АТ-БАШЫДАГЫ ИСКУССТВО МЕКТЕБИ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ”

  • 15.11.2018
  • 0

Ат-Башы районунун Ж.Шералиев атындагы балдар искусство мектеби «Жылдын мыкты мектеби» номинациясында жеңүүчү деп табылып, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин атайын сыйлыгына татыктуу болду.

АТ-БАШЫДАГЫ ИСКУССТВО МЕКТЕБИ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ”

Аталган мектеп бул сыйлыкка республикалык аттестациянын жыйынтыгынын негизинде маданиятты жана искусствону өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн арзыды. Аттестацияга 88 мектеп катышып, анын ичинен алдыңкы тогуз мектеп сыйлыкка татыктуу болушкан.

АТ-БАШЫДАГЫ ИСКУССТВО МЕКТЕБИ “ЖЫЛДЫН МЫКТЫСЫ”

  • Ат-Башы районунун балдар искусство мектеби 1965-жылы уюшулган. Ж.Шералиевдин 100 жылдык мааракесин утурлай эки кабаттуу жаңы имараттуу болдук. Учурда мектепте 30 мугалим эмгектенип, 231 окуучу билим алат. Алар алты багытта: комуз, фортепиано, аккордеон, баян, «Манас» айтуу, бий, сүрөт боюнча сабак алышат. Биздин мектептен Үмүт Тилегенова, Өмүргазы уулу Жыргалбек, Гүлнара Сагынбаева, Алтынай Исаева сыяктуу төбөсү көрүнгөн искусство адамдары билим алып чыгышкан, — дейт мектептин жетекчиси Зарипа Төлөбаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер