АТБАШЫЛЫК МЕКТЕП ОКУУЧУЛАР ОКУУ КИТЕПТЕРИ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУШТУ

  • 24.08.2020
  • 0

Ат-Башы районундагы бардык мектептердин китепканачылары аралыкты сактоо менен окуучуларга китеп таратып жатышат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов билдирди.

Анын айтымында, райондогу мектептердин китеп менен камсыз болуусу кыргыз мектептерде 78%ды түзөт. Ал эми орус мектептерде – 70%.

Мектептерде китептер жетиштүү. Мындан 15 күн мурун Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу менен ар бир мектепте китепканачылар жумушка чыгышкан. Ар бир бала окуу китептерин алышты. Мектептер китептерди толугу менен таратып беришти. Буюрса мектептер 1,5-2 жылда окуу китептери менен толугу менен камсыз болот деп ойлойм, — деди Д.Дөөткулов.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер