АЗИЯ КУБОГУ: КЫРГЫЗСТАН САУД АРАБИЯГА УТУЛДУ

  • 22.01.2024
  • 0

АЗИЯ КУБОГУ: КЫРГЫЗСТАН САУД АРАБИЯГА УТУЛДУ

Катарда өтүп жаткан футбол боюнча Азия Кубогунун тайпалык баскычында Кыргызстандын улуттук курама командасы Сауд Арабия өлкөсүнүн оюнчулары менен беттешип, 0:2 эсебинде жеңилүү ызасын тартып калышты.

 Оюн 22-январга караган түнү  Катардын Эр-Райян шаарындагы “Ахмед бин Али” атындагы стадионунда өттү. Беттештин жүрүшүндө Кыргызстандын эки футболчусуна жапониялык башкы калыс эрежени одоно бузгандыгы үчүн кызыл айып кагазын берип, оюндан четтетип, Кыргыз курамасы эки оюнчуга кем ойноп, кыйын кырдаал түзүлдү.

Беттешүүнүн алгачкы эле 8-мүнөтүндө кыргызстандык коргоочу Айзар Акматов атаандашына одоно ойноп, эреже бузуп, ал үчүн япониялык калыс сары айып кагазын берген. Саудиялыктар буга чейин айып сокку ойноого камданып жатышкан, бирок андан кийин Азия Кубогундагы беттешүүлөрдү тейлеп жаткан видео VAR калысы кийлигишип, эреже бузулган эпизодду карап чыгууну суранган.

Учурду карап чыгып, япониялык калыс Акматовдун сары кагазын жокко чыгарып, түз кызыл айып кагазын көрсөтүп, оюнчуну оюндан четтетүү чечимин кабыл алды.

Бул оюндагы VAR системасын бизге акыркы Азия Кубогунан тааныш кытайлык калыс Фу Мин көзөмөлдөйт. Ал 1/8 финалда БАЭ менен болгон беттеште калыстык кылып, экинчи кошумча таймда бизге пенальти белгилеген.

Ошентип 9-мүнөттө Кыргызстандын коргоочусу Айзар Акматовго одоно эреже бузду деген негизде кызыл айып кагазы берилип, оюндан четтетилип, калган оюнчуларга кыйынчылык жаралды.

Беттешүүнүн 35-мүнөтүндө Сауд Арабиясынын жарым коргоочусу Мохаммад Кано Кыргызстандын дарбазасына топ  киргизип, эсепти ачты. 51-мүнөттө Кыргызстандын жарым коргоочусу Кимми Мерк да эрежени одоно бузгандыгы үчүн башкы калыстан кызыл айып кагазын алып, ал дагы оюндан чыгып калды.

 84-мүнөттө Сауд Арабиясынын жарым коргоочусу Фейсал Аль-Гамди  алыстан тепкен тобу Бекжан Сагынбаевдин бутуна тийип, андан соң  дарбазачы Эржан Токотаевдин мээлейинен  сыйгаланып кармалбай, дарбазага кирип,  атаандаш команданын артыкчылыгын бекемдеп, эсеп 2:0 болуп калды.

Бул оюн Кыргызстандыктар үчүн Азия Кубогу-2023 мелдешинин тайпалык оюндарындагы экинчи беттеши. Буга чейин кыргыз футболчулары 16-январда Тайланд курамасы менен оюнда да 2:0 эсебинде жеңилген.

Кубок үчүн 24 улуттук курама команда катышууда. Жалпы алты тайпага төрттөн курама бөлүнгөн. Мелдештин жүрүшүндөгү 51 беттеш Катардагы тогуз стадиондо өтүп жатат.

12-январда башталган мелдеш 10-февралга чейин уланат. Тайпалык оюндар 25-январга чейин өтөт. Ар бир тайпадан экиден команда жана үчүнчү орунга ээ болгон төрт мыкты команда плей-оффко же болбосо 1/8 финалга жолдомо алат.

Кыргызстан курамасы F тайпасында ойноп жатат. 21-январда бул тайпада Оман менен Тайланд курамасы беттешип, 0:0 эсебинде тең чыкты. Буга чейин Сауд Арабиясы Оманды 2:1 эсебинде уткан. Учурда эки оюндан кийин алты упай менен Сауд Арабиясы тайпада көч башында келатат. Тайланд курамасында төрт упай бар. Оман курамына тең чыгуу бир упай алып берди. Кыргызстанда азырынча упай жок. Эми 25-январда Оман менен беттешет. Эгерде Оманды ири эсеп менен утса, 1/8 финалга чыгууга талапкер болушу ыктымал.

Тайпалык этаптын жыйынтыгы менен эң мыкты эки команда, ошондой эле тайпада 3-орунду ээлеген 4 мыкты команда плей-оффко чыгышат. Кыргызстан ошол 4 мыкты команданын катарына кошула алабы, аны соңку беттешүү көрсөтөт. Себеби, башка тайпадагы беттешүүлөрдүн жыйынтыгында Малайзия менен Вьетнамдын курама командалары гана плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Кыргызстандын курама командасы ушуну менен экинчи ирет Азия Кубогуна катышууда. 2019-жылы «Ак шумкарлар»  атыккан кыргызстандык футболчулар 1/8 финалга чейин жеткен.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы

Бөлүшүү

Комментарийлер