БАЛДАЙ ШИРИН СЫЙЛЫК ДААМЫ

  • 10.03.2020
  • 0

Ибадат Жанузакова күндө мектеп босогосун аттаганда “Окуткан окуучуларым билимдүү, сабаттуу эле эмес, адамгерчиликтүү, ыймандуу, эл керегине жараган инсандардан болушса экен”-деген тымызын тилегин кайталагандан чарчабайт да, тажабайт. Мындай сезим мугалимдик кесипти тандаган ар бир адамга тааныш болсо керек. Ушундай аруу тилеги менен ак таңды тосуп, окуучуларынын ары баео, ары кызыктуу дүйнөсү менен күндү узаткан Ибадат Шакиевна, өзү сүйгөн кесибинин ысык-суугуна чыдап, артыгын ашырып, жаманын жашырып дегендей, билинип-билинбей 45 жылдан ашык эмгек өтөгөн экен. Жарым кылымга тете убакыт аралыгында жаңы түшкөн чыйырдан чыккан нечендеген балдар, кыздар чоң турмушка аттанышты. Ибадат Жанузакова ошолордун ар биринде бир үзүм болсо да өз эмгеги бар экендигине сыймыктанат.  

Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы №2 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин башталгыч класстар мугалими Ибадат Жанузакова көп эмгек, көп аракет жумшап, анан үзүрүн көрүп, түшүмүнө маарыган дыйкан сымал, ак эмгек акыбетинин даамын татып отурган учуру. Ал жакында эле “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамын алды.  Бул сыймыктуу сезим ага жарым кылымга жакын убакыт талыкпай балдарга таалим-тарбия берип, анан бир паска танаписке чыккандагы жан сергиткен таттуу, ширин учурду элестетип тургандай.  

— Мен “Эмгек сиңирген мугалим” наамын алууну кыялданбасам да, бүт дараметимди башталгыч класстардагы жеткинчектерге билим-тарбия берүүгө жумшап, чыгармачылык менен эмгектенип келдим. Мен ар дайым окуучуларым билимдүү эле эмес, ыймандуу, намыскөй балдардан болсо экен деп тилек кылаар элем. Ал канчалык ишке ашты, алдыдагы убакыт көрсөтөөр, а бирок карапайым мугалимдин катардагы эмгегин баалап, ушундай сый-урмат көрсөтүп жаткан өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго жана жалпы эле эл-журт камында жүргөн жетекчилерге ыраазычылык билдирип кетким келет,-дейт Ибадат Шакиевна, биз менен маегинде.

 

 

8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата билим берүү тармагынын алдыңкы сабында келаткан аялзатынын эмгегин белгилеп, аларга сый-урматыбызды билдирип коюу максатында, КР билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалим Ибадат Жанузакова менен баарлашкан элек. Ал бизге басып өткөн өмүр жолундагы урунттуу окуялары, билим берүүнүн сапатын арттыруу багытында жасаган эмгектери тууралуу айтып берди.

Акталган артыкчылык диплом

— Мен өзүм Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Жыгач айылында төрөлгөм. 1969-жылы ошол эле айылдагы Большевик толук эмес орто мектебин аяктаган соң, Жалал-Абад шаарындагы А.С. Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайынан билим алып, аны артыкчылык диплом менен аяктагам.

Алгачкы эмгек жолумду 1973-жылы Большевик негизги билим берүү мектебинен баштап,  1987-жылы ОшМУнун педагогика факультетин аяктаган соң, Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Токтогул, Ушинский атындагы орто мектептеринде улантып, жаш муундарды тарбиялоодо үзгүлтүксүз жана үзүрлүү эмгектендим.

1989-жылы үй-бүлөлүк шартыма байланыштуу Токтогул районуна көчүп келип, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте, кийинчерээк Үч-Терек районундагы Чодошов атындагы орто мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеп жүрдүм.

Азыркы учурда №2 Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде башталгыч класстар мугалими болуп эмгектенип келатам. Ушул мезгил аралыгында мен билим башаты — башталгыч класста экенине толук ынандым. Көрсө, балага башталгыч класста туура түшүнүү менен мамиле жасап, туура багыт берүү керек экен. Мен да болгон күч аракетимди, билимимди, чыгармачылык дараметимди, топтогон тажрыйбамды, жүрөгүмдүн жылуулугун, көзүмдүн нурун жаш муундарды тарбиялоого жумшап келатам десем аша чапкандык болбос,-дейт Ибадат Шакиевна, ийгилик сырлары менен бөлүшүп.

Сыйлыктардын эң баалуусу — улуу окутуучу наамы

Ибадат Жанузакова балдарды окутуудагы эмгеги жогору бааланып, улуу окутуучу, мугалим-методист катары ошол эле чөлкөмгө эмес, бүтүндөй республикага таанылды. Сый-урмат катары республикалык, облустук, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланды. Ибадат Шакиевна өзүнүн иш тажрыйбаларын кесиптештери менен бөлүшүп, райондук, облустук басма сөз беттерине жарыялап турат. Анын дагы бир ийгилиги — мектептеги гимназия класстарын окутуп, билим сапатынын көрсөткүчтөрүн 80%га чейин көтөрүүгө жетишкендигинде экенин кесиптештери жакшы билет.

БАЛДАЙ ШИРИН СЫЙЛЫК ДААМЫ

— Алган сыйлыктарымдын баары мен үчүн кымбат, ардактуу. Анын ичинде 1987-жылы алган КР Билим берүүнүн мыктысы төш белгиси бар. Андан тышкары, 1996-жылы “Жыл мугалими” сынагына катышып, райондо 1-орунду, ал эми облуста 3-орунду камсыз кылуу менен, облустук билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы жана баалуу белектерин алгам. 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлангам. 2017-жылы КР билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун борбордук комитетинин “Билим жана илим профсоюздук кыймылынын отличниги” төш  белгисин беришти. Ушул сыйлыктардын баары ак эмгек, маңдай тердин акыбети, үзүрү деп билем,-дейт ал.

Байлык издеп башка жакка кетпедик…

Ибадат Шакиевна жолдошу, коомдук ишмер, ардагер Сегизбай экөө эки кыз, эки уулду тарбиялап өстүрүштү. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда 12 неберенин сүйүктүү, урматтуу чоң энеси, чоң атасы. Кызы Альфиянын кесиби экономист, өзү Баатыр эне, дагы бир кызы Айнура энесинин кесибин улап педагог. Уулу Советбек бажы кызматкери, дагы бир уулу Шамшыбек жол транспорт тармагында иштейт.

— Мен өзүм көп балалуу үй-бүлөдө чоңойдум. Атам Шакы, энем Алмайым экөө билимге умтулган өз доорунун алдыңкы өкүлдөрүнөн эле. Атам көп кырдуу таланты бар адам болгон, колуна калем сап кармап жазып калчу. Экөө 10 баланы тарбиялап, эрезеге жеткиришти. Азыр алардын баары ар кайсы тармактарда үзүрлүү эмгектенип келатышат. Агам Тургунбек Аскер Деңиз флотунун ардагери, эжем Саламат медицинанын ардагери, сиңдим Уулжан – билим берүүнүн мыктысы, иним Болот – К.Токтомаматов атындагы ЭАИ университетинин доценти, экономика илимдеринин кандидаты, айтор, тарбиячы, тигүүчү, дыйкан сыяктуу баардыгы өздөрү кадырлап сүйгөн кесип ээлери. Мен дайыма сыймыктанып айткандай, байлык издеп башка жакка кетишпей, өз мекенинде эмгектенип жүрүшөт,-дейт Ибадат Шакиевна.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер