БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН АРАСЫНДА 65-РЕСПУБЛИКАЛЫК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

  • 27.10.2022
  • 0

Бүгүн, 27-октябрда “Эмгек резерви” республикалык дене тарбия жана спорт борборунда Башталгыч кесиптик окуу жайларынын арасында 65-республикалык спартакиада башталды.

БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН АРАСЫНДА 65-РЕСПУБЛИКАЛЫК СПАРТАКИАДА БАШТАЛДЫ

Спартакиаданын ачылышына Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу катышты. Ал быйыл башталгыч кесиптик билим берүүгө 80 жыл толуп, бул жылдар аралыгында жумушчу кесиптерден 1 млн 200 миңден ашуун адис даярдалып чыкканын билдирди.

“Алгач баарыңыздарды башталгыч кесиптик билим берүүнүн 80 жылдыгы менен куттуктайм. Сиздер өлкө үчүн абдан керектүү болгон ашпозчудан баштап куруучуга чейинки жумушчу кесиптердин ээлерин даярдап жатасыздар. Бул кесиптерсиз биздин жашообузду элестетүү мүмкүн эмес”, — деди министрдин орун басары.

Бөлүшүү

Комментарийлер