БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН БЕЛЕГИ

  • 27.05.2024
  • 0

Кемин районунун Кайыңды айылындагы А.Токомбаев атындагы орто мектепти мындан 10 жыл мурда аяктаган бүтүрүүчүлөр өздөрүн окуткан үч мугалимге Ташкентке эс алууга жолдомо тартуулады.

Кайыңды айылындагы А.Токомбаев атындагы орто мектепти 10 жыл мурда аяктаган 14 бүтүрүүчү өздөрүн окуткан үч мугалимге Ташкентке эс алууга жолдомо жана аз камсыз болгон сегиз үй-бүлөгө бирден торпок беришти.

Аталган айылдын жаштары мындай жакшы жөрөлгөнү былтыр баштаган. Алар ошол айылдын тургуну, жалгыз бой энеге үй куруп бергени маалым.

 

“КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер