БӨРҮ ЗАМАНДЫ КИШИЧИЛИКТҮҮ КЫЛА АЛАБЫЗБЫ?

  • 14.10.2020
  • 0

2010-жылдагы революциядан кийин качып барып, аты-жөнүн Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду Белоруссиянын кайра шайланган президенти Александр Лукашенко “чынчыл, принциптүү” деп мактады. Азан чакырып коюлган атын алмаштырууга түрткөн тагдыр башка лөктөрдүн да башына келбейби?  “Дөө-шаалардын” тирешүүсү менен коштолгон казынаны талап-тоноо өнөкөтү качан токтойт?

Ишкер жетекчинин метаморфозасы

90-жылдарда Данияр Үсөнов өзү жетектеген “Эридан” каржы-өнөр жай корпорациясынын иши кандай илгерилеп жатканын Аскар Акаевге көрсөткөндө, Кыргызстандын туӊгуч Президенти өлкөнүн экономикасы мыкты ишкерлердин деми менен өнүгөт деген болчу. Бирок ошондон көп өтпөй эле “Эридан” үстөккө-босток текшерүүлөрдөн башын көтөрө албай калган. Акыры Үсөнов өзү бир аз убакыт камалып да чыккан. Бул анын экономикалык кылмыштарына же саясий ишмердигине байланышкан беле? Же жөн эле бийликтегилер менчигин тартып алгысы келген беле?..

“Эриданга” чейин, андан кийин да Д. Үсөнов бир катар чоӊ кызматтарда туруп, Жогорку Кеӊештин вице-спикери, вице-премьер-министр ж.б. болуп көтөрүлүп келип, акыры 2009-жылы күзүндө өкмөт башчылыгына дайындалыптыр.

2010-жылы апрелде президент Курманбек Бакиев менен кошо бийликтен куулган,  Белоруссияга барып баш калкалап, аты-жөнүн славянчага үндөш өзгөртүп алган Данияр Үсөнов – Даниил Урицкий жөнүндө азыр элдин баары сөз кылууда. Бул кишинин бир катар оор кылмыштарды жасаган деп айыпталганы, сот аны өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү канчалык адилеттүү, мыйзамдуу экенин юристтер жана ошол окуяларды ичкериден билгендер айтып, жаза беришсин. Мен жеке бир адамды эле эмес, көптөгөн ишкерлерди “өзгөрткөн” – инсандык турпатын сындырган жагдайга көӊүл бургум келет.

“Өзүӊөр жебей, өйдө жакка да бербей…”

90-жылдардын аягында май-талкандуу бир мекеменин эсеп-чотунан эч ката таппаган текшерүүчүлөр баш бухгалтерге мындай доомат койгонун анын күйөөсү айтып таӊ калганы эсимде:

— “Өзүӊөр жебей, өйдө жакка да бербей жаткан экенсиӊер”, — дептир!..

Мамлекеттик ири мекемелерден таза иштегендерди кетирмей өнөкөт азыркыга чейин сакталып келет. Мисалы, мурдагы экономика министринин орун басары Элдар Абакиров коррупцияга каршы бир катар чараларды демилгелеп, сунушунан баш тартпай койгондо, кызматтан кетирилгенин айтып чыкты.

Жакында Кесиптик техникалык билим берүү агенттигин жарым жылдай жетектеген Рита Карасартова өз арызы менен кызматтан кетти. Ал далай лицейлердин деректирлери коррупция менен гана алектенип, жаштардын убалына калып жатканын, аларды ээлеген ордунан бошотууга министрдин да күчү жетпестигин, анткени ар биринин артында оозу майланган же жек-жааттык катышы бекем дөө-шаалар турарын айтты. Бул жагдай бир эле кесиптик техникалык билим берүү чөйрөсүнө эмес, бүтүндөй мамлекеттик башкаруу тутумуна (системасына) тиешелүү деди.

Муну, мисалы, керектүү буюмдун мүмкүн болушунча сапаттуусун мүмкүн болушунча арзан сатып алуу үчүн колдонулуучу тендер ыкмасынын бизде такыр тескери максатта иштетилип жатканы ырастап турат. Тендер эмей эле “биздин мамлекетти ким эӊ көп чыгашага учуратат” деген бузук аукцион болуп калды.

“Ушулардын баарына шайлоочулардын добушун сатып алуу жолу менен мандатка жеткен депутаттар түздөн-түз аралашып келет”, — дейт Рита Карасартова.

Талоончулук качан токтойт?

Данияр Үсөнов – жапайы капитализмдин туундусу: бир эле учурда “баатыры” да, “жабырлануучусу (курмандыгы)” да. Рейдерлик тартып алуу, атаандаштарын же  күч менен четтетүү адатка айланган шартта “өсүп-жетилген”. Бирок, белорустардын мактаганына караганда, ал кыйын менеджер окшойт. Эл аралык деӊгээлдеги сүйлөшүүлөрдү ыгы менен жүргүзүп, өнөктөштөрүнүн ишенимине ээ болуп, ири компанияны кирешелүү кылганы үчүн Лукашенко өзү колдоп жатпайбы.

Эгер Кыргызстанда ушундай чарбачылардын мыйзам бузбай иштешине шарт түзүлгөн болсо, экономикабыз алда канча жакшы өнүкпөйт беле?.. Мейли, аны Кыргызстандан миллиондорду уурдап кеткен деп коёлу. Колунан келсе, кыргыз бийлиги Данияр Үсөновду Бакиевдер менен кошо апкелсин, алардын сыртка чыгарып кеткен капиталын мамлекеттин менчигине кайтарсын. Белоруссиядагы аӊтар-теӊтер кырдаалда ушундай мүмкүнчүлүк түзүлүп калышы да ыктымал.

Бирок башкаларчы? Эмне үчүн Өмүрбек Бабанов капиталынын негизги бөлүгүн чет өлкөдө иштетүүдө? Эмне үчүн миӊдеген кесипкөй адистер сыртка чыгып кеткен? Эмне үчүн идиректүү жаштар Кыргызстандын келечегине ишенбей жатат?..

Мындан ары да башкарууга татыктуулар тандалбаса, өлкөбүздөгү рейдерчилик, бизнестеги атаандаштарды жана саясий оппоненттерди куугунтуктаган өнөкөт жоюлбаса, дагы нечен Асановдор Александров, Эсеновдор Эшенбах ж.б. болуп кубулуп, Кыргызстандын байлыгы четке агыла берет, акылдуу, иштин көзүн билгендер өлкөдөн кетишке аргасыз боло берет…

Тазаруу нугу – мыйзам диктатурасы

Грузияны бандиттердин, талоончу мителердин барымтасынан Михаил Саакашвили сууруп чыккандыгын анын душмандары деле тана албайт (албетте, билип туруп каралагандарга айла жок). Кызыгы, ал бийликке келгенде ири менчик ээлерин куугунтуктабай, мүлкүн улутташтырбай (чындыгында, тартып албай) эле, өлкөдөгү капитал агымын мыйзамдуу нукка салып койгон экен.  Мисалы, революциянын жыйынтыгында кулатылган Э. Шеварднадзенин үй-бүлөсүнө таандык бизнес Саакашвилинин тушунда гүлдөптүр! Көрсө, мурунку президент өзү бийлик жүргүзүп турган мезгилде Грузиядагы ишкерлердин баарын кылмыштуу топтор көзөмөлдөп, экономиканын эркин өнүгүшүнө, ири бизнестин кеӊири кулач жайышына тоскоол болуп келген экен.

Баштапкы капитал таза жол менен куралбайт деп айтып кеткен Карл Маркстын сөзү эгемендик жылдары пайда болгон байлардын көпчүлүгүнө туура келет. Ооба, менчиктештирүү негизинен талоончул мүнөздө жүргөн. Андан бери далай ууруларды каракчылар урду. Каракчылардын байлыгын башка каракчылар ээлеп алды. Канчасы өлүп кетти.

Азыр деле эч бир ишкердин өмүрү, мүлкү кол тийгис деп айтыш кыйын. Тескерисинче, карөзгөйлүк жалпы эрежеге айланган шартта адам канчалык байыган сайын, бийлик пирамидасынын чокусун карай көтөрүлгөн сайын досторунан кастары көп боло берери бышык. Бүгүн дос көрүнүп, ичи-койнуна кирген кишилери эртеӊ эӊ башкы душманы болуп чыга келсе, эч ким таӊ калбашы керек.

Кечээ уурдоо, басып алуу ж.б. жолдор менен байып, таасирдүү орундарды ээлеген замандаштар эртеӊ, бүрсүгүнү эмне болуп кетерин билбейт. Мурастап калтырам деген миллиондору балдарына, неберелерине насип кылабы? Же шектүү байлык ээсинин башын жутабы?..

Ким алдуу болсо, күчү жетсе, башкалардын мүлкүн тартып ала берсин, мамлекетти да колунан келишинче тоной берсин деген “эреже” акыры эӊ күчтүүлөрдүн да түбүнө жетери шексиз. Ошондуктан бизнести, кадр саясатын мыйзамдуу нукка салууга, шайлоону таза өткөрүүгө баарыбыз умтулушубуз керек.

Азыркы арасат абал ушул бойдон сакталышы мүмкүн эмес. Анархиядан кийин диктатура орнобой калбайт. Бирок бул жеке адамдын эмес, мыйзамдын диктатурасы болсун десек, быйылкы шайлоону колдон келишинче таза өткөрүүгө салым кошолу.

БӨРҮ ЗАМАНДЫ КИШИЧИЛИКТҮҮ КЫЛА АЛАБЫЗБЫ? БӨРҮ ЗАМАНДЫ КИШИЧИЛИКТҮҮ КЫЛА АЛАБЫЗБЫ?

 

Сүрөттө: 1. Көз ирмемдин өмүрдөгү маааниси кандай? (Лейлек районундагы №3 эксперименталдык гимназиянын окуучулары жашоодогу бийик максаттар менен күнүмдүк иш-аракеттеринин байланыштуулугун талкуулап жатат. 2017-жыл, октябрь айы). 2. Чехиядагы сүттү кайра иштетүүчү заводдордун бири https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan_chech_business_economics/28496096.html

Жолдош Турдубаев.

(“Азаттык” радиосунун сайтынан)

Бөлүшүү

Комментарийлер