“САНАРИПТИК ПЕДАГОГИКА” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 06.11.2020
  • 0

6-ноябрда “Балажан” РЭТОУБда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиевдин катышуусунда мектептен тышкаркы кошумча билим берүү уюмдары (МТКБУ) үчүн видео-сабактардын “Санариптик педагогика” республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Сынакты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштурган.

Сынактын башкы максаты — заманбап педагогикалык тажрыйбаны жайылтуу жана таанытуу, мугалимдердин маалыматтык-коммуникациялык жана технологиялык компетенттүүлүгүн жогорулатуу, бирдиктүү маалыматтык-усулдук билим берүү мейкиндигин түзүү.

Сынак МТКБУ педагогикалык кызматкерлеринин алдынкы педагогикалык тажрыйбасын көрсөтүүнүн жана жайылтуунун формаларын, билим берүүнүн мазмунун жаңылоо шартында заманбап технологияларды жана усулдарды пайдалануу боюнча натыйжалуу практикалардын бири болуп калды.

Сынакка жалпысынан 500гө жакын сабак келип түшкөн. Аларды республиканын МТКБнын алдынкы адистеринен жана усулчуларынан түзүлгөн эксперттик кеңеш карап чыкты.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 15 жеңүүчү аныкталды:
Жунушева Б.Ж. Бишкек ш., Свердлов райондук БЧБ,
Самакова Л.С., Бишкек ш. «Балажан» РЭТОУБ;
Абдураимова Ш., Баткен обл., Кызыл-Кыя ш., БЧБ;
Филиппова А.А., Бишкек ш., «Кыргызстан балдары» ОЧБ;
Коронова Т.И., Бишкек ш., «Олe Лукойе» БӨБ;
Жаныбекова З. А., Жалал-Абад ш., ОБЧҮ;
Акматова А.Б., Ысык-Көл обл., Балыкчы ш. БББ;
Добросельская  К.Е., Чүй обл. Токмок ш. БӨЧБ;
Курманалиева А.Н., Бишкек ш. Балажан» РЭТОУБ;
Гончарова Е.Е., Талас ш. «Баластан» БББ;
Серякова Л., Бишкек ш. «Сейтек» БӨУБ;
Орозбаева Д.Н., Баткен обл., Лейлек райондук БББ;
Бечелова И., Жалал-Абад обл., Кара-Көл ш. БББ;
Абдулаева А.К., Ош ш. «Келечек» БЧБ;
Омурзакова Г., Ош обл., Кара-Кулжа райондук Кардалаева атындагы БӨЧБ.

КР БИМдин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер