БАЕТОВДОГУ  МЕКТЕПТИ  КМТУ КОЛДОЙТ

  • 25.01.2024
  • 0

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебин И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети колдоо көрсөтүүчү мектеп катары тандап алды.

БАЕТОВДОГУ  МЕКТЕПТИ  КМТУ КОЛДОЙТ БАЕТОВДОГУ  МЕКТЕПТИ  КМТУ КОЛДОЙТ

Аталган мектептин директору Астра Токтогулованын айтымында, Исхак Раззаков атындагы КМТУ Кыргызстан боюнча сегиз орто мектепти колдоо көрсөтүүчү мектеп катары тандап алган. Алардын ичинде Нарын облусу боюнча Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектеби да бар.

БАЕТОВДОГУ  МЕКТЕПТИ  КМТУ КОЛДОЙТ

— Биздин мектеп STEM-предметтери, химия, биология, физика жана математика сабактарынан алдыңкы орундарды алган. Ошондон улам Кыргыз мамлекеттик техникалык университети колдоо көрсөтүүчү мектеп катары бизди тандап алды. Мындан ары окуу жай менен мугалимдер окуучуларды олимпиадага даярдоодо кызматташабыз деп турабыз, — деди Астра Токтогулова.

Г.А., “КБ”

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер