АЙМАКТАРДА Эң зарыл АДИСТИКТЕРДИН ФЕСТИВАЛЫ ӨТТҮ

  • 29.06.2022
  • 0

3–11-июнда Балыкчы, Нарын, Токмок, Кара-Балта, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя жана Ош шаарларында 2022-2023-окуу жылына карата колледж менен лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу өнөктүгүн колдоо максатында фестивалдар өткөрүлдү.

Иш-чаралардын максаты эң зарыл адистиктер, кесиптер тууралуу маалыматтарды жайылтуу жана кесиптик-техникалык билим берүү системасын өнүктүрүүгө жумуш берүүчүлөрдү тартуу болуп саналат.

Аймактарда фестивалдарды Ысык-Көл индустриалдык-педагогикалык колледжи, Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи,

КУАУнун Токмок шаарындагы Агро-өнөржай колледжи, Бишкек архитектура жана курулуш менеджменти колледжи, НМУнун Агроэкономикалык колледжи, ЖАМУнун Жалал-Абад колледжи, Кызыл-Кыя тоо-кен инновациялар жана экономика колледжи жана ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык колледжинин Алдыңкы тажрыйба борбору уюштурду.

Иш-чараларда колледж жана лицейлердин адистиктеринин жарманкеси, сынактар өткөрүлүп, мода кийимдери көрсөтүлүп, колледждердин чыгармачыл жамааттарынын жана кыргыз эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланды. Иш берүүчүлөр жаштарга насаат-кеңеш айтышты.

Фестивалдар Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ишке ашырылып жаткан «Секторду өнүктүрүү программасы: инклюзивдик өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор кесиптик-техникалык билим берүүнүн жана окутуунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Программа кесиптик-техникалык билим берүүнү каржылоону күчөтүү, окутуунун сапатын жана шарттарын жакшыртуу, өндүрүш менен кызматташууну кеңейтүү жана ишкердик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча компоненттерди камтыйт.

Бөлүшүү

Комментарийлер