БАЛДАРГА ЫДЫК КӨРСӨТКӨНДӨРДҮН ЖАЗАСЫ КҮЧӨТҮЛДҮ

  • 12.08.2022
  • 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына КР Кылмыш-жаза кодексине», «Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө» КР Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу КР Мыйзамына кол койду. Мыйзам КР Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 30-июнунда кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык, балдардын жыныстык кол тийбестигине жана руханий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыш жасагандыгы үчүн эркинен ажыратуу мөөнөтү жана айыптын өлчөмү көбөйтүлөт.

Мындан тышкары, жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштарды жасаган адамдар жазык жоопкерчилигине тартуунун эскирүү мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, психикалык ооруга чалдыккандыгына же психикасынын убактылуу бузулушуна байланыштуу, ошондой эле шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну колдонуу жолу менен кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулбайт жана мунапыс берилбейт.

Ч.Кийизбаева, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер