БАКАЙ-АТА РАЙОНУНУН АЛДЫҢКЫ ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛЫККА ТАТЫШТЫ

  • 02.07.2018
  • 0

Бакай-Ата районундагы Маданият үйүндө мугалимдерди жана «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттарына ээ болгон бүтүрүүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлыктарды Бакай-Ата районунун акими Чолпонкул Төрөкулов тапшырды.

БАКАЙ-АТА РАЙОНУНУН АЛДЫҢКЫ ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛЫККА ТАТЫШТЫ

Талас облусунан «Алтын тамга» аттестатын жалпы беш бүтүрүүчү алды, алардын арасынан үч окуучу Бакай-Ата районунан. Былтыркы жылга салыштырмалуу Бакай-Ата районунда билим деңгээли жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 6,5%га өстү.

Быйылкы жылы район боюнча ЖРТдан эң жогорку упайды Өзгөрүш айылындагы У.Акынбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Күрөңбаев Касым (198 упай) топтоду.

БАКАЙ-АТА РАЙОНУНУН АЛДЫҢКЫ ОКУУЧУЛАРЫ МЕНЕН МУГАЛИМДЕРИ СЫЙЛЫККА ТАТЫШТЫ

«Алтын тамга» аттестатын алган үч окуучуга мактоо баракчалары тапшырылды. «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашына катышып, 3-орунду ээлеген «Даанышман» тобунун курамындагы жети окуучуга планшеттер тапшырылды.

Бакай-Ата районунан үч мугалимге «Райондун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Райондун атынан менталдык арифметика боюнча республикалык олимпиадага катышып, алдыңкы орунду алган эки окуучуга ыраазычылык каттары берилди. Ошондой эле спорт жаатында ийгилик жараткан сегиз окуучуга да ыраазычылык каттары тапшырылды.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер