АТТЕСТАЦИЯЛОО ИШИНДЕГИ ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА МАСЕЛЕЛЕР

  • 23.03.2018
  • 0

АТТЕСТАЦИЯЛОО ИШИНДЕГИ ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА МАСЕЛЕЛЕР

Жакында Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын жылдык жыйыны болду. Андагы ЖАК башкы окумуштуу катчысы Нургүл Атабекова жасаган «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2017-жылдагы ишмердигинин жыйынтыктары жөнүндө» отчёттук баяндамага окурмандын көңүлүн бурабыз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы 2017-жыл ичинде илимдерди аттестациялоо бөлүмдөрүнүн жылдык пландарынын негизинде КР ЖАКынын 2017-жылга бекитилген иш планына ылайык өз ишмердигин төмөнкү негизги багыттарда жүргүздү:

  • жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо,
  • аттестациялоо жаатындагы жемкорлук тобокелдерди кыскартуу жана жоюу,
  • КР ЖАКынын ишмердигин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды мониторингдөө, баалоо жана жакшыртуу,
  • жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү,
  • 2017-жылды ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялаган КР Президентинин жарлыгын аткаруу.

Бул багыттардын ар бири боюнча бир катар милдеттер каралган, алар ишке ашырылууда.

КР ЖАКынын эң башкы функциясы жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо болгондуктан, бул багыт жалпы ишмердиктин басымдуу бөлүгүн ээледи. Бул багытта бир катар иш-чаралар каралган. Алар:

  • диссертациялык кеңештердин ишмердигин уюштуруу жана көзөмөлдөө;
  • окумуштуулук даражаларды берүү же атесстациялоо боюнча терс чечимдерди кабыл алуу;
  • окумуштуулук наамдарды ыйгаруу же атесстациялоо боюнча терс чечимдерди кабыл алуу;
  • чет мамлекеттерде ыйгарылган даражаларды кайра аттестациялоо (нострификация);
  • эксперттик кеңештердин ишмердигин уюштуруу жана көзөмөлдөө.

АТТЕСТАЦИЯЛОО ИШИНДЕГИ ИЙГИЛИКТЕР ЖАНА МАСЕЛЕЛЕР

I Диссертациялык кеңештердин ишмердигин уюштуруу жана көзөмөлдөө жөнүндө айтсак, 2017-жыл ичинде 52 диссертациялык кеңеш иш жүргүздү. Алардын 16ы техника, физика-математикалык жана табигый илимдер боюнча, 20сы медицина-биологиялык жана агрардык илимдер боюнча, 16сы коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча.

Диссертациялык кеңештердин ишмердиги отчёттук жыл ичинде бир топ өзгөчө болду. ЖАКтын жоболорунда 2017-жылдын 28-февралында Өкмөттүн токтому менен бекитилген бир катар өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык диссертациялык кеңештердин иш-аракети бир топ ачык-айкын болуп, жемкорлук тобокелдерди алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруу максатында диссертациялык кеңештер түзүүчү мекеменин сайтында өз баракчаларын ачышкан. Бул интернет мейкиндигинде ар бир диссертациялык кеңешке диссертациясын алып келип коргоого аракет жасаган ар бир изденүүчү жөнүндө маалымат алууга жана диссертациялык кеңештин мыйзам чегинде иш алып баруусун аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түздү. Азыркы тапта бардык диссертациялык кеңештердин сайты ачылган. Бирок, тилекке каршы, алардагы маалымат дайыма эле толук жана өз убагында коюлбай калган учурлар катталып жатты. Андыктан учурда ЖАК мындай маалыматты ЖАКтын расмий сайтында ар бир диссертациялык кеңеш үчүн жана бирдей үлгүдө болуусун ишке ашыруу аракетин жасап жатат.

ЖАКтын диссертациялык кеңештерди оптимизациялоосунун алкагында алардын саны жылдан жылга азайууда, бирок чукул өзгөрүүлөр жокко эсе экени көрүнүп турат.

Техника, физика-математика жана табигый илимдер боюнча жалпысынан 16 диссертациялык кеңеш 48 адистиктен диссертацияларды коргоого укуктуу:

— физика-математика илимдеринин доктору, кандидаты окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн жазылган диссертацияларды коргоо үчүн 4 диссертациялык кеңеш (9 адистик боюнча) түзүлгөн,

информатика жана энергетика илимдери боюнча 2 диссертациялык кеңеш (5 адистик)

— техника илимдери боюнча – 5 диссертациялык кеңеш (19 адистик)

— геология-минералдык жана география илимдери боюнча 4 диссертациялык кеңеш (12 адистик боюнча )

— химия илимдери боюнча 1 диссертациялык кеңеш (3 адистик) иш жүргүздү.

 

Бул тармактагы диссертациялык кеңештердин ичинен физика-математика илимдери боюнча Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Орус Славян университети жана КР УИАнын физика-техника көйгөйлөрү жана материал таануу институту алдында түзүлгөн Д 01.16.537 диссертациялык кеңеш жөнүндө эки ооз сөз айтпай коюуга болбойт. 2016-жылдын 7-июнунда бекитилип, 2017-жылдын мартына чейин бир да отурум болгон эмес. 2017-жылдын 27-февралында жетекчилиги толук алмаштырылгандан соң ишин баштап, бирок 2017-жылдын 10-октябрында ишмердиги токтотулган. Окумуштуулардын ички карама-каршылыктарынан улам бул диссертациялык кеңештин ишмердиги үзгүлтүккө учурап, бир топ мезгилге чейин коргоо такыр эле уюштурулбай келген болсо, кеңештин жетекчилигин алмаштыргандан кийин да чырдашуу токтобой, учурда курамы ЖАКтын жобосуна ылайык келбегендигинен улам ишмердиги токтотулуп турган. Бул болсо айрым мекендештерибиздин жеке амбицияларынан улам бул тармактагы илимдин өнүгүшү, изденүүчүлөрдүн илимий изилдөөлөрүн жыйынтыктоосу жасалма тоскоолдуктарга учурап жатканынан кабарлайт.

Медицина-биологиялык жана агрардык илимдер боюнча 2017-жыл ичинде 20 диссертациялык кеңеш 53 адистиктен диссертацияларды коргоого кабыл алууга укуктуу болгон:

— медицина илимдери боюнча 13 диссертациялык кеңеш (34 адистик боюнча),

— айыл чарба илимдери боюнча 2 диссертациялык кеңеш (7 адистик боюнча),

— ветеринария илимдери боюнча 2 диссертациялык кеңеш (4 адистик боюнча),

— биология илимдери боюнча 2 диссертациялык кеңеш (15 адистик боюнча).

Бул багыттагы илимдер боюнча диссертациялык кеңештердин ичинен чоң үмүттөр менен түзүлгөн Д 14.16.529 мамлекет аралык КР Саламаттык сактоо министрлигинин Жүрөк хирургиясы жана органдардын трансплантациясы илим изилдөө институту, РФтин Саламаттык сактоо министрлигинин А.Н. Бакулев атындагы Жүрөк-кан тамырлары хирургиясынын илимий борбору жана Кыргыз мамлекеттик кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо медициналык институтунун (КГМИПиПК) алдындагы диссертациялык кеңеш жөнүндө айтпай коюуга болбойт. Бир топ мезгилге чейин аталган кеңеш иш алып барбай туруп, анан диссертацияны коргоо боюнча бир отурумду өткөрүп, анда процедуралык мүчүлүштүктөргө жол берилип, учурда ишмердиги токтотулуп калган. Бул Кыргызстанда медицина илиминин абдан актуалдуу багыты боюнча илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү максатында түзүлгөн жана медицина илиминин 3 адистиги боюнча диссертацияларды коргоого кабыл алууга укуктуу болгон:

14.01.26 – жүрөк-кан тамырлар хирургиясы

14.01.05 – кардиология

14.01.20 – анестезиология жана реаниматология. Курамында 16 окумуштуу, алардын 8и Кыргызстандан, 8и Россиядан. Төрагасы м.и.н., проф. Батыралиев Т.А.

К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети жана КР Улуттук илимдер академиясынын Биология-жер кыртышы институтунун алдында түзүлгөн Д 06.14.487 агрономия боюнча диссертациялык кеңеш бир жыл ичинде эки гана диссертацияны коргоону уюштурган. Бул жааттагы көйгөйлөр ашып-ташып турган мезгилде, айыл чарба илимдериндеги мындай пассивдүүлүк кейиштүү факт болуп кала берүүдө.

КР УИАнын Биотехнология институту жана КР Саламаттык сактоо министрлигинин Кардиология жана терапия улуттук борборунун акад. М. Миррахимов атындагы Молекулярдык биология жана медицина иснтитутунун алдында түзүлгөн Д 03.16.524 диссертациялык кеңеш төрагасы б.и.д., проф., КР УИАнын академиги Алдашев А.А. дүйнө салгандыгына байланыштуу диссертациялык кеңештин ишмердиги убактылуу токтотулган.

Коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча отчёттук жыл ичинде

16 диссертациялык кеңеш иш жүргүздү.

— педагогика илимдери боюнча – 3 диссертациялык кеңеш (5 адистик боюнча, анын 1и тармактар боюнча),

— тарых илимдери боюнча 1 диссертациялык кеңеш (2 адистик боюнча),

— философия илимдери боюнча – 1 (4 адистик боюнча)

— укук илимдери боюнча – 4 (9 адистик боюнча)

— тил жана адбият илимдери боюнча – 3 диссертациялык кеңеш (8 адистик боюнча), – экономика илимдери боюнча 4 диссертациялык кеңеш (6 адистик боюнча, анын 1и тармактар боюнча),

— саясий илимдер жана социология илимдери боюнча 1 диссертациялык кеңеш (3, кийин 2 адистик боюнча).

Диссертациялык кеңештер 36 адистик боюнча илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражасын алуу үчүн даярдалган диссертацияларды коргоого кабыл алганга укуктуу.

Диссертациялардын илимий адистиктер боюнча корголуусун анализдеп, изилдөөлөрдүн басымдуу көпчүлүгү мурунку жылдардагыдай эле экономика илимдери боюнча болуп жатканын көрүүгө болот. Бул тенденция РФ да байкалууда. Бирок, РФнан айырмасы, тилекке каршы, аталган чөйрөдө олуттуу изилдөөлөр чанда эле болуп жатат. Экономика илимдери боюнча 49 диссертация жакталса, анын 13 аймактык аспектиде: Ош, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын мисалында даярдалган. Балким, алар КР Президентинин 2018-жылдын аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыялаган жарлыгын утурлап даярдалгандыр жана быйыл практикада илимий тыянактары колдонулат деп ишенгибиз келет.

2016-жылы педагогика илимдери боюнча диссертациялык кеңештердин усулдук жактан тармактарга бөлүнүп түзүлүүсү диссертациялардын талкуулануусун жана корголуусун бир баскычка жогорулаткандай болду деп ойлойбуз. 2017-жыл ичинде алар педагогика жаатындагы изилдөөлөрдү бир кыйла илгерилетти. Педагогика илимдери боюнча корголгон диссертациялар статистика боюнча экономикадан кийинки орунду ээледи.

Диссертациялык кеңештердин ишмердигин сыпаттап жатып, кээ бир учурда актуалдуу деп белгиленип, зарылдыгы негизделип жатып, ачылган илимий адистиктер боюнча жыл ичинде бир дагы диссертация корголбогону өкүнүчтүү. Маселен, КР УИАнын акад. Дж. Алышбаев атындагы институту жана БФЭАнын алдындагы Д 08.15.520 диссертациялык кеңеште 08.00.07 – эмгек экономикасы адистиги боюнча, И.Арабаева атындагы КМУ жана Кыргыз билим берүү академисясынын алдындагы Д.13.15.522 диссертациялык кеңеште 13.00.04 – дене тарбия, спорттук машыгуу, сергектик жана адаптивдүү дене тарбия теориясы жана методикасы адистиги боюнча соңку жылы да, 2017-жылы да бир дагы диссертациянын корголуусу боюнча окумуштуулук даража берилген эмес. Албетте, адистиктер боюнча диссертациялык кеңеш ачылганда эле диссертациянын даяр болуп калышын күтүү, балким, туура эместир, бирок аталган факт бул багытта изилдөөлөрдү күчөтүү зарылдыгын күбөлөндүрөт.

Саясий илимдер жана социология илимдери боюнча диссертациялык кеңеште соңку жылдардагыдай эле көбүнчө саясий илимдер боюнча даярдалган диссертациялар корголгон. ЖАКтын эксперттик кеңеши мындай көрүнүштү жөнгө салуу керектигин белгилейт.

Педагогика илимдери боюнча эксперттик кеңеш диссертациялык кеңештердин ишиндеги бир катар кемчиликтерди атаган:

  • кечээ эле диссертациясын коргогон адистер расмий оппонент катары бекитилип калууда; расмий оппоненттерди дайындоодо алардын тажрыйбасын, стажын эске алып, квотанын зарылдыгын бир жылда 1-2ден көп эмес оппонент болуу шартын кийирүү зарыл;
  • илимий жетекчилердин окуучуларды даярдоодо талапты катуу коюу, т.а. илимдин докторлоруна да өз адистиги боюнча гана изденүүчү даярдоо укугун бекитүү абзел;
  • жетектөөчү мекемеде диссертациянын талкуусу формалдуу болуп кала берүүдө;
  • диссертациялардын аткарылган жерде өткөрүлгөн алгачкы экспертизасынын деңгээли төмөн бойдон калууда, андыктан аспирантура жана докторантураларга талаптарды жогорулатуу зарыл (бул маселе КР Билим берүү жана илим министрлигинин компетенциясына кирет);
  • диссертациялык кеңешке мүчө болуу үчүн талаптарды жогорулатуу, маселен, илимдин докторунун профессор окумуштуулук наамы болуусу, экиден кем эмес жактаган окуучусунун болуусу, илимдин кандидаты болсо, доцент окумуштуулук наамы болуусу зарыл деп белгилейт.

 

2) Диссертациялык кеңештердин курамында 2017-жыл ичинде 776 окумуштуу эмгектенди. Диссертациялык кеңешердин мүчөлөрүнүн сапаттык курамы жөнүндө айтсак, 665 илимдин доктору, алардын ичинде КР УИАнын 16 академиги, 18 мүчө-корреспонденти, 111 илимдин кандидаты кеңештердин ишине тартылган. 2017-жылы ЖАК диссертациялык жана эксперттик кеңештерди түзүүдө илим өлчөөнүн көрсөткүчү катары окумуштуулардын Хирш индексин эске алды. Учурда диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн басымдуу көпчүлүгү Илимий цитаталоонун Россиялык индекси (РИНЦ) системасында, айрымдары “Scopus” системасында регистрацияланганы белгилүү болду. Диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн шилтеме келтирүү индексинин (Хирш индексинин) эң жогорку көрсөткүчү – 18 (т.и.д., проф. Абдырахматов Канатбек Ермекович) болсо, орточо көрсөткүчү – 1 ден жогору болду. Жалпысынан диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн 90% РИНЦ системасында катталган.

3) 2017-жыл ичинде 274 изденүүчүгө окумуштуулук даража ыйгарылган, алардын ичинен 49 илимдин доктору, 225 илимдин кандидаты.

Статистика көрсөтүп тургандай, ЖАКтын жоболорунун толукталуусу жана өзгөрүүсүнүн негизинде диссертацияларды коргооого коюу талаптары күчөп, коргоого коюлган диссертациялардын саны бир кыйла азайган. Алардын ичинен эң эле олуттуу талап диссертациянын негизги жоболору Илимий цитаталоонун “Scopus”, “Web of Science” же Россиялык индекси (РИНЦ) системасына кирген мезгилдүү илимий басылмаларда жарыялануу талабы болуп калды. КР ЖАКы диссертациялык иштердин сапатын жогорулатуу максатында бул багыттагы иш-аракеттерди андан ары улайт.

Диссертациялардын көпчүлүгү соңку жылдардагыдай эле ЖОЖдордо даярдалган. Тагыраак айтсак, 60 диссертация илим изилдөө мекемелеринде даярдалса, 214 диссертация ЖОЖдордо даярдалган. Бул жалпы сандын 78% түзөт.

4) 2017-отчёттук жыл ичинде Техника, физика-математика жана табигый илимдер жогоруда аталган багыттары боюнча диссертациянын жазылуусу жана корголуусунун негизинде 56 изденүүчүгө окумуштуулук даража берилген. Алардын ичинде 9 илимдин доктору, 47 илимдин кандидаты окумуштуулук даражалары. Диссертациялардын илимдин тармактары боюнча бөлүнүшүн айтсак:

  • физика-математика илимдеринен: 6 докторлук, 14 кандидаттык;
  • техника илимдеринен: 1 докторлук, 13 кандидаттык;
  • жер жөнүндөгү илимдерден: 2 докторлук, 11 кандидаттык;
  • информатика жана энергетикадан: 8 кандидаттык;
  • химия илимдеринен: 1 кандидаттык диссертация.

Диссертациялардын басымдуу көпчүлүгү мурунку жылдардагыдай эле физика-математика илимдери боюнча даярдалган (20). Салыштыруу үчүн айтсак, Белорус Республикасында бардык илимдердин арасынан техника илимдери боюнча диссертацияларды коргоо алдыңкы орунду ээлейт экен.

Акыркы беш жылдыктын ичинде илимдин аталган тармактарында окумуштуулук даражалардын берилүүсүнө саресеп салалы. 2017-жылы мурунку жылдарга караганда докторлук диссертациялардын көрсөткүчү бир кыйла төмөн болду, бирок 2016-жылдагыга караганда 1 бирдикке ашык болду: 2013-ж. – 13, 2014-ж. – 13, 2015-ж. – 17 болсо, 2016-ж. -8, 2017 – 9.

Ал эми кандидаттык диссертациялардын корголуу динамикасы анча деле өзгөргөн жок.

Диссертациялардын даярдалуу деңгээли эксперттер тарабынан негизинен жогорку деңгээлде – 82%, орто деңгээлде – 10%, жетишээрлик деңгээлде – 2%, төмөнкү деңгээлде – 2% деп бааланган. Диссертациялар жогорку деңгээлде деп бааланып жатса да, эмнегедир илимий иликтөөлөр өлкөбүздүн илимий техникалык жактан өнүгүүсүнө зор салым кошуп жатат деп айта албай жатабыз. Белгилей кетчү нерсе, эксперттердин баалоо көрсөткүчтөрү диссертациялык кеңештердин берген баасынан бир топ айырмаланат: алар бардык диссертациялардын деңгээлин жогорку деп баалашкан. Мындан да кейиштүүсү деңгээли жогорку деп бааланган эки диссертация боюнча эксперттик кеңеш талапка жооп бербейт деген бүтүм чыгарган. Бул болсо айрым диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн өз милдеттерин талапка ылайык аткарбай, Кыргызстандагы чаласабат изденүүчүлөрдү өстүрүүгө салымын кошуп жаткандыгын күбөлөндүрөт. Албетте, андайларга ЖАК тарабынан жоболорго ылайык администрациялык чаралар көрүлөт: эки изденүүчүнүн жетекчиси бир, ал болсо 3 жылга аспиранттарга жетекчилик кылуу укугунан ажырады, диссертациялык кеңештин эксперттик комиссиясынын мүчөсү Сопуев А. 1 жылга диссертацияны экспертизалоо укугунан ажырады.

Бирок жалпы илимдин өнүгүүсүнө шарт түзүү үчүн сапатсыз даярдалган, илимге салым кошпогон диссертацияларды коргоого жеткирбей коюу жана чала сабат окумуштуулардын пайда болуусуна бөгөт коюу – бул жалпы диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн абийирине коюлат.

Баса белгилей кетчү нерсе, соңку жылы да айтылгандай эле, айрым адистиктер боюнча бир да диссертация корголбой кала берүүдө. Маселен, жыл ичинде 17 адистиктен 05.02.18 – механизмдер жана машиналар теориясы, 05.05.06 – тоо машиналары, 05.05.03 – дөңгөлөктүү жана каз таман машиналар, 05.23.01 – курулуш конструкциялары жана курулмалар, 05.05.04 – жол, курулуш жана көтөрмө транспорт машиналары, 05.05.04 – гидротехникалык курулуш, 05.23.03 – жылуулук менен камсыздоо, желдетүү, абаны кондициялоо, газ менен камсыздоо жана жарыктандыруу, 25.00.01 – жалпы жана аймактык геология, 25.00.24 – экономикалык, социалдык жана саясий география, 25.00.30 – метеорология, климатология, агрометеорология, 25.00.20 – геомеханика, тектерди жардыруу, кен аэрогазодинамикасы жана тоо-кен жылуулук физикасы, 25.00.22 – геотехнология (жер алдында жана ачык) 05.20.02 – электротехнологиялар жана электр жабдуулар айыл чарбада, 05.23.08 – өнөр-жай жана жарандык курулуш технологиясы жана уюштурулушу, 05.23.11 – жолдорду, метрополитендерди, аэродромдорду, көпүрөлөр жана транспорт тоннелдерин долбоорлоо жана куруу, 05.22.06 – темир жолдор, темир жолдорду изилдөө жана долбоорлоо, 25.00.23 – физикалык география жана биогеография, кыртыш географиясы жана ландшафт геохимиясы адистиктери боюнча жыл ичинде бир да окумуштуулук даража ыйгарылган эмес.

         Бул аталган тармактарда илимдин өнүгүүсү көңүлгө алынбай калуусу жөнүндө кабарлайт деп эсептейбиз. Алардын ичинен азыркы мезгилде абдан актуалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган адистиктер илимий изилдөөлөрдөн сыртта калууда. Маселен, 05.23.11 – жолдорду, метрополитендерди, аэродромдорду, көпүрөлөр жана транспорт тоннелдерин долбоорлоо жана куруу; 05.22.06 – темир-жолдор, темир жолдорду изилдөө жана долбоорлоо адистиктери боюнча мурунку жылы да бир да изилдөө коргоого коюлбаса, 2017-жыл ичинде да бир да диссертация даярдалган эмес. Учурда бул адистиктер диссертациялык кеңештердин адистиктер тизмесинде такыр эле сунушталбай калган.

2017-отчёттук жыл ичинде медицина жана агрардык илимдердин аталган багыттары боюнча диссертациянын жазылуусу жана корголуусунун негизинде 47 изденүүчүгө окумуштуулук даража берилген: 13 илимдин доктору, 34 илимдин кандидаты окумуштуулук даражалары. Алардын ичинен 5 кош адистик боюнча ыйгарылган. Диссертациялардын илимдин тармактары боюнча бөлүнүшүн айтсак:

№ ппИлим тармагы жана адистигибекитилегнтерс чечим чыккан
Докт.Канд.баарыДокт.Канд.баары
1.Медицина илимдери10(2)2939(2)22

(арыз менен кароодон алынган)

4
2.Биология илимдери2(2)2(1)4(3)
3.Айыл чарба илимдери
4.Ветеринардык илимдер134
5.Фармацевтика
баары13 (4)34 (1)47 (5)224

 

         Статистика көрсөтүп тургандай, мурунку жылдардагыдай эле илимий даража көбүнчө медицина тармагы боюнча ыйгарылган, бул болсо медицина илимдери боюнча изилдөөлөрдүн бир топ активдүү жүрүп жаткандыгын көрсөтөт. Бирок, биз былтыркы жыйында белгилегендей, фармацевтикадан илим изилдөө аксап келүүдө. 2016-жылы бир гана изденүүчүгө окумуштуулук даража ыйгарылган болсо, 2017-жылы бирөө да жок. Дары-дармек маселеси республикада орчундуу болуп турганда, бул багытта илимдин өнүгүүсүнө окумуштуулар басым жасаса, көйгөйлөрдүн чечилүүсүнө өбөлгө түзмөк деп ойлойбуз.

Отчёттук жыл ичинде сандык көрсөткүчтөр чукул өзгөргөн. Бул дале болсо диссертацияларга жана коргоого коюлган талаптардын күчөтүлүүсүнө байланыштуу деп эсептейбиз. Маселен, докторлук даража мурунку жылдарда: 2013-ж. – 21, 2014-ж. – 16, 2015-ж. – 25 болсо, 2016-ж. – 18, 2017 – 13 берилген, ал эми кандидаттык даражалардын ыйгарылуу динамикасы чукул өзгөрүүгө кабылган: 2012-ж. – 93, 2013-ж. – 84, 2014-ж. – 43, 2015-ж. – 66, 2016-ж. – 60, 2017 – 34.

Илимдин багыттары боюнча алсак, илим изилдөө жаатында медиктердин активдүүлүгү сакталууда. Бир кыйла көрсөткүчтөргө төмөн болсо да экинчи орунда биологдор жана ветеринарлар жайгашкан. Эң кейиштүүсү айыл чарба илимдери боюнча бир да диссертация корголуп бекитилген эмес. 2016-жылдагы отчёттук жыйында бул жааттагы көйгөлөр жөнүндө айтсак, диссертациялык кеңештердин жетекчилери капа болушту эле. Бирок бир жыл ичинде эч кандай жылыш болгон жок. Ачуу чындык болсо да, агрардык деп айтылып жүргөн өлкөбүздүн алга карай өнүгүүсүнө так ушул айыл чарба багытындагы окумуштууларыбыз салым кошпой жаткандыгын айтууга туура келет. Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун камсыздоодо, Евразиялык экономикалык биримдик алкагында экономикалык мамилелерди активдештирүү үчүн экологиялык жактан таза продукцияны өнүктүрүүдө, түшүмдүн өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун эффективдүү жолдорун табууда зарыл болгон илимий иликтөөлөрдүн маанисин айтуунун зарылдыгы жок болсо керек деп ойлойбуз.

2017-жыл ичинде жалпысынан медицина илимдери боюнча бекитилген 34 адистиктин ичинен 11и боюнча бир да диссертация корголгон эмес. Бул:

14.03.09 – клиникалык иммунология, аллергология, 03.02.03 – микробиология, 14.03.11 – кайра калыбына келтирүү, спорт медицинасы, дарылоочу физкульутра, курортология жана физиотерапия, 14.01.03 – кулак, тамак жана мурун оорулары, 03.03.01 – физиология, 14.03.01 – киши анатомиясы, 03.03.04 – клеткалык биология, цитология, гистология, 14.01.12 – онкология, 14.01.13 – нур диагностикасы, нур терапиясы, 03.03.01 – физиология, 14.01.26 – жүрөк-кан тамырлар хирургиясы сыңары элибиздин саламаттыгын сактоодо абдан чоң мааниге ээ болгон адистиктер. Өлкөбүздө онкооорулар, өпкө оорулары айрыкча көбөйүп жаткан учурда медицина жаатындагы ата мекендик окумуштуулардын көңүлүн бул актуалдуу көйгөйлөргө буруу керек деп эсептейбиз.

Фармацевтикадан үч адистик бекитилген болсо, жогоруда белгиленгендей, бир да диссертация корголгон эмес. Бул 14.03.06 – фармакология, клиникалык фармакология, 14.04.01 – дарыларды даярдоо технологиясы, 14.04.03 – фармацевтика ишмердигин уюштуруу.

Ушундай эле абал агрардык илимдер чөйрөсүндө байкалат: бекитилген 7 адистиктин 5өөнөн коргоо болгон эмес. Бул 06.01.09 – өсүмдүк өстүрүүчүлүк, 03.02.13 – кыртыш таануу, 06.01.11 – өсүмдүктѳрдү коргоо, 06.02.07 – мал чарбачылык, айыл чарба жаныбарларын селекциялоо, генетика, 06.02.10 – жеке зоотехния, мал чарба азыктарынын технологиясы адистиктери.

Биология илимдери боюнча 15 адистик болсо, 3 адистик боюнча гана диссертацияны коргоонун негизинде окумуштуулук даража ыйгарылган. Калган 11 адистик боюнча боштук кала берүүдө: 03.01.06 – биотехнология, 03.02.01 – ботаника, 03.02.04 – зоология, 03.02.07 – генетика, 03.03.01 – физиология,14.03.03 – патологиялык физиология, 06.01.11 – өсүмдүктөрдү коргоо, 06.03.02 – токойчулук, токой ѳстүрүү, токой куруу жана токой таксациясы, 06.02.02 – ветеринардык микробиология, вирусология, эпизоотология, микология, микотоксикология жана иммунология, 06.02.05 – ветеринардык санитария, экология, зоогигиена жана ветеринардык-санитардык экспертиза, 03.02.11 – паразитология, 06.02.02 – ветеринардык микробиология, вирусология, эпизоотология, микотоксикология менен микология жана иммунология,

Ветеринария илимдери боюнча бир гана 06.02.05 – ветеринардык санитария, кология, зоогигиена жана ветеринардык-санитардык экспертиза адистигинен диссертация корголгон эмес.

Диссертациялардын басымдуу бөлүгүнүн даярдалуу деңгээли эксперттер тарабынан орто дэңгээлде – 84%, канааттандырарлык деңгээлде – 4%, жогорку деңгээлде – 6% деп белгиленген. Белгилей кетчү нерсе, бул багыттагы илимдер боюнча диссертациялык кеңештер берген баа менен эксперттердин баасы дал келбейт. Диссертациялык кеңештерде корголгон диссертациялардын 94% жогорку деңгээлде даярдалган деп бааланган.

Коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча жалпысынан 2017-жыл ичинде 171 окумуштуулук даража берилген. Алардын ичинен 27 илимдин доктору, 144 илимдин кандидаты.

2017-жылы диссертациялардын коргоо динамикасы мурунку жылдардан бир аз өзгөргөн. Бул жогоруда айтылган себептер менен түшүндүрүлөт.

Жалпысынан окумуштуулук даражаларды алуу үчүн мурунку жылдардагыдай эле экономика илимдери боюнча диссертациялар көбүрөөк сунушталган. Докторлук даражалар да экономика илимдери боюнча эң көп берилген. Бул аталган чөйрөдө илим изилдөө ишинин активдүүлүгүн көрсөтөт, бирок ошол эле убакта өтө маанилүү, Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө зор салым кошкон изилдөөлөрдүн жокко эсе экендиги кейиштүү. Ырас, Россия Федерациясында да бардык илимдердин ичинен экономика боюнча окумуштуулук даражаларды берүү биринчи орунду ээлейт экен, бирок, тилекке каршы, биздин өлкөдөгү экономиканын өнүгүүсүн Россиянын экономикасы менен таптакыр салыштырып болбойт.

Бул илим тармагында эксперттердин баасы боюнча 08.00.05- экономика жана улуттук экономиканы башкаруу адистиги боюнча диссертациялардын басымдуу бөлүгү даярдалгандыгы бул жаатттагы маселелердин актуалдуулугун күбөлөндүрөт.

Экономикадан кийинки орунда педагогика илимдери жайгашкан. Бул акыркы жылдары адистештирип диссертациялык кеңештерди түзүлүүсү менен түшүндүрүлөт. Кантсе да, педагогика илимдериндеги сандык көрсөткүчтөр билим берүүнүн сапаттык көрсөткүчтөрүнө таасир берет деген үмүтүбүз бар.

Кийинки саптарда укук илимдери, филология илимдери ж.б. жайгашкан.

Диссертациялардын даярдалуу деңгээли эксперттер тарабынан негизинен орто жана жетишээрлик деңгээлде деп 89% диссертацияга баа берилген. Эң төмөнкү чекте деп 6% белгиленген. Жогорку деңгээлде деп 4% гана диссертацияга баа берилген.

Диссертацияларга баа берип жатып, КР ЖАКынын эксперттери

бир катар сунуштарды беришкен:

— диссертациялык кеңештер жаңы илимий багытты негиздөө же жыйындысы тиешелүү илимдин тармагындагы ири жетишкендик катары эсептеле турган актуалдуу илимий эмгекти жаратуу керек деген талаптын докторлук диссертацияда ишке ашуусуна көбүрөөк көңүл буруш керек, анткени учурда мындай талап көбүнчө аткарылбай калууда (чынында, бул талап аткарылбаса, докторлук диссертацияга эксперт тарабынан оң баа берилиши акылга сыйбас нерсе деп эсептейбиз);

— диссертациялар конкреттүү, өлчөнгүдөй, реалдуу илимий натыйжаларга ээ болуш керек; алар илимий көйгөйдү теориялык жана концептуалдык жактан гана жалпылап иликтебестен, түрдүү чөйрөдө конкреттүү түрдө колдонууга ылайыктуу практикалык сунуштарды да камтышы зарыл; диссертацияларда эмпирикалык маалыматтардын болуусу абзел;

— диссертациялардын темасы улуттук стратегиялар, программалар жана мамлекеттик программалар менен тыгыз байланышта болуусу максатка ылайыктуу, ошондо алар мамлекеттик стратегиялар жана концепциялардын ишке ашуусуунун илимий-теориялык негиздерин түзмөк жана алардын ийгиликтүү ишке ашуусуна өбөлгө болмок.

Чындыгында, учурда корголуп жаткан диссертациялардын басымдуу көпчүлүгү демилгелүү деп жарыяланып келе жатат. Албетте, бул биздин жарандардын активдүү жарандык позициясынын көрсөткүчү десе болот, бирок илимий изилдөө иштери эффективдүү болушу үчүн алар системалуу болуп, ири илимий темалардын алкагында, мамлекеттик, улуттук стратегиялык программаларынын алкагында аткарылуусу турмуштук зарылдык деп ойлойбуз. Темаларды окумуштуулар кеңешинде бекитип жатканда мына ушул факторлорго көңүл бурулса, илимдин өнүгүүсү бир баскычка көтөрүлмөк жана анын практикалык баалуулугу жогоруламак.

Жалпысынан, илимий кадрларды аттестациялоо тутумунда диссертациялык кеңештер эң чон ролду ойногону шексиз. Илимдин өнүгүүсүн кааласак, илимий эмгектердин сапатын көтөрүүсүн самасак, диссертациялык кеңештердин мүчөлөрүнүн, төрагалардын, орун басарларынын жана окумуштуу катчыларынын жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл.

5) Чет мамлекеттерден Кыргызстанга келип, окумуштуулук даража алуу үчүн жазылган диссертациясын коргоого койгон изденүүчүлөрдүн саны 2017-жылы 68ди түздү, алардын ичинен 13 илимдин доктору, 49 илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болду, ал эми 6 изденүүчүнүн диссертациясы боюнча терс чечим чыккан: алардын 2 докторлук, 2 кандидаттык диссертация, 2 өз арызы менен диссертациясын кароодон алдырган. Чет мамлекеттик жарандардын басымдуу көпчүлүгү коңшу Казакстан Республикасынын жарандары – 43, алардан кийинки орунда Тажикстан Республикасынын жарандары – 10, андан кийин Турция Республикасынын жарандары – 6. 2017-жылы Азербайжан Республикасынын 2 жараны жана биринчи жолу Афганистандын бир жараныокумуштуулук даражага ээ болгон.

Учурда Евразиялык экономикалык бирикмеси алкагында окумуштуулук даражалар жана окумуштуулук наамдарды таануу боюнча либерализация пландарында бир катар чаралар каралган. Алар ишке ашса, чет мамлекеттик жарандардын саны дагы көбөйүүгө, биздин жарандардын ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде диссертация коргоосуна дагы шарттар пайда болот деп ойлойбуз.

Бирок ошону менен бирге айрым диссертациялык кеңештер коңшу мамлекет үчүн гана ачылып калгандай туюлат. Маселен, Кыргыз-Тажик кызматташуусунун алкагында КР УИАнын гидроэнергетика жана суу көйгөйлөрү институту, Тажик Республикасынын УИАсынын гидроэнергетика, суу көйгөйлөрү жана экология институту жана ТажУУнун алдында түзүлгөн мамлекет аралык Д 25.14.494 диссертациялык кеңешинде жыл ичинде корголуп бекитилген диссертациялардын баары эле тажик жарандарына тиешелүү. Суу ресурстарына бай биздин мамлекет үчүн деле актуалдуу адистиктер боюнча эмнегедир ата мекендик изилдөөлөр жүргүзүлбөй жатканы таң калтырат.

Чет мамлекеттин жарандары мурунку жылдардагыдай эле көбүнесе коомдук жана гуманитардык багыттарда илим изилдөө иштерин жүргүзүүдө (33). Ошону менен бирге отчёттук жыл ичинде чет мамлекет жарандарынын техника жана табигый илимдер боюнча да бир топ активдешүү байкалууда (20).

6) Бедел жоопкерчилиги жөнүндө

Отчёттук жыл ичинде бир топ изденүүчүлөргө окумуштуулук даража берүү боюнча ЖАКтын президиуму терс чечим чыгарган:

— табигый, физика-математика жана техника илимдери боюнча 2 изденүүчү боюнча эксперттик кеңештин терс корутундусунун негизинде президиум терс чечим чыгарган;

— медицина илимдери боюнча 2 изденүүчү, алардын ичинен 1 докторлук диссертация боюнча эксперттик кеңештин терс корутундусунун негизинде президиум терс чечим чыгарган, 1 кандидаттык диссертация “Антиплагиат” компьютердик программасынын текшерилүү жыйынтыгы боюнча. Ал эми 2 изденүүчү өз каалоосу менен диссертациясын кароодон алдырган;

— коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча 4 изденүүчү (баары кандидаттык диссертациялар боюнча), алардын ичинен диссертациясынын “Антиплагиат” компьютердик программасынын текшерилүү жыйынтыгы боюнча 1, диссертацияны коргоонун жол-жобосу бузулгандыгы үчүн 2, эксперттик кеңештин терс корутундусунун негизинде 1 изденүүчү боюнча президиум терс чечим чыгарган.

6 изденүүчү өз каалоосу менен диссертациясын кароодон алдырган.

Бул фактылар өлкөбүздө диссертация жазууда жана аны коргоого коюуда бир катар көйгөйлөр бар экендиги жөнүндө кабар берет. Чындыгында, бул сандар бир топ жогору болуш керек, аны баарыбыз моюнга алышыбыз керек. Бул болсо эксперттик кеңештердин мүчөлөрүнүн абийирине тапшырылат. Анткени диссертациялардын сапаты талапка жооп бербей жаткан учурда да, диссертациянын мазмуну квалификациялык көрсөткүчкө туура келбей, даярдалган диссертациянын адистиги боюнча суроо жаралып жатса да, тилекке каршы, аягында оң баа берип койгон адат калбай келет.

Бирок башка жагынан алып карасак, бул цифралар такыр эле болбошу керек. Анткени ЖАК талаптарды күчөтүп, диссертациянын сапаты жогорулашы үчүн аракеттерди жасап жатат, ал эми диссертациялык кеңештердин мүчөлөрү сапаттуу, президиумдун терс чечими чыгып калышына такыр жол бербеген диссертацияларды гана коргоого чыгарышы зарыл. Жалпы эле илимдер боюнча диссертациялык изилдөөлөрдү сыпаттоонун негизинде сабаттуу жана илимий изилдөөлөргө коюулуучу талаптарга толугу менен жооп берген диссертациянын КР ЖАКына келип түшүүсү диссертациялык кеңештердин иштөөсүнө, мүчөлөрүнүн кесипкөйлүгүнө жана, албетте, абийирине көз каранды экендигин баса белгилейбиз.

Ошону менен бирге изденүүчүлөрдүн илимий жеткчилеринин (консультанттарынын) абийирине да көп нерсе байланыштуу экенин унутууга болбойт. Илимий беделине залалы тийбесин десе, абройлуу аты булганбасын десе, илимий жеткечилер окуучуларынын диссертациясы дыкаттык менен аткарылышына көзөмөл жүргүзүүсү зарыл, анткени КР ЖАКынын президиумунун терс чечими чыкса, алардын аты ЖАКтын расмий сайтында жайгаштырылып Интернет-мейкиндигинде жалпыга маалым болот.

7)     2017-жыл ичинде 36 изденүүчү кайра аттестациялоодон жана дипломдору нострификациялоодон өтттү. Алардын ичинде 7 илимдин доктору, 22 илимдин кандидаты, 7 (Ph.D.) философия доктору. Кайра аттестациялоого келип түшкөн диссертациялардын басымдуу көпчүлүгү Россия Федерациясында корголгон.

2017-жылы жогорку квалификациялуу кадрларды кайра аттестациялоо жаатында бир өзгөчө окуя болду. КР ЖАКынын 2016-жылдын декабрында КР Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Жобосунун негизинде (Dr. Hab.) хабилитация доктору жогорку академиялык даражасынын ээси кайра аттестациялоонун негизинде илимдин доктору окумуштуулук даражасына ээ болду. Ал диссертациясын Германияда жактап келген Рыспаев Талант Акимжанович.

Жыл ичинде 7 (Ph.D.) философия доктору академиялык даражасы менен келген изденүүчү аттестациядан өтүп мамлекеттик үлгүдөгү дипломго ээ болушкан. 2 (Ph.D.) философия доктору академиялык даражасынын ээси диссертациясынын экспертизалануусунун негизинде илимдин кандидаты окумуштуулук даражасына ээ болгон.

3 изденүүчү кайра аттестациялоодон өтүүдөн өз ыктыяры менен баш тарткан.

Чет мамлекетте берилген илимий даражалар соңку жылдары көбүнчө гуманитардык жана коомдук илимдерден болуп келсе, 2017-жылы медицина илимдеринен да көрсөткүчтөр жогорулады. Бул болсо ата мекендик медицина илиминин өнүгүшүнө тиешелүү салым кошот деген ишеничтебиз.

8) Илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жөнүндө.

Отчёттук жыл ичинде 75 изденүүчү илимдин ар тармагы боюнча профессор окумуштуулук наамын, 103 доцент окумуштуулук наамын, 7 улук илимий кызматкер окумуштуулук наамын алган. Ошону менен бирге 2 профессорлук окумуштуулук наам берүү өтүнүчү боюнча президиум терс чечим чыгарган. Ал эми 10 изденүүчү профессорлук окумуштуулук наам алуу үчүн даярдалган аттестациялык делосун, 14 доцент, 2 улук илимий кызматкер окумуштуулук наамын алуу үчүн даярдалган аттестациялык делосун кароодон алдырган.

Акыркы беш жылдагы окумуштуулук наамдардын берилүүсү жөнүндө маалыматтка таянсак, отчёттук жыл ичинде окумуштуулук наам алгандардын саны мурунку жылдарга салыштырмалуу бир кыйла өскөн. Бул болсо 2015-жылы Окумуштуулук наамдарды берүү тартиби жөнүнөгү Жободо профессор окумуштуулук наамын алуу үчүн 2 ден кем эмес окуучулардын болуу талабынын жоюлгандыгына байланыштуу, болсо экинчи жагынан окуу-усулдук эмгектерге басым коюлбагандыктан ушул сандар пайда болду. 2017-жылдын 28-февралында Өкмөттүн токтому менен Жобого бир топ толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилип, бул айрым изденүүчүлөр үчүн тоскоолдуктарды жаратты, бирок сандык көрсөткүчтүн азайуусун камсыздаган жок. Жогорку квалификациялуу кадрларды аттестациялоо жаатындагы жоболорду андан ары жакшыртуу, илимий-педагогикалык кадрларга коюлуучу талаптарды күчөтүү – мезгил талабы деп эсептейбиз.

 

9) Отчёттук жыл ичинде аттестацияланган илимий жана илимий-педагогикалык кадрлардын социалдык өзгөчөлүктөрү жөнүндө маалымат берсек. 2017-жыл ичинде окумуштуулук даража алгандардын ичинен 155 айымдар, 118 мырзалар. Бул Кыргызстанда илим чөйрөсүндө айымдардын активдүүлүгү жөнүндө кабарлайт.

Изденүүчүлөрдүн орточо жашы – 46, алардын ичинен айымдардын орточо жашы – 40, мырзалардын орточо жашы – 51.

Окумуштуулук наамдарды изденүүчүлөрдүн ичинен 83 айымдар, 102 мырзалар. Илимий-педагогикалык ишмердик жүргүзүүдө мырзалардын активдүүлүгү көрүнүп турат.

Изденүүчүлөрдүн орточо жашы – 51, алардын ичинен профессор окумуштуулук наамын изденүүчү айымдардын жана мырзалардын орточо жашы 58, доцент жана улук илимий кызматкер окумуштуулук наамын изденүүчү айымдардын жана мырзалардын орточо жашы – 47,5.

 

10) Эксперттик кеңештер «Эксперттик кеңештер» жөнүндөгү жобого ылайык жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоо жана аттестациялоого байланыштуу маселелерди кароо үчүн түзүлүүчү илимий-коомдук эксперттик орган болуп эсептелет. КР ЖАКынын түзүмүндө 2017-жыл ичинде 13 эксперттик кеңеш иш жүргүздү. Алар жалпысынан табигый, физика-математика жана техника илимдери боюнча 48 адистиктен, медицина-биологиялык жана агрардык илимдер боюнча 53 адистиктен, коомдук жана гуманитардык илимдер боюнча 36 адистиктен диссертацияларды экспертизадан өткөрүшкөн.

Эксперттик кеңештердин сапаттык курамы жөнүндө айтсак, жалпысынан 102 окумуштуу эксперттик кеңештин ишине катышкан. Алардын ичинде КР УИАнын 2 академиги, 5 мүчө-корреспонденти, 90 илимдин доктору, 12 илимдин кандидаты. Экперттик кеңештин мүчөлөрүнө да илимий публикациялык активдүүлүгү жогору болуу талабы коюлган. Учурда эксперттик кеңештердин мүчөлөрүнүн баары РИНЦ системасында регистрацияланган. Илимий шилтеме жасоо индексинин (Хирш индекси) орточо көрсөткүчү бирден жогору. Эң жогорку көрсөткүч – 13 (г.и.д., проф. Рыбин Анатолий Кузьмич).

Эксперттик кеңеш илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо маселеси боюнча КР ЖАКынын структурасындагы негизги орган болуп эсептелет. ЖАКтын президиуму изденүүчүлөргө окумуштуулук даражаларды жана наамдарды ыйгаруу боюнча чечимди эксперттик корутундунун негизинде гана, эксперттик кеңештин сунушу менен чыгарат.

Жыл ичинде эксперттик кеңештер штаттык таризде иш алып барышты, алардын жасаган иш-аракеттери төмөнкү багыттарда болду:

— илимдин доктору, кандидаты окумуштуулук даражаларын изденип алуу үчүн жазылган диссертацияларды экспертизадан өткөрүү;

— профессор (айрым учурда доцент) окумуштуулук наамын изденип алууга даярдалган аттестациялык делолорду экспертизадан өткөрүү;

— бир жолку коргоого уруксат алуу үчүн берилген диссертациялык кеңештердин каттарын кароо;

— диссертациялык кеңештерди бекитүү жөнүндө мекемелердин өтүнүч-каттарын кароо;

— иштөө мөөнөтү аяктаган диссертациялык кеңештердин отчётун угуу;

— илимий адистиктердин паспортторун кароо жана президиумга бекитүүгө сунуштоо;

— мезгилдүү илимий басылмалардын ишмердигин текшерүүгө катышуу;

— КР ЖАКы сунуштаган мезгилдүү илимий басылмалардын тизмесине киргизүү үчүн басылмалардын өтүнүч-каттарын кароо;

— профессор, доцент, улук илимий кызматкер окумуштуулук наамын ыйгарууга сунуштоо укугуна ээ болгон ЖОЖдор жана илимий мекемелердин тизмесине киргизүү өтүнүч каттарын кароо жана президиумга сунуштоо;

— КР ЖАКынын илимий илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында даярдаган документтердин долбоорлорун талкуулоого катышуу ж.б.

Соңку жылдардагы бир өзгөчөлүк – ар бир эксперттик кеңеш өз багыты боюнча иштөө мөөнөтү аяктаган диссертациялык кеңештердин отчётун кабыл алып, ошол отурумда тиешелүү тармактагы көйгөйлөр, диссертациялык кеңештердин ишмердигиндеги мүчүлүштүктөр айтылып жатты.

Диссертацияны экспертизалоого айрым учурда эксперттик кеңештен сырткаркы ата мекендик жана чет мамлекеттик окумуштуулар тартылат. Бул коррупциялык тобокелчиликти алдын алуу максатында, же болбосо тиешелүү адис жок болуп калган учурда, же кошумча экспертиза зарылдыгы пайда болгон учурда колдонулат. Отчёттук жыл ичинде, маселен, диссертациялар Белорус Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын ЖАКына, Россия Федерациясынын, Казакстан Республикасынын билим берүү жана илимий мекемелерине экспертизага жөнөтүлүп, эксперттик корутундулар алынган.

Эксперттик кеңештердин отчётторунда тиешелүү тармактагы изилдөөлөр сыпатталып, илим тармагындагы бир топ көйгөйлөр айтылган. Маселен, физика-математика жана техника илимдери боюнча эксперттик кеңеште көбүнесе 01.01.02 – дифференциалдык барабарсыздыктар, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу адистигинен изилдөөлөрдүн көп болуп, 01.04.02 – теориялык физика, 01.04.07 – конденсацияланган абалдын физикасы, 01.04.14 – жылуулук физикасы жана теориялык жылуулук техникасы адистиктеринен изилдөөлөрдүн аз же жок болушунун себептери катары, бул адистиктер боюнча илимдин докторлорунун санынын аздыгы жана ошондой эле бул адистиктер боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү эксперименталдык иштер менен, аларды атайын жабдууларда ишке ашыруу менен, Кыргызстанда андай жабдуулар аздыгына жана эскилиги жеткендигине байланыштуу чет мамлекеттерде изилдөө жүргүзүү зарылдыгы менен байланыштуу экендиги айтылган.

Бул эксперттик кеңеш дээрлик бардык изилдөөлөр практикалык сунуштарды камтыйт, патенттер алынган, бирок өндүрүшкө киргизүү актылары жок деп белгилеп, алынган практикалык сунуштарды өндүрүшкө киргизүүнү колго алууну сунуштайт.

Медицина илимдери боюнча, айрыкча терапиялык багыттагы клиникалык медицина, алдын алуу медицинасы жана биомедицина боюнча эксперттик кеңеште диссертацияны экспертизалоо абдан чоң жоопкерчилик менен ишке ашып, бир катар учурда эксперттик кеңештин отурумуна изденүүчүлөрдү суроолорго жооп берүү үчүн чакыртып алуу, илимий жетекчилерди, диссертациялык кеңештин төрагасын, окумуштуу катчысын чакыртып алып суроо узатуусу сөзгө алаарлык. Так ушул эксперттик кеңештин сунушу менен 2 изденүүчү (жалпы ушул тармактагы илимдер боюнча көрсөткүч) боюнча президиум терс чечимин чыгарган. Дагы бир изденүүчү аттестациялык делосун кароодон алдырган (терс эксперттик корутунду жазылган), 5 изденүүчү отурумга чакырылган. Белгилей кетүүчү нерсе, бул эксперттик кеңеш ар бир диссертация боюнча эксперттик корутундуну дыкаттык менен даярдап, коллективдүү талкууга алат. Зарыл болгон учурда диссертация боюнча бир эмес, бир нече эксперттик корутунду каралат.

Негизинен ЖАКтын эксперттик кеңештери ишмердигин Жобого ылайык жүргүзөт. Ошону менен бирге кээ бир учурларда эксперттик кеңештерде айрым диссертациялардын бир топ жетишпестиктери аталып, белгиленген адистигине толук жооп бербегени айтылат да, аягында диссертация төмөнкү деңгээлде даярдалган деп белгиленип, окумуштуулук даража ыйгарууга сунуштала берүүсү практикада кала берүүдө.

Эксперттик кеңештердин жылдык отчётторунда да бул кемчиликтер аталып, бир катар диссертациялар белгиленген. Бирок эксперттик кеңештер тарабынан эмнегедир чечкиндүү кадамдар жасалган эмес. Маселен, педагогика илимдери боюнча эксперттик кеңеште бир катар диссертациялардын мазмуну аталган адистигине эмес, башка адистикке көбүрөөк туура келип калганы белгиленген. Маселен 13.00.08 – кесиптик билим берүүнүн теориясы жана усулу адистиги боюнча Ы.К. Жолдошбаеванын «Болочок мугалимдин лингводидактикалык компетенттүүлүгүн калыптандыруунун педагогикалык шарттары» темадагы кандидаттык диссертациясы максаты жана мазмуну боюнча 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана усулу адистигине;

13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча Э.Р. Нуркулованын «Болочок китепкана-маалыматтык адистердин кесиптик компетенттүүлүгүнүн мазмунун өркүндөтүү» темадагы кандидаттык диссертациясы, Д.С. Мусинанын Мектептен тышкаркы кошумча билим берүү мугалимдеринин жарандык-патриоттук компетенттүүлүгүн калыптандыруунун максаты жана мазмуну боюнча 13.00.08 – кесиптик билим берүүнүн теориясы жана усулу адистигине туура келет;

13.00.01 – жалпы педагогика, педагогиканын жана билим берүүнүн тарыхы адистиги боюнча Ч.Ш. Омүрзакованын «Маалыматтык технологияларды колдонуу аркылуу окуучулардын социалдык-коммуникативдүү компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу (7-класстын «Информатика» предметинин мисалында)» темадагы кандидаттык диссертациясы 13.00.02 – окутуунун жана тарбиялоонун теориясы жана усулу информатика) адистигине туура келет.

Мындай учурда эксперттик кеңеш адилеттүү баасын берип, чечкиндүү сунушун иштеп чыгуусу зарыл деп эсептейбиз. Көйгөйлөрдү айтып коюп эле калбастан, чечкиндүү кадамдарды жасаганда гана илим өнүгөт, сапат жогорулайт.

Эксперттик корутундуда илимий көйгөйдүн туура белгилениши, диссертациянын темасы менен мазмуну аталган илимий адистиктин паспортуна туура келүүсү, диссертациянын тиешелүү квалификациялык белгиге жооп берүүсү, илимий анализдин деңгээли, илимий изилдөө усулдарынын колдонулуусунун тууралыгы жана толуктугу, илимий тыянактардын жана практикалык жыйынтыктардын так формулировакалануусу белгилениши керек. Бул диссертациялык иштин илимий баалуулугун туура жана принципиалдуу баалоого, диссертациялардын даярдалуу деңгээлин туура аныктоого өбөлгө түзөт. Бирок мындай толук кандуу анализди көпчүлүк эксперттик корутундулардан байкай албай жатканыбыз, албетте, өкүнүчтүү. Эксперттик корутундулар Жободо берилген шаблон менен эле даярдалып, диссертация боюнча, айрыкча докторлук диссертация боюнча квалификациялык белгиге туура келүүсү белгиленбей эле корутунду жазылып калган учурлар кездешет. Өлкөбүздө сапаттуу илимий кадрларды даярдоодо, аттестация тутумун жакшыртуудо эксперттик кеңештердин ролу талашсыз. Эксперттердин кесипкөйлүгүнө, чынчылдыгына жана абийирине көп нерсе байланыштуу болоорун дагы да белгилеп кетебиз.

Ошону менен бирге акыркы мезгилде эксперттик кеңештердин ишинде көп убакытты чыр-чатакты талдоо, каттарды кароо, окумуштуулардын ич ара кагылышуусун иликтөө алып коюуда. Псевдодемократиянын жели менен айрым жарандар КР ЖАКын, эксперттик кеңештердин отурумдарын жеке кызыкчылыктарын көздөп, ички тирешүүлөрдүн аянтчасына айландырып алган учурлар, тилекке каршы, көбүрөөк кезигип калууда.

Маселен, м.и.к., доц. К.К. Коомбаев А.И. Жумабековдун кандидаттык диссертациясына терс пикирин жазып КР ЖАКына, КР Өкмөт Аппаратына жөнөткөнүнөн улам бул диссертация бир нече жолу экспертизадан, кошумча эки сырткы экспертизадан (Өзбекстан Республикасынын ЖАКы, эксперттик кеңештин мүчөсү эмес адис, илимдин доктору, эксперттик кеңештин мүчөсү) өткөн, изденүүчү эксперттик кеңештин отурумуна чакырылган. Бардык эксперттик корутундулар оң, изденүүчүнүн эксперттердин суроолоруна канаттандырарлык жооп бергенинен кийин гана окумуштуулук даража ыйгарылган.

К.А. Садыровдон ар инстанцияларга кат келип түшкөндүгүнө байланыштуу К.А. Ногаеванын докторлук диссертациясы сыртка (Россия Федерациясына) жөнөтүлүп, эксперттик корутунду алынып, каттын автору, изденүүчү, диссертациялык кеңештин төрагасы, орун басары, окумуштуу катчысы эксперттик кеңештин отурумуна чакырылып, бир нече жолу президиумда каралып, акыры бекитилди. Бул эки гана мисал. Мындай көрүнүштөр, тилекке каршы, ар бир илим багыты боюнча кездешүүдө.

Биз былтыркы баяндамада белгилеп кеткендей, эксперттик кеңештердин дээрлик баары негизги милдеттеринин бири – корголгон диссертацияларды тематикасы боюнча сыпаттап, номенклатурадагы илимий адистиктер боюнча актуалдуу жана перспективалуу багыттарды белгилеп берүүнү ишке ашырбай келүүдө. Эксперттик кеңештер корголгон диссертациялардын тематикасын статист катары гана сыпаттап, кайсы багытта изилдөө иштери жүргүзүлүп, кайсы багытта жүргүзүлбөй жатканын гана белгилөөдө.

Тарых илимдери боюнча эксперттик кеңеш КР ЖАКынын диссертациялык темалардын Реестрин сыпаттоо үчүн координациялык кеңеш түзүү зарылдыгын белгилеген. Албетте, бул жакшы идея. Анткени жыл ичинде көп эле эксперттик кеңештерде диссертациялардын темасынын формулировкасы боюнча бир топ кемчиликтер, мүчүлүштүктөр, так эместиктер жана одоно каталар белгиленген. Бирок, биздин оюбузча, андай координациялык топ түзүлгүчө, эксперттик кеңештер өз тармактары боюнча Реестрдеги маалыматты карап чыгып, тиешелүү ЖОЖдордун жана илимий мекемелердин окумуштуулар кеңешине өз сунуштарын жолдосо, аттестациялоо жаатындагы көйгөйлөр чечилүүгө методологиялык бир кадам шилтенмек. Экинчиден, учурда Өкмөттүн токтому менен Кыргыз Республикасындагы илимдин приоритеттүү багыттары бекитилүү алдында турат, алар талкуудан өтүүдө. Мына ошол илимдин приоритеттүү багыттары менен байланышкан илимий изилдөөлөрдүн актуалдуу тематикасын иштеп чыгып сунуштоо – изденүүчүлөргө дагы бир чоң методологиялык жардам болмок. Илимий, илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы маселени ушундай жол менен чечүү, маселен, Белорус Республикасында колго алынууда.

Учурда эксперттик кеңештердин укуктарын күчөтүүгө жана ошону менен бирге алардын жоопкерчилигин жогорулатууга байланышкан иш-чаралар каралууда. Маселен, отурум учурунда коргоонун видеотасмасы демонстрациялануусу колго алынган, эксперттик ишмердигине байланышкан чектөөлөрдү кабыл алуусу жөнүндө эксперттердин милдеттенмелери алынган.

  1. КР ЖАКынын иш планында дагы бир чоң бөлүм аттестациялоо жаатындагы коррупциялык тобокелдерди кыскартуу жана жоюуга арналган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы №26 жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын антикоррупциялык саясатынын Мамлекеттик стратегиясын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы №215 «Бийлик органдарындагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясындагы системалык коррупцияны демонтаждоо боюнча кыска мөөнөттүү деталдуу план бекитилген, ал КР Коопсуздук кеңеши жана КР Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы кызматы бөлүмү тарабынан макулдашылган.

Бул планга шайкеш келген жана анын айрым пункттарын деталдаштырган ведомстволук коррупцияга каршылык көрсөтүү боюнча иш планы иштелип чыгып бекитилген. Андагы коюлган милдеттердин аткарылышы ай сайын КР Өкмөтүнүн Аппараты жана КР Башкы прокуратурсына маалымдалып жатты. Ал эми квартал сайын жасалган иш аракеттер боюнча отчёт КР Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтүлүп жатты жана бул маалыматтар КР ЖАКынын расмий сайтында жайгаштырылып жатты.

Бул жааттагы аткарылган чаралар боюнча кыскача айтсак:

  • диссертациялык кеңешке жана КР ЖАКына тапшырылуучу документтердин саны кыскартылды, дагы да кыскартуу чаралары көрүлүүдө;
  • аттестациялык делолордун КР ЖАКында каралуу мөөнөтү кыскартылды;
  • диссертациялык темалардын кайталануусуна жол бербөө, ачык айкын бекитилүүсүн камсыздоо үчүн Диссертациялык темалардын реестри түзүлүп, ЖАКтын расмий сайтында жайгашкан;
  • корголгон диссертациялардын электрондук базасы түзүлүп, улам жаңыланууда;
  • ЖАКтын сайтында бедел жоопкерчилигин белгилөө максатында “терс чечим чыгарылган дисссертациялар” жөнүндө маалымат берилген;
  • эксперттик комиссиялардын, расмий оппоненттердин базасы түзүлүп, мезгил мезгили менен маалымат жаңыланууда;
  • диссертациянын корголуу видеотасмасы эксперттик кеңештерде каралууда;
  • изденүүчүлөрдүн коргоого чыгуу процедурасы ЖАКтын сайтында чагылдырылууда;
  • чет мамлекеттик жарандар ЖАКтын уруксатысыз эле түз диссоветтерге кайрылуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү;
  • ар бир диссертациялык кеңеш түзүүчү уюмдун расмий сайтында баракчасын ачып, изденүүчүнүн коргоо процедурасындагы бардык документтерин ачык жарыялоого милдеттендирилди;
  • диссертациялык кеңештердин ишмердигин каржылоо маселеси жол жоболоштурулуп, такталды: КР ЖАК тарабынан каржылоонун типтүү калькуляциясы иштелип чыгып, диссертациялык кеңештерге жетекчиликке алуу үчүн жиберилген; учурда 38 диссертациялык кеңеш типтүү калькуляциянын негизинде өз калькуляциясын бекитип, диссертациялык кеңештин ишин алып барууда;
  • жыл ичинде ЖАКтын буйругу менен бекитилген графикке ылайык ЖАКтын кызматкерлери диссертациялык кеңештерде коргоонун уюштурулуусун, диссертациялык кеңештердин иш жүргүзүүсүн текшерип турду;
  • диссертациялык кеңештердин диссертациянын корголуусунун таризделиши бузулган учурдагы жоопкерчилиги такталып, күчөтүлдү;
  • плагиат түшүнүгү ЖАКтын жоболорунда так аныкталган жана “Антиплагиат” системасын түшүндүрүү нускамасы иштелип чыгып, сайтта бардык ушул маселеге тиешелүү маалымат берилген;
  • Академиялык чынчылдык стандарты иштелип чыгып, КР ЖАК жана КР ББИМ биргелешкен буйругу менен бекитилип, ЖОЖдорго жана ИИМдерге жөнөтүлдү;
  • ЖАКтын ишмердиги ачык-айкын жүргүзүлүүсү боюнча чаралар көрүлүп, т.а. ченем укук актылары ЖАКтын сайтында орун алган, арыз, суроо берүү үчүн атайын шилтеме берилген жана учурда жарандардан түшкөн суроолорго ыкчам жооп берилүүдө;
  • КР ЖАКынын тизмесине кирген мезгилдүү илимий басылмаларды текшерүү жана алардын потенциалын жогорулатууга көмөктөшүү колго алынган. Белгилей кетчү нерсе, 2017-жыл ичинде бул тизмеде 55 илимий басылма иш алып барган, алардын 31 РИНЦ системасында катталган, 6 журналдын импакт-фактору нөлдөн жогору; жыл ичинде 11 мезгилдүү илимий басылма текшерүүдөн өтүп макамы өзгөртүлгөн.

Жалпысынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясындагы системалык коррупцияны демонтаждоо боюнча кыска мөөнөттүү деталдуу пландын аткарылуусун мониторингдөөнүн жыйынтыгы боюнча КР Коопсуздук кеңешинин жумушчу тобу КР ЖАКынын ишмердигин канаттандырарлык деп баалаган.

         III. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-мартындагы №139 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларынын эффективдүүлүгүн баалоо жана мониторингин өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык, КР ЖАКынын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларынын эффективдүүлүгүн баалоо жана мониторинги боюнча план иштелип чыккан. Аталган планга ылайык ЖАКтын кызматкерлеринен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-августундагы №578 токтому менен бекитилген Окумуштуулук даражаларды берүү тартиби жөнүндө жобо, Окумуштуулук наамдарды ыйгаруу тартиби жөнүндө жобо, Диссертациялык кеңеш жөнүндө жобо, Эксперттик кеңеш жөнүндө жобо, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясы жөнүндө жоболорго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип, токтомдун долбоору ЖАКтын эксперттик кеңештеринин жана укук илимдери боюнча диссертациялык кеңештердин талкуусуна коюлган. Бул талкуудан соң токтомдун долбоорун мамлекеттик органдарга талкууга жөнөтүү, андан соң КР Өкмөтүнө киргизүү пландаштырылган.

Бул документ учурда илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы ченем укук актыларынын иштөөсүн эске алып, аларды жакшыртуу жана айрым боштуктарды толтуруу, илимий изилдөө иштерине жана илимий-педагогикалык ишмердикке талаптарды күчөтүү, диссертациялык кеңештерге жана КР ЖАКына тапшырылуучу документтердин санын дагы да азайтып оптималдаштырууга, эксперттик кеңештердин укуктарын жана жоопкерчилигин жогорулатууга багытталган.

  1. IV. Жогорку квалификациялуу илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү максатында КР ЖАКы 2017-жылдын 30-июнунда КР ЖАКынын түзүлгөндүгүнүн 25-жылдык юбилейине арналган эл аралык илимий конференцияны уюштурду. Конференцияга Россия Федерациясынын, Тажикстандын, Армениянын, Молдованын, Азербайжандын ЖАКынын кызматкерлери, Белорусиянын, Казакстандын Кыргызстандагы элчиликтериндеги өкүлдөрү катышып баяндамаларын окушту. Конференцияга ошондой эле эң жогорку мамлекеттик органдардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ата мекендик окумуштуулар, илимий изилдөө мекемелеринин жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери катышты.

Россия Федерациясынын, Тажикстандын, Армениянын, Молдованын, Азербайжандын жана Кыргызстандын ЖАКынын кызматкерлери ошол эле күнү тегерек столго катышып, алаканы жакшыртуу, илимий, илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун документтерин өз ара таануу жаатындагы маселелерди талкуулашты.

Бул жааттагы мамлекет аралык кызматташууну өнүктүрүү жана чет элдик тажрыйбаны сыпаттоо максатында КР ЖАКынын кызматкерлери жыл ичинде Россия Федерациясынын Москва шаарында илимий, илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо органдарынын жетекчилеринин жолугушуусуна, Белорус Республикасынын Минск шаарында БР ЖАКынын 25-жылдык юбилейине арналган эл аралык илимий конференцияга, тегерек столго, Россия Федерациясынын Москва шаарында уюштурулган илимий, илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы көйгөйлөрдү талкуулоого арналган семинарга, Санкт-Петербургда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын билим берүү жана илим боюнча туруктуу комиссиясынын отурумуна катышты.

КР ЖАКынын кызматкерлери жыл ичинде ошондой эле ЕАЭБ Евразиялык комиссиясынын видео-конференцияларына катышып, либерализациялоо пландарын талкуулоого катышып турду.

V 2017-жылды ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыялаган КР Президентинин жарлыгын аткаруу үчүн КР ЖАКынын иш планы иштелип чыккан. Ал планга ылайык жыл ичинде ЖАКтын кызматкерлери Кыргызстандын көрүнүктүү окумуштуулары, коомдук ишмерлеринин өмүрү жана чыгармачылыгы менен таанышуу семинарларын өткөрүп, музейлерге барып турду жана ошондой эле ыйык жайга Ата-Бейит мемориалдык комплексине барып, саясий репрессиянын курмандыктарын эскерип келишкен.

Жыйынтыктап айтканда, КР ЖАКы өз ишмердигин бекитилген жылдык пландарга ылайык Кыргыз Республикасынын илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын негизинде жүргүздү. Аталган чөйрөдөгү маселелердин көбү чечилгени менен, көйгөйлөр дале бар экенин моюнга алуу керек. КМШ өлкөлөрүндө да илимий, илимий-педагогикалык кадрлары аттестациялоо жаатында биздин өлкөдөгүдөй көйгөйлөр кезигээрин конференция, семинарларга барганда күбө болдук. Бир топ мезгилге чейин өнүгүү тарыхы бир болуп, уюштуруу системасы бир болуп келген КМШнын мүчө-мамлекеттеринин бир катарында окшош көйгөйлөрдүн болуусу мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Ар бир мамлекеттеги аттестациялоо органдары тиешелүү чараларды көрүп жатат.

Бирок бул көйгөйлөр аттестация жаатындагы коомдук мамилелерди укуктук жөнгө салуу менен гана, жол-жоболоштуруу менен гана чечилбейт. Бул маселелер бардык илимий коомчулук жапа тырмак киришкенде гана, укуктук аң-сезим, укуктук маданият жогорулаганда гана, абийир соту иштей баштаганда гана чечилиши мүмкүн. Мына ошондуктан жалпы мамлекеттин өнүгүүсүнүн маанилүү факторлорунун бири болгон илим жаатында, анын ичинде жогорку квалификациялуу илимий, илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоо жаатында жалпы илимий коомчулук өз салымын кошуусу зарыл. Ансыз бул көйгөйлөрдүн чечилүүсү күмөн бойдон кала берет.

Биз соңку жылы белгилегендей эле, диссертациялардын даярдалуусу, корголуусу жана аттестациялануусуна катышкан ар бир субъект: изденүүчү, анын илимий жетекчиси, ЖОЖдор жана ИИМдердин окумуштуулар кеңешинин мүчөлөрү, диссертациялык кеңештердин мүчөлөрү, расмий оппоненттер, жетектөөчү уюмдардын окумуштуулар жамааты, КР ЖАКынын эксперттик кеңештеринин мүчөлөрү ж.б. өз милдетин так жана жоопкерчилик менен аткарса, Кыргызстандагы илимдин өнүгүүсүнө өз салымын кошмок.

Бөлүшүү

Комментарийлер