БАЛДАР ЖАНА КООПСУЗДУК КУРУ
- 27.04.2018
- 0
Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы Баткен шаарында 25-апрелден тарта окуучулар менен биргеликте «Балдар жана коопсуздук куру» акциясын өткөрүп жатышат.
Маалым болгондой, жол кырсыктарын алдын алууга багытталган иш-чара 30-апрелге чейин уланат. Анда окуучулар менен жол кыймылын тескөөчүлөр айдоочуларга жол эрежелери жазылган баракчаларды таркатып жатышат.
Рейд учурунда административдик 268 протокол түзүлдү. Анын ичинде мас абалдагы 6 айдоочу, документтери жок жүргөн 22 айдоочу бар.
Г.А., «КБ»
Бөлүшүү
Комментарийлер