БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИН ДАЯРДОО — БИЛИМ БЕРҮҮНYН ФУНДАМЕНТИ

  • 04.07.2018
  • 0

Өлкөбүздүн алыскы аймактарындагы балдарды мектепке чейинки даярдыктан өткөрүү максатын көздөгөн “Кыргыз Республикасындагы мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун алкагында төрт жыл ичинде 4,5 миң балдарды мектепке даярдоо класстары ачылган. Дүйнөлүк Банк каржылаган бул долбоордун жыйынтыктоо жыйынында республикадагы айыл өкмөт башчыларынан баштап, бала бакча жетекчилери, мектеп директорлору ж.б. билим берүү тармагынын өкүлдөрү чакырылды.

Жыйында сүйлөгөн сөзүндө КР Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова долбоор аткарган бир нече орунттуу учурларына токтолду.

— Дүйнөлүк Банктын каржылоосунда 2014-жылдан бери балдарга мектепке чейинки билим берүү багытында иш алып барган долбоордун ишин жыйынтыктоочу бүгүнкү иш-чарага Кыргызстандын ар бир аймагынан келишкен ар бир тармактын өкүлдөрү – долбоордун өнөктөштөрү —  биринчи кезекте, балдардын келечегине кайдигер карабаган адамдар деп билебиз. Бул жерде долбоор токтогондон кийин андан ары эмне кылабыз, баштаган иш улантылабы, башкача айтканда, туруктуулук болобу?” деген эң маанилүү суроолор жаралбай койбойт. Анткени, билим берүү системасына жакшы жөрөлгөлөрдү алып келген бул тажрыйба өзүбүздүн тажрыйбага айланып, андан ары ийгиликтүү улантылышы керек. Бүткүл дүйнөлүк Банк каржылаган бул иштердин баары биздин жакшы тажрыйба, жетишкендиктерибиз болуп калмакчы.

Эгерде ар бир үй-бүлө баланын мектепке чейинки өнүгүүсүнө салым кошсо, шарт түзсө, ал үй-бүлөнүн эле эмес, ал бир эле балага эмес, бүтүндөй өлкөнүн келечегине да салым кошкондук болуп эсептелет. Ушуну эсибизден чыгарбайлы.

Бул долбоор айрыкча алыскы аймактарда жашаган балдардын абалына өзгөчө көңүл бурган. 2014-2018-жылдар аралыгында биз баарыбыз ушул долбоордун ийгиликтүү ишине күбө болдук, биринчиден, республика боюнча балдарды мектепке  даярдоо кулачы кеңейди. Экинчиден, окуу шарттары жакшырды, үчүнчүдөн, педагогдор, тарбиячылар квалификациясын жогорулатышты. Андан тышкары, инклюзивдүү билим берүү боюнча пилоттук демилгелер алдыга илгерилеп, коомчулук, ата-энелердин билим берүү процессине тартуу багытында иштер аткарылды.

Билим берүү жана илим министрлиги балдарды эрте окууга тартуу – өлкөнүн билим берүү саясатынын эң маанилүү приоритетинин бири деп эсептейт. Бул процесс үзгүлтүксүз жүрүшү керек,-деп белгиледи Н.Жусупбекова.

БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИН ДАЯРДОО - БИЛИМ БЕРҮҮНYН ФУНДАМЕНТИ

Александра Исаева, долбоордун координатору: — “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү” долбоорунун жыйынтыктарын талкуулаган тегерек столго биз атайын бардык тармактардын өкүлдөрүн чакырганбыз. Алар баардыгы бир ооздон бөбөктөрүбүздүн эртеңкиси — биздин аларга бүгүн көргөн камкордугубуздан, жасаган мамилебизден толугу менен көз каранды экендигин белгилешти. Чындыгында эле долбоордун алкагында көп иштерди аткардык. Ага жер-жерлерде баары күбө болуп жатышат. Эң негизгиси, биз балдарга мектепке чейинки билим берүү канчалык зарыл экендигине коомчулуктун көңүлүн бура алдык деп ойлойм. Биз бир аз өлчөмдөгү каражат менен чоң иштерди сапаттуу аткарууга болорун көрсөттүк. Эгерде 2017-жылы мектепке чейин окутууга балдардын тартылышы 22,4% болсо, биз төрт жылда эле 21% көрсөткүчтү багындырдык. Эми бул долбоордон кийин мектепте билим берүү программасын кайра карап чыгуу керек деп ойлойм. Анткени биз балдарды мектепке даярдоодо өзгөчө ыкмаларды колдондук. Тактап айтканда, “Наристе” жана “Балалык” программаларын интеграцияладык. Маселен, мугалим бир тематиканы өтүп жатканда, аны речти өнүктүрүү, грамматика, математика жана дене тарбия боюнча өнүктүрсө натыйжалуу болорун көрдүк. Андан тышкары, мугалим өзү кайсы окуучусу кандай жетишип жаткандыгына өз алдынча мониторинг жүргүзө алат.

Ош облусунун Ноокат районунан, Катта-Тал айылындагы “Чабалекей” бала бакчасынын жетекчиси Усманова Диларам: Ушул долбоорго катышканыбызга аябай сүйүндүк. Айрыкча ата-энелердин кубанычына чек жок, мен ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып ата-энелердин атынан да ыраазычылык билдирип кетким келет. Чаңкап, какшып турган жерге суу куйганда, ошол жер кандай гүлдөп ачылып, ыраазы болсо, бул долбоор да биздин чаңкообузду кандырды деп айтар элем. Долбоор биздин үч тайпаны керектүү эмеректер, көрсөтмө куралдар, оюнчуктар менен жабдып берди. Ата-энелер да четте карап турушкан жок. Алар бизге бөлмөлөр жетишсиз болуп жатканын көрүшүп, 789 миң акча топтоп беришти, ал каражатка кошумча бөлмө курдуруп алдык. Азыр баары жакшы, баары жетиштүү. Балдардын маанайы көтөрүлүп, окууга даярданууга дилгирлиги артып жатканына көрүп, мектепке чейинки даярдыктан өтүүнүн мааниси чоң экендигине ынанып жатабыз.

Аламүдүн районунун Кайырма айылындагы А.Айдаралиев атындагы Кайырма орто мектебинин директору Кызылгүл Мамбетова:

— Биздин мектепте үч айылдын балдары окушат: Молдовановка, Кайырма жана Дача айылдары. Ортодогу эң чоң көйгөй – бул бала бакчанын жоктугу эле. Биздин көйгөйүбүздү туура түшүнгөн райондук билим берүү бөлүмү, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү туш тараптан колдоо көрсөтүшүп, балдарга мектепке чейинки билим берүү долбооруна киргенбиз. Жыйынтыгын сөз менен айтып жеткире албай жатабыз: керектүү жабдыктар менен толук жабдылдык. Биздин бала бакча 50 балага ылайыктуу, балдарды эки тайпага бөлүп окутуп жатабыз. Андан тышкары, мектепке даярдоодо 60 бала бар, аларды да экиге бөлгөнбүз. 3 жаштан 6 жашка чейинки балдарды окутуунун натыйжасын көрүп, таасирдүүлүгүн байкап жатабыз. Долбоордун демилгесин жергиликтүү бийликтегилер да колдошуп, айыл өкмөтүбүз 147 миң сомго имаратыбызды оңдоп-түзөп берди. Үч сааттык тайпадагы, толук форматтуу бала бакчалардагы балдарды атайын программасы боюнча даярдыктан өткөн тарбиячылар окутушат. Ушундай башталган жакшы жөрөлгө улана берсе деген каалоо-тилегимди билдиргим келет.

Жумгал районундагы Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Элмира Мамбетова: -Жумгал районундагы 13 айыл өкмөтү болсо, бардык айылдарда бала бакчалар бар, бизде гана жок болчу. Сөзүм так болушу үчүн айта кетейин, бала бакчанын союз учурунда курулуп баштап, бирок аяктабай калган имараты болгон экен, бирок ал да кийин талкаланып жок болуптур. Балдарды мектепке чейин окутуу долбооруна киргенден кийин, албетте, бизде биринчи кезекте имарат табуу керек болду. Мен ошондо айыл өкмөттүн администрациясы отурган 480 метр квадраттык имаратыбызды сунуштадым. Менин демилгемди баары колдошту, анткени, бийлик да, эл да тарбия башаты – бала бакчадан башталарын жакшы түшүнүп калды деп ойлойм. Айрыкча балдарды мектепке чейинки даярдыктан өткөрүүнүн мааниси зор экендигине баарыбыз көзүбүз жетти.  Андан тышкары, айылдагы 20 адам жумуш орду менен камсыз болду. Ушул долбоор менен иштеп жаткан толук эмес эки жылдан бери көптөгөн жетишкендиктерди көрүп кубанып турабыз. Жогоруда аталган долбоор бардык жабдыктар менен жабдып берди. Эң биринчиси, балдарыбызды акыл-эс жана дене тарбия жагынан туура өнүктүргөн программа менен окутуп, мектепке даярдап жатышат. Бала бакчага барган бала менен бала бакчага барбаган баланын айырмасы аябай чоң болот экен. Башкасын айтпаганда да, эң эле жөнөкөй – бала өзүн таза алып жүрүү сыяктуу көп нерсеге үйрөнөт экен. Бала бакча акысына айына 440 сомдон ата-энелери төлөйт, андан тышкары, муктаждыктарына жараша, айрыкча, балдардын өсүп-өнүүсү үчүн мыкты тамактануусу керектигин эске алып, аларды эт, жашылча азыктары менен камсыз кылуудабыз. Балдар жылы бою витаминдүү азыктар менен азыктанышы үчүн бала бакчанын карамагына көмөкчү чарбага эки гектар жер бөлүп берүүнү караштырып жатабыз. Анткени ал жерге чөп айдап сатса деле, кандайдыр бир каражат түшүп турат, ал каражатты керектүү кем-карчына жумшай алышат. Эми бала бакчанын ашканасын кеңейтүү жагын караштырып жатабыз,-дейт деилгечил айым.

ЖЫЙЫНТЫКТАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:БАЛДАРДЫ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИН ДАЯРДОО - БИЛИМ БЕРҮҮНYН ФУНДАМЕНТИ

         Республика боюнча “Наристе” программасы боюнча балдарды мектепке даярдоочу 4 598 класс ачылды. Бардык класстар заманбап эмеректер, окуу-методикалык жана көрсөтмө куралдар жана ошондой эле өнүктүрүүчү оюндар ж.б. жабдылган. Программа 5,5-6 жаштагы балдарды 1-класска даярдоодо бирдей “старттык” мүмкүнчүлүктөр менен камсыздоого багытталган.

 

         Республиканын эң алыскы аймактарындагы 3-5 жаштагы балдарды бала бакчага тартуу максатында 3 сааттык 120 бала бакча ачылган. Мында да бардык тиешелүү эмеректер, өнүктүрүүчү оюндар, окуу, методикалык жана көрсөтмө материалдар жана ошондой эле жакшыртылган санитардык шарттардагы оюн аянтчалар менен камсыздалган.

 

         Мектепке чейинки психология, жаш курагына жараша окутуу методологиясы, окуу процессиндеги социализация жана ролдук оюндар жана ошондой эле классты жана убакытты башкаруу маселелери боюнча окутуудан  310 педагог өткөн.

         8110 педагог мектепке чейинки класстарда билим берүү процессин уюштуруу жана пландоо, кенже курактагы балдарды окутуудагы психологиялык-педагогикалык өзгөчөлүктөр багыты боюнча өздөрүнүн билимдерин жогорулатышкан.

 

         2015-2018-жылдары мектепке чейинки даярдоого катышпаган 5,5-6 жаштагы балдарды аталган программага камтуу 99% түзүп, 300 миңден ашык бала мектепке даярдоо класстарына барган.

 

Пилоттук негизде «Эрте  жетилүүнү өлчөө» баалоо куралы киргизилген. Салыштыруу анализдин жыйынтыгында, балдардын тил жана таанып-билүү өнүгүүсү жагында өсүш байкалган.

         Чүй облусунун Москва районунда мектептерге жана бала бакчаларга инклюзивдүү билим берүү модели ишке киргизилген. Балдарды эрте диагностикалоо жана билим берүү багытын түзүп берүү максатында, өлкөбүздөгү 4 психологиялык-медициналык-педагогикалык консультация берүү бөлүмү угуу жана көрүүнү текшерүүчү заманбап медициналык жабдуулар, эмеректер, дидактикалык материалдар менен жабдылган.

Райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн адистери, социалдык кызматкерлер жана педагогдор инклюзивдүү билим берүүнү ишке ашыруу маселелерин окуп үйрөнүшкөн.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер