БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН БОРБОР

  • 04.03.2020
  • 0

Ак-Талаа райондук  Балдардын билим берүү борборунда 2019-2020-окуу жылында                 425 окуучуга 16 мугалим билим тарбия берүүдө. Быйылкы окуу жылында компьютер, математика, орус тили, англис тили, түрк тили, шахмат, бий, жаш канат, комуз, көркөм сүрөт, чебер колдор, чий чырмоо, сайма саюу, курак куроо ийримдери иштеп жатат.

БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН БОРБОР БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН БОРБОР

Борбордун директору А.Баязованын берген маалыматына таянсак,   бул ийримдердин максаты — балдардын жана өспүрүмдөрдүн мектептен тышкаркы билим алуусун калыптандыруу, балдардын маданияттуу болушун жана аларга заманбап коомдогу маданияттын ар түрдүүлүгүн, айырмачылыгын түшүнүүгө үйрөтүү. Чыгармачыл активдүүлүккө, аң-сезимдүүлүккө жана жоопкерчиликке тарбиялоо, окуучуларга тереңдетилген билим жана эстетикалык, нравалык тарбия берүү болуп саналат.

БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН БОРБОР

— Быйылкы окуу жылында бүтүрүүчү класстар үчүн ЖРТга даярдоо максатында “Жаш канат” ийримин ачтык. Бул ийримге жалпысынан мектептерден 48 окуучу акысыз билим алууда. Ийримдин жетекчиси болуп Абдыбачаев Адилет эмгектенүүдө. Тил үйрөтүү масатында түрк тили ийрими ачылды. Борбордо тарбияланып жаткан окуучулар райондук, облустук кароо-конкурстарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келатышат. “Кыял” бийчилер тобунун кыздары райондо өткөрүлгөн бардык иш-чарага активдүү катышып келишет. Кол өнөрчүлүк ийриминин окуучусу Жеңишбекова Ырыскүл Бишкек шаарында республикалык масштабда Кыргызпатент тарабынан өткөрүлгөн “Интеллектуалдык инновациялык ресурстар” көргөзмөгө барып катышып, жыйынтыгында активдүү катышкандыгы  үчүн  грамота менен сыйланды жана кол өнөрчүлүк ийриминин окуучуларынын эмгектери да көргөзмөгө коюлду, — дейт борбордун жетекчиси.

БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН БОРБОР

“Манас, маданият жана туризм” фестивалынын 5-айлампасына жана III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүлүүчү “Көчмөндөр жаңырыгы” республикалык сынагына борбордун тарбиялануучулары катышып, алсак, көркөм сүрөт, графика конкурсуна активдүү катышкандыгы үчүн сүрөт ийриминин жетекчиси Мамбетов Акылбек диплом менен сыйланды. Улуттук бийлерди аткаруу конкурсунда “Кыял” бийчилер тобу I орунга ээ болуп, 1000 сом акчалай сыйлык жана Ысык-Көлдө өтүлүүчү III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жолдомо менен сыйланышкан. Элдик кол өнөрчүлөр конкурсунда “Ак-Талаа жаштары” жана “Ак-Талаа биримдиги” коомдук бирикмеси тарабынан Алма-Ата шаарына бир кишилик жолдомого ээ болушкан.

БАЛДАРДЫ ШЫКТАНДЫРГАН БОРБОР

— Улуу Ата Мекендик согуштун Жеӊишинин 74 жылдыгына арналган “Эрдиктердин изи менен” деген темадагы республикалык сырттан өтүүчү изилдөө иштеринин өткөрүлгөн сынагына сүрөт ийриминин тарбиялануучусу Таалайбеков Эрландын тарткан сүрөтү I орунга ээ болуп, I даражадагы диплом жана баалуу белек менен сыйланган. Облустук, райондук масштабдагы конкурстарда Эрландын тарткан сүрөттөрү алдыңкы орундарды ээлеп келатат. Биздин борбордун эмгек жамааты райондук иш-чараларга да өз салымдарын кошуп келет, атап айтканда майып адамдарга, карыларга өз жардамдарын жыл сайын берип келишүүдө. Биздин быйылкы окуу жылында алдыга койгон максаттарыбыз — райондук, облустук, республикалык «Биз XXI  кылымдын интеллектуалдары», «Жаш таланттар» кароо-сынактарына, сүрөт конкурсуна, «Куурчактар жарманкеси» кароо-сынагына жана окуучуларды “Ысык-Көл досторун чакырат” эл аралык фестивалына катыштыруу, — дейт А.Баязова.

Борбордун материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн Европа биримдигинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун биргелешкен “Социалдык акыйкаттуулукка жетүүгө ак ниет башкарууну илгерилетүү” долбоорунун алкагында каржыланып, борбордун кызматын жакшыртуу максатында 330000 сомго компьютер кабинети ачылган жана Баетов айыл өкмөтүнүн бюджетинен интернет менен камсыз болгон. Түрткү берүүчү грант менен 1936900 сомго толук эмес капиталдык ремонт жүргүзүлгөн. Ата-энелердин демөөрчүлүгү менен бий ийриминин окуучуларына формалар, тигилген жана мугалимдердин демөөрчүлүгү менен жалюзилер, мугалимдин столу, шкафтар алынган.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер