БҮБҮСАРА БЕЙШЕНАЛИЕВА АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МАДАНИЯТ ЖАНА ИСКУССТВО УНИВЕРСИТЕТИ АБИТУРИЕНТТЕРДИ ЧАКЫРАТ
- 12.06.2020
- 0
Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети 2020-2021-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт.
Музыка факультети:
- Хор коллективинин менеджери, педагог;
- Оркестр коллективинин менеджери, педагог;
- Фольклордук-этнографиялык ансамблдин менеджери, педагог;
- Эстрадалык-үйлөмө аспаптар коллективинин менеджери, педагог;
- Эстрадалык ансамблдин менеджери, солист, педагог;
- Музыка мугалими.
Театр факультети:
- Драмалык театр жана кино актеру, педагог;
- Драма режиссеру, педагог;
- Куурчак театрынын актеру, педагог;
- Театр таануучу, педагог.
Кино жана телекөрсөтүү факультети:
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу режиссеру;
- Кино жана телекөрсөтүү оператору;
- Кинонун жана телекөрсөтүүнүн үн режиссеру;
- Кино режиссеру;
- Кино таануучу;
- Адабий чыгармачылык (киносценарист).
Социалдык-маданий ишмердиги факультети:
- Социалдык-маданий иштин менеджери, педагог;
- Бий коллективинин менеджери, педагог;
- Хореография педагогу.
Сырттан окутуу, квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо факультети:
Тандаган адистиги боюнча атайын орто билими же жогорку билими барлар кабыл алынат.
Университетке тапшыруучу абитуриенттерден Жалпы республикалык тестирлөөнүн сертификаты талап кылынбайт.
Абитуриенттер мамлекеттик бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат.
Сырттан келген студенттер жатакана менен камсыздалат.
Талап кылынуучу документтер:
- Орто же атайын орто билими жөнүндө аттестат же диплом (түп нускасы);
- Медициналык справка (0-86У формасы);
- 3х4 өлчөмүндөгү 8 сүрөт;
- Паспорт, аскердик китепче же каттоо күбөлүгүн көрсөтөт;
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы барлар үчүн).
Документтер 2020-жылдын 1-июлунан 18-июлуна чейин кабыл алынат, кирүү экзамендери 2020-жылдын 20-июлунан башталат.
Дареги: Бишкек ш. Жантөшев көчөсү 113
(Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн кесилишинде)
Тел: + (996) 312 57-02-39, 51-08-36, 57-92-70
www.kguki.kg e-mail: kgukiart@mail.ru
Бөлүшүү
Комментарийлер