“БАКАЙ БАНК” КЫРГЫЗСТАНДЫН БӨБӨКТӨРҮНӨ БАЛА БАКЧА БЕЛЕК КЫЛАТ

  • 19.05.2023
  • 0

Сергей Ибрагимов “Кыргыз макал, лакап, учкул создөрү” китебинин 15 миң нускасын Кыргызстандын мектептерине өткөрүп берди.

“БАКАЙ БАНК” КЫРГЫЗСТАНДЫН БӨБӨКТӨРҮНӨ БАЛА БАКЧА БЕЛЕК КЫЛАТ

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев “Бакай Банк”ААКнын Директорлор кеңешинин төрагасы Сергей Ибрагимов менен жолугушту.

Каныбек Иманалиев жаш муундун руханий дүйнөсүн байытууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, билим берүү тармагындагы актуалдуу маселелердин бири катары мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын санын көбөйтүү зарылдыгын атады.

Банктын Директорлор кеңешинин төрагасы министрликтин балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну көбөйтүү демилгесин колдоого алууга жана бала бакча курууга даяр экендигин билдирди.

Биздин балдарыбыз — биздин үмүтүбүз!

Бөлүшүү

Комментарийлер