына жайгаштырылып, жууркан-төшөк, ысык тамак менен камсыздалды. Андан сырткары, эвакуацияланган жаш балдарга оюнчуктар жана спорттук шаймандар таратылып берилди.

Мындан сырткары, БатМУнун ректору Айдарбек Гыязовдун жетекчилиги астында атайын штаб түзүлгөн. БатМУ Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын даарыгерлерин, медицина кызматкерлерин жана чек арадагы кагылышуудан жараат алган жарандарды эки маал ысык тамак менен камсыз кылууда.

Ошондой эле 14-сентябрь күнү кечинде Ош жана Жалал-Абад облустарынан келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери үчүн ысык тамак уюштурулду.

Учурда Баткен жана Лейлек райондорунан эвакуацияланган элди кабыл алуу уланууда.

Саат 12:30га алынган маалымат боюнча БатМУнун башкы корпусуна дагы 200 адам жайгаштырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер