БАЛДАР ЭС АЛУУ МЕНЕН БИРГЕ БИЛИМДЕРИН ӨРКҮНДӨТҮШӨТ
- 13.05.2024
- 0
“Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду уюштуруп келген Жайлоо өнүгүү борборуна быйыл Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун малчыларынын 25-30га жакын балдары барып, жайкы эс алуу менен бирге билимдерин өркүндөтүшөт.
Ак-Суу районунун Балдарга билим берүү борборунун берген маалыматына таянсак, мугалимдер жайлоого барып, жеринде мастер-класстарды, улуттук оюн-зоокторрду уюштурушат. Жайкы иш-чаралар тууралуу, ата-энелерге баланы тарбиялоо жөнүндө маалымат берилет.
— Жоопкерчиликти мугалимдер өзүбүзгө алып, өз каалообуз менен өтөбүз. Жайлоо өнүгүү борборлорун «Р.Отунбаева демилгеси» коомдук фонду канцтоварлар менен камсыздайт. Ал эми «Заря» кооперативи тамак-аш, жол кирени камсыздап келет, — дейт маалыматта.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер