БАЛБАЛ МЕКТЕБИНИН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫ

  • 20.12.2018
  • 0

Талас облусунун Талас районундагы Балбал орто мектебинин эки окуучусу эки башка сынакта алдыңкы орунду багындырышты.

БАЛБАЛ МЕКТЕБИНИН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫ

Бүткүл дүйнөлүк почта уюмунун демилгеси менен уюштурулган жаштар арасындагы эл аралык эпистолярдык жанрдагы дилбаян сынагында 9-класстын окуучусу Токтогулова Асылай 2-орунду ээледи. Асылай бул сынакка экинчи жолу катышты. Былтыр дагы 2-орунду ээлеген. Эки жыл катары менен сынакка активдүү катышкандыгы жана эки жолу тең алдыңкы орунду ээлегендиги үчүн окуган мектебине жана жетекчиси Раимбекова Кундузга Кыргыз почтасы мамлекеттик ишканасынын генералдык директору М.Черикчиевдин ыраазчылык каты келген.

БАЛБАЛ МЕКТЕБИНИН МЫКТЫ ОКУУЧУЛАРЫ

Адам укугунун декларациясынын 70 жылдыгына карата уюштурулган дил баян сынагында 8-класстын окуучусу Борукеева Нургиза дагы 2-орунду ээлегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын  диплому менен сыйланды. Нургизанын жетекчиси мектептин тарбия иштери боюнча уюштуруучусу Ниязалиева Айнура.

Бөлүшүү

Комментарийлер