БАЛА БАКЧА: МИҢГЕ ЖАКЫН ЖАҢЫ ТАЙПА АЧЫЛЫП, 25 МИҢДЕН АШЫК КОШУМЧА ОРУН ТҮЗҮЛДҮ

  • 26.08.2025
  • 0

Акыркы бир жылда мектепке чейинки билим берүү менен камтуу тарыхта биринчи жолу рекорддук деңгээлге жетип, 28,3%дан 44,3%га өстү. Бүгүнкү күндө 257 миңден ашык бала бакчага барып жатат, ал эми дагы 100 миңден ашуун бала “Наристе” программасы боюнча даярдыктан өттү. Бул тууралуу агартуу министринин орун басары Н.Жусупбекова «Кабар» агенттигинде өткөн пресс-конференцияда билдирди.

БАЛА БАКЧА: МИҢГЕ ЖАКЫН ЖАҢЫ ТАЙПА АЧЫЛЫП, 25 МИҢДЕН АШЫК КОШУМЧА ОРУН ТҮЗҮЛДҮ

Алар менен иштөө үчүн системага 1 500гө жакын жаңы тарбиячы келди — азыр тарбиячылардын саны 12 миңге жетти.

Бала бакчалар да өзгөрүүдө:

— Жаңы Мамлекеттик билим берүү стандарты — «Мектепке чейинки билим берүү жана балага кам көрүү» кабыл алынды;

— Жаңы «1 жаштан 6 жашка чейинки балдарды өнүктүрүү» программасы ишке кирди;

— Уктоочу бөлмөлөр жаңыланып, 1 миңге жакын жаңы тайпа ачылып, 25 миңден ашык кошумча орун түзүлдү.

Ошондой эле balalyk.edu.gov.kg аттуу бирдиктүү онлайн платформа иштеп жатат — анда өлкөдөгү бардык бала бакчалар тууралуу маалымат бар жана ваучер алуу үчүн онлайн арыз калтырууга болот.

2024-жылдын ноябрынан тарта ишке кирген ваучердик система үй-бүлөлөргө ай сайын 2 000ден 4 560 сомго чейин жардам берет (үй-бүлөнүн социалдык абалына жараша).

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер