БАЛДАР ҮЧҮН БААЛУУ КЕНЧ

  • 07.01.2021
  • 0

Кыргыз адабияты дагы бир баалуу китеп менен байыды. Заманыбыздын залкар жазуучусу Кеңеш Жусупов жана белгилүү саясатчы, ЖК депутаты Каныбек Иманалиев “Баба мурасы жана кенчи” сериясындагы жети бөлүктөн турган китеп түзүп, жарыкка чыгарышты.

БАЛДАР ҮЧҮН БААЛУУ КЕНЧ

Ага арналган иш-чара 7-ноябрда Супара этнографиялык комплексинде болуп өттү.

Авторлор алгы сөзүндө: “Ар элдин өткөн тарыхы жана энчилүү маданияты болот. Тарых менен маданиятты эки бөлүп кароого мүмкүн эмес, “тарых – элдин алмуздактан берки баскан жолун, өткөн жашоо тиричилигин, тагдырын жана азыркысын кабарласа, маданият ошол элдин рухий жана материалдык казынасынан кабар берет” деп баса белгилешет.

Түзүүчүлөрдүн бири Каныбек Иманалиев ар бир кыргыз баласы улутубуздун байыркы рухий маданиятын, тагыраак айтканда, кыргыздын жети озуйпасын: I. Эне тилди, жети атаны, Манасты билүү; II. Калпак, элечек, комуз, бешик, боз үй, табиятты аяр сактоо жана үйдү арчалоо;

III. Манастын күмбөзүнө жана Сулайман тоого зыярат кылуу; IV. “Манас” эпосун, Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, А.Осмонов, Т.Касымбеков, К.Жусуповдун китептерин окуу; V. Ар бир кыргыз уулу үчүн бирден жылкы күтүү;  VI. Салттуу муулманчылыкты тутуу; VII. XXI кылымдын адистигине ээ болуу (IT – технология, чет тилдери, жашыл экономика, нанотехнология ж.б.) билүүгө милдеттүү деп эсептейт.

Китепте ошондой эле кыргыздын эзелки руханий маданияты, “Караңгыда жол тапкан, капилеттен сөз тапкан” акылмандыгы, эзелтеден унутулбай муундан-муунга өтүп келаткан каада-салттары, нарк-насилдери, ырым-жырымдары, сөз өнөрү, табиятка, жан-жаныбарларга жасаган мамилеси, көөнөрбөс кол өнөрчүлүгү жана көчмөн турмушунда, арытпай, аздырбай кыргыз элин сактап келген улуттук тамак-аштары жөнүндө кеңири сөз болот. Окурмандарды тажатпай кызыктуу болушу үчүн чакан жети бөлүмгө бөлүнүшү да символикалуу.

Ушундай баа жеткис байлыкты топтоп, алдыбызга тартуулаган авторлорго ыраазычылык билдирүү менен бирге, бул китептер окурмандардын китеп текчесинде татыктуу ордун ээлейт деп ишенебиз.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер