БАЛДАРДЫН БАКТЫСЫН БАЙЛАГАН НААДАН “ТАРБИЯ”

  • 13.05.2020
  • 0

БАЛДАРДЫН БАКТЫСЫН БАЙЛАГАН НААДАН “ТАРБИЯ” 

Бир кызык окуяны эстедим.

Анда студенттик күндөр, жайкысын бир кафеде иштечүмүн. Атагы алыс чыккан, дүркүрөп иштеп турган кафе эле, дүкөнү да бар болчу (кийин кысым, чагымдын айынан сатып жиберишти).

Башында официант эле болуп жүрдүм, кийин администраторлукка жеттим. Ошол кафенин ээсинин улуту дунган эле. Жайкы каникул башталар менен анын баласы да келип, официант болуп башкалар менен жарышып иштечү. Жөнөкөй, башкалар кандай эрте келип шыпырып-тазаласа, ал да ошондой эрте келип, жумуштун баарын эл катары аткарчу.

Бир күнү ошол баласы жумуш бүткөндө кардарлардан алган акчаны кассага тапшырып жатканда, туптуура 2000 сом жетпей калды. Чыйпылыктап беш ирет кайра-кайра эсептеп чыксак деле баягы сумма чыкпайт. Сыртка чыгып, күтүп турган атасына айтса: «Жакшылап эсептеп таап чык да, өзүң жет үйгө», — деп кетип калды.

Сумма чыккан жок. Тиги шордуу кассага акча карыз болуп калды. Анысы аз келгенсип таксиге акчасы жок, башкалардан карыз алып шылкыйган бойдон кетти. Түшкү тамагына, жол киресине карыздап жүрдү. Карыздан үч-төрт күн иштеп кутулду.

Оозум ачылып, тиги кишини жаман көрүп калдым ичимден. Анткени мурун элес алчу эмесмин, баласы карыздап калганда байкадым: атасы түшкү тамагын бир столго отуруп алып ичет, а баласы жанына жолобойт. Көрсө, тээ башынан эле ошондой экен, байкабай жүргөн экенмин. Баласы чогуу иштегендер менен өзүнчө түштөнөт экен. Карыздап калганда да баласын жөлөп-таяп жолуна да, тамагына да бир сом берген жок. Ал тургай иши да болгон жок. Чыкпай калган сумманы деле көрдү, күнүнө баласы төлөп берип жатканын да көрдү, унчукпай эле алып жүрдү.

Анда мен өзүм деле 20 жашта элем, атасы баласын тарбиялап жатканын, жашоого бышырып үйрөтүп жатканын кайдан билдим. Мага бир ач көз адам эле көрүндү да. Азыр ойлоп отурам: биздин кыргыздардын ушул сыяктуу катуу тарбия бергени барбы? Деги эле жүрөгүбүз чыдайт беле балабыздын 10 күн бекер иштегенине?

Ал баласы жылына ошентип иштеп, өзүнө керектүү нерселерди өзү сатып алчу, ошол жылы жаңы телефон алам деп иштеп жүргөн. Өткөн жылы аны жолуктурдум. Жеке бизнеси, үй-жайы, үй-бүлөсү бар экен. Анан баягы окуя дароо эсиме келип, атасына аябай ыраазы боло суктандым. Мына тарбия кайда жатат!

Биздикилердин көбү, тескерисинче, эркелетип, чалчаңдатып, бар тамагын оозуна кармап, өнтөлөп жатып өз колдору менен балдарын же нашакор кылат, же бекерчи, ичкич кылат тура. Анан эле «өзүм жебей сага берип чоңойтсом, сенин кылганың бул» деп догурунуп калабыз. Өспүрүм бала билип коюптурбу, өзүбүз жебей ага жедирип жатканыбызды?!

Биздин мээрибизди төгүп, аяп, бар оокатыбызды алар үчүн чачып тытынып иштеп жүргөнүбүздү өспүрүм бала билбейт, тескерисинче ал аракеттерибизди милдеттүү көрүп чоңоёт. Келе десе бере берген биз, жалкоолукка бала кезинен көндүргөн биз, анан, албетте, ошол тарбия бизге кайра муш болот да.

Башынан колун байлап, жолун бууп салып, анан азабын карыганда кайра өзүбүз тартат экенбиз. Көпчүлүк ата-энелердин тарбиядан түшүнүгү “нөл” экенин байкап келем. 1-5-класс балдарынын көтөргөнү айфон, бир күндүк чыгымына 200 сомдон кем эмес акча. Кээ бирлеринин жетелеген нянясы же чоңураактарынын жан сакчысы, айдоочусу бар. Айтор, баланын адам болбой калуусу үчүн баардык шарттар түзүлгөн.

Балдары чүчкүрсө да, эки алса да, эки бет үй тапшырмасын аткаргысы келбесе да биз, мугалимдер, күнөөлүүбүз. Болгондо да балдарын каратып коюп биздин мугалимдерди урушушат айрым ата-энелер. Ансыз да акылы кемип, жалкоолук, жоопкерсиздик канына сиӊип бараткан баласы андан бетер тайраңдайт эртеси. Кээде ошол ата-энелерди чогултуп алып билген акылымды айтып урушкум келет, бирок кайдан, балээни түшүнөбү. . . Жеке ишкана болгондон кийин көз жумууга туура келет, ар биринин окуган мектеби бар, ошолор тарбиялап алсын деп тим болом. . .

 

Бактыгүл ИМАНБЕК КЫЗЫ

 

ДЭЭРИНЕНБИ ЖЕ УЯДАН КӨРГӨНҮНӨНБҮ?

 

Бактыгүл Иманбек кызынын бул ой толгоосуна фейсбукта үн кошкондор да, кайчы пикир айткандар да чыкты. Төмөндө эӊ орчундууларын келтирдик.

Алаида Тайлакова:

— Абдан жакшы жазыпсың. . . Бул чоң көйгөй. Кыргыз баласын ашкере бөпөлөй бергенден, келечеги күңүрт. Бүгүн эле ушул темада жолдошум, өспүрүм балам менен сүйлөштүк эле, азыркы муун кокус согуш чыкса, Мекенди коргоого даярбы же душмандарга ыйлап багынып береби деген суроолордун тегерегинде. Мажирөө, эрке, даярга өскөн балада жоопкерчилик жок болгондуктан, азыр ажырашуу да көп. . . Башка улуттар балдарын катуу тарбиялайт. Биз уктап алсын дей беребиз, өтө баласаакпыз, балээси кийин башыбызга келерин ойлобойбуз. . .

Бактыгүл Иманбек кызы:

— Ооба, эже, өнтөлөп, бөпөлөп тургуң келет, албетте. Бирок тарбия катуу болуш керек экен. Оозуна салып берип баккан баланын кийин эч нерсеге жарабай ата-энесинин азабы болуп калганын практикамда көп көрдүм.

А. Т.:

— Балдарга тарбияны материалдык жактан кана камсыздоо деп түшүнүп алды көпчүлүк ата-энелер. Уулду да, кызды да турмушка даярдоону унуттук. Азыртан ойлонбосо, кеч болот.

Б. И.:

— Ата-энелерге атайын сабак өтүлүшү керек. Баланы кантип тарбиялоо керек деген психологдун кеңеши кошулган жыйындар өтүлүүсү керек ар бир мектепте, чет өлкөлөрдө ошондой. Мугалимдер ата-энелерди ай сайын чогултуп, балдар менен кантип сүйлөшүү, аларга туура тарбия берүү керектигин айтып, ар биринин баласына мүнөздөмө берип турат.

Сейдалы Мырзакматов:

— Абдан жакшы макала экен. Баары туура. Бирок табият закондорун да унутпасак. Тээ өткөн кылымдын 60-жылдарында батыш менен социализм системасынын атактуу окумуштууларынын арасында “Адамдын биологиялык касиети маанилүүбү же коомдон алган таасириби?” деген маселе боюнча эң чоң илимий талаш чыгып, көп жылдарга созулган. Аягында, бардык учурлардай эле, бул илимий талаш компромисс: “адам – бул биосоциалдык жан” деген жыйынтык менен бүткөн. Биологиялык же табияттан берилген нерселер биринчи орунда экен. А тарбия, таалим буларды өркүндөтөт, жакшы жагына оодурат. Бул жагдай спортто, илимде, адабиятта, искусстводо, бизнесте ачык билинет. Таланты, табияттан берилген зээн, күч-кубат биринчи мааниге ээ, а калганы эмгек. Бирок, сиз айткан нерсеге биз баарыбыз кошулушубуз керек, тарбия менен көп нерсени оңдосо болот.

Кошумчалап кетерим, сиз айткан мисалда, ошол дунган бала, атасы ошондой тарбиялабаса да, көбүрөөк ыктымалдуулук менен, баары бир бизнесмен болуп чыкмак. Генинде бар. Тескерисинче, кээ бирөөлөр балдарын бакчадан баштап эң бир кымбат жерлерге окутушат. Аягында орто катардагы эле билими бар бирөө чыгып калат. А кээ бирөөлөр эң жөнөкөй мектепти бүтүшүп эле, дүйнөдөгү атактуу университеттерге окууга өтүп кетишет. Таң калып кереги жок – дээрине жараша болот.

Б. И.:

— Балким. Бирок, бизде ашыкча эркелетип, балдарына ашыкча болушуу күчөп кетти. Атаандаштырып кийинтүү, обу жок гаджеттерди алып берүү, дайыны жок шаан-шөкөт өткөрүп берүү жагы андан өтөт. Гени дейин десең, көпчүлүк кыйындардын, байлардын балдары неге нашакор? Кандай гана болгон күндө да, баланы, жөнөкөйлүккө, маданияттулукка тарбиялоо керек, жан дүйнөсүн азыктандыруу, китеп окутуу, иштетип үйрөтүү, акча кайдан келерин түшүндүрүп, сарамжалдуу жашаганга көндүрүү — деги койчу, ар тараптуу тарбия сөзсүз керек. Аман болсок көрөсүз 2005-2010-жылкы өспүрүмдөрдүн өлкөнү башкаруу заманы келгенде биздин өлкө, элибиз эмне болорун ойлогондо төбө чачыӊ тик турат. Так ушул муун тарбия көрбөй калды, кай биринин ата-энеси эсирген, тойдон башка менен иши жок. Көбүнүн ата-энеси чет өлкөдө мигрант, балдары ар кимдин колунда. Ушул муунда ээн баштар өтө көп.

С. М.:

— А мен эч кандай туура эмес дегеним жок. Тарбия керек, бирок ал ар дайым эле биринчи орунда эмес. Ген бул бир эле муундан турбайт. Ген эч убакта өзгөрбөйт. Миллион жыл өтсө да. Ошон үчүн аккан арыктан суу агат деп коёт кыргыздар. Генинде жок болсо, тарбия менен жеңиш керек ал кемчиликти. Башка айла жок. Ошол жакшы гендер жетиштүү болбогон үчүн адамзат ар түрдүү коомдук институттарды ойлоп тапкан: мамлекет, окуу жайлар, укук коргоо органдары, армия, сот, мораль, ж. б. миңдеген аты аталбаган институттарды. Айтарым, мен сиз айткандардын баарына макулмун, жана колдойм.

Нурзада Кубанычбекова:

— Эже, мыкты жазыпсыз, менин даана оюмдагыны төгүптүрсүз! Ооба, албетте кыргыз эли улуу эл экени талашсыз, бирок сиз айткандай тарбиядагы мына мындай кемчиликтердин зыяндан башка пайдасы жок. Сиз айткандай, балага туура эмес тарбия беришет, анан көпчүлүк элде баланы бактым, ал мени багышы керек деген түшүнүк калыптанып калган. Муну кааласа да каалабаса да милдеттүү түрдө кылышы керек, мен сени бактым сен мени бак дегендей эле түшүнүк, анан калса муну улам баса белгилеп айта беришет. Бул биринчиден баланын психологиясына терс гана таасир берет. Ооба, албетте, багыш керек, бирок бала өз арбайын согуп, ийгиликке жетүүсү ата-эне үчүн кандай ийгилик!

Б. И. :

— «Сен жашсың, кичинекейсиң, колуңдан келбейт, сенден аяган акча жерге кирсин, алдыңа кетейин, өлүп берейин, тигинин баласынан менин балам кемби» деп жатып көпчүлүгүндө жоопкерчилик нөл. Ошондуктан ажырашып басып кеткендер, ичип кеткендер, оңой оокат издегендер, жалкоолор, шыпка түкүрүп жаткандар көбөйдү. . .

Жолдош Турдубаев:

— Албетте, баланын тегине байланышкан шык-жөндөмдөрү болот. Бирок тарбиясыз, ырааттуу, системалуу билимсиз ийгиликке жетиш мүмкүн эмес. Эгер тарбиялабаса, хандын тукуму кул болот, байдын тукуму кедей болот. Ошондуктан чыныгы байлар балдарын бармактайынан эмгекчил кылып тарбиялайт, бир сындырым нандын, бир тыйындын баркын билдирип, сездирип өстүрөт.

Жыргалбек Касаболот:

— Жакшы тек (ген) деген эмне? Ал деле көктөн түшпөйт. Ал тарбияланып отуруп бышырылат. Калыптанат. Бул жашоо ушундай, кыймылдуу жашоо, эч нерсе ордунда турбайт. Дүйнө кыймылдуу экенин кыргыздар абдан жакшы билген. Укумдан тукумга жакшы тарбия бере берсе ал канга сиңет. Тескерисинче, укумдан тукумга тескери тарбия бере берсе ал деле канга сиңет. Дарвин деле жазган муну, табигый тандоо тууралуу.

Кыргыздар жети атасына караганы ошол. Эмне үчүн жети ата? Анткени болжол менен ошол муундар жашап өткүчө гендеги баалуулук калыптанат. Ошентип болжол менен анын гендеринин жол картасын билет. Кимдин гени бар, кимден кандай тарбия алган болушу мүмкүн деп. Бирок анын да абсолюттук чындык эмес экенин билген. «Жамандан жаян аркырап туулаар, жакшыдан бөйөн бырпырап туулаар» деген кеп да бекеринен чыккан эмес.

Жакшы тарбия начар генди оңдойт, кадимкидей жакшылардын арасына кошот. Жаман тарбия тескерисинче жакшы генди бузат. Ошондуктан улуттун сапатын ойлой келгенде катары муундан-муунга үзгүлтүксүз уланган жакшы тарбия стратегиялык мааниге ээ.

Б. И.

— Сизден кошумчаланган сонун кеңеш, агай. “Энеси болушчаактын кызы ыйлаак, атасы болушчаактын баласы урушчаак” дечү беле кыргызда? Бизде так ошондой жалакай өспүрүмдөр көбөйдү. Өз алдынчалыкка, ар бир кадамына өзү жооп берүүгө бармактайынан үйрөтүшсө кана, аттиң.

Айгүл Мамбеталиева:

— Азыр баланын келечегин ойлобой, тигинин баласындай кылышым керек, мунун баласындай кылышым керек деп отуруп, өз баласынын келечегине балта чаап жатышат. Азыркы эле эркек балдарды алсак, баары чечкинсиз, жашоого даяр эмес, жаштары өтүп баратса да турмуш куруудан, жоопкерчиликтен коркушат. Мен, мисалы, чет жердемин, үйлөнүүдөн качып, өзүнөн жашы улуу аялдын үстүнө кирип алганды туура деп, ошону өздөштүрүп алышкан. Ажырашкандар көп деп жатабыз, анткени жашоого даяр эмес.

Б. И.:

— Эң сонун кошумча, эже. Ошондой жоопкерчилик деген жок заманда жашап жатабыз. Биз үчүн бирөө даярдап бериш керектей, биздин жеке көйгөйүбүзгө бирөөлөр күнөөлүдөй, док кылып жашап жатабыз, жалаң ошол өнтөлөгөн баарын даяр оозубузга салып берген тарбиянын кесепетинен.

А. Мамбеталиева:

— Ооба, акыркы күндөрү тез эле ажырашып, баласын таштап кеткендери көргөндө, мага. Мектептен же бир атайын курс ачып, жаштарды милдеттүү түрдө, армияга барган сыяктуу кылып окутуп, жашоого колдоруна документ берип чыгарыш керек деген бир ой келет.

Б.И.

— Сонун болмок.

Тынычбек Анарбаев:

— Университеттин экономикалык факультетинин студентибиз. Жогорку математикадан лекция окуган агай өзүнүн агайы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, Илимдер академиясынын физика-математика институтунун директору Иманалиев жөнүндө айтып жатып анын алган айлыгы өлчөмү боюнча Кыргызстанда бешинчи киши экенин белгилеп кетти. Кийин ал киши Университетке ректор болуп келди. Студенттик отрядда иштеп жатсак бир күн Волга менен бир киши келгенинен ректор келди деп калышты. Топтолуп калдык. Көрсө мектепте окуган уулун бизге кошуп койгон экен. Бутундагысын карап, эмне жыртып алгансың, билесиңби бул туфлини дагы канча кийишиң керек, дегени эсимде калыптыр. Мурдараак олтуруп алып, бут кийимин жамап жатканын көрдүк эле. Ректордун уулу экенин деле мурда эч ким билчү эмес. Машинасына толтура шириндик жүктөп келген экен, түшүрүп алгыла дегенинен түшүрүп алдык. Дагы бир кызык жери, апасына ишенбей, өз жумушун өзү жасап турмушка бышсын деп студенттердин жатаканасына жайгаштырып койгон экен.

Кызык, ал бала азыр каякта болду экен? Иманалиев деген фамилияны окусам эле ошолбу деп калмайым бар.

Даярдаган Жолдош Турдубаев.

Фотонун интернеттеги дареги: https://montessoryklass.wixsite.com/agoy/single-post/2017/02/20/%D0%9E%D1%82%D0%BA%D1%83%D0%B4%D0%B0-%D0%B1%D0%B5%D1%80%D1%83%D1%82%D1%81%D1%8F-%D0%B8%D0%B7%D0%B1%D0%B0%D0%BB%D0%BE%D0%B2%D0%B0%D0%BD%D0%BD%D1%8B%D0%B5-%D0%B4%D0%B5%D1%82%D0%B8

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер