“БААРЫН КОЮП, МАНАСТЫ АЙТ”

  • 24.11.2023
  • 0

Чүй-Токмоктогу ар бир мектепте жана бала бакчада манас таануу боюнча айлык пландар иштелип чыгып, келечек муундарды руханий дөөлөттөр менен сугаруунун, патриоттуулукка тарбиялоонун иштери жүргүзүлүүдө.

“БААРЫН КОЮП, МАНАСТЫ АЙТ”

Таратылган маалыматка караганда, айлыктын негизинде Чүй районунун   Маданият айылынын Б.Маленов атындагы орто мектебинде жана Ленин-Жол айылындагы Ы.Борончиев атындагы орто мектебинде «Манас таануу» боюнча Жусуп Мамай вариантынын котормочусу, манас таануучу, КРнын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Сатиш кызы Орозбүбү айым Чүй районунун мамлекеттик администрациясы тарабынан чакырылып, лекция өткөрүлдү. Лекцияга Чүй районунун он мектеби катышты.

“БААРЫН КОЮП, МАНАСТЫ АЙТ”

Б.Маленов атындагы орто мектепте «Баарын коюп, Манасты айт» деген темада иш-чара лекция менен бирдикте уюштурулду.

“БААРЫН КОЮП, МАНАСТЫ АЙТ”

“БААРЫН КОЮП, МАНАСТЫ АЙТ”

«Манас” — кыргыз рухунун дөөлөтү, туу чокусу, анын турмуш жолунда колдонулуш өзгөчөлүктөрү, нарк-насили, таасири тууралуу  келген коноктор маек куруу менен, окуучулардын  “Манас” эпосу боюнча алган таалим-тарбияларына күбө болушту.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер