АЙМАКТА ОН ЖЫЛ ИШТЕГЕН МУГАЛИМГЕ БИР МИЛЛИОН СОМ

  • 02.09.2021
  • 0

Жогорку Кеңеш билим берүү тармагын колдоо максатында жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатканын эл өкүлү Абдывахап Нурбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жаңы даярдалып жаткан мыйзам долбоору боюнча окууну жаңы бүткөндөр аймактарга барып 10 жыл иштесе, мамлекет 1 млн. сомдун тегерегиндеги суммага сертификат берет, ал сертификат менен алар Кыргызстандын каалаган жеринен үй сатып ала алат.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда эл аралык же республикалык олимпиадаларда 1-2-3-орунду алган окуучулардын мугалимдерине Өкмөт тарабынан сыйлык катары үч маяна берүү каралган.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер