БАЛА БАКЧАЛАР САНЭПИДБОРБОРЛОРДУН ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИКТИН УРУКСАТЫ МЕНЕН ИШТЕЙТ

  • 25.08.2020
  • 0

Республика боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдары аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген шартта аймактык Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен иш алып барышат.

Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте июнь айында буйрук чыгарган.

Ага ылайык, карантинден кийин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында бала бакчалардын ишин кайра улантуу үчүн атайын колдонмо даяралып, баардык бала бакчаларга жеткирилген жана министрликтин сайтына жайгаштырылган. Мындан сырткары бала бакчаларга атайын вебинарлар уюштурулуп,  санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо шарттары түшүндүрүлгөн.

Жергиликтүү бийлик жана аймактык санэпидборборлордун уруксатын алган бала бакчалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган  санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, ченемдердин талаптарын алгоритмин аткарууга милдеттүү.

Кыргызстанда 1600дөн ашуун  мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер