АЗЕРБАЙЖАН УНИВЕРСИТЕТИ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДОКУМЕНТТЕРДИ КАБЫЛ АЛА БАШТАДЫ

  • 03.03.2020
  • 0

Азербайжан дипломатиялык академиясы университети 2020-2021-окуу жылына карата бакалавриат жана магистратуры программалары боюнча чет өлкөлүк студенттерден документтерди кабыл алууну баштады.

Чет өлкөлүк студенттер окуусунун гана төлөмүн көтөргөн Алимердан бек Топчубашев атындагы стипендиялык программага катышса да болот. Стипендияга керектүү документтерди 2020-жылдын 5-апрелине чейин тапшыруу зарыл.

Бакалавриат программасы боюнча:

— Эл аралык мамилелер;

— Бизнести башкаруу;

— Экономика;

— Социалдык мамиле;

— Укук таануу;

— Компьютердик сабаттуулук

Магистратура программасы боюнча:

— Мамлекеттик башкаруу;

— Билим берүү тармагындагы менеджмент;

— Эл аралык мамилелер;

— Бизнести башкаруу.

Кызыкдар тараптар кошумча маалыматты университеттин расмий сайтынан алса болот: https://www.ada.edu.az/.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер