АТАМ БАСКАН ЖОЛ, МЕКЕН ҮЧҮН АРНАЛГАН ӨМҮР

  • 08.04.2025
  • 0

Аман калган Адашкан бала «Ташты жарган болбосо да атагым, мен кызымын эң бир соонун атанын» дегендей, мен атам менен ар дайым сыймыктанып келем. Эсимде, “Атаңыздын аты Адашканбы, эмне үчүн андай?” — деп көпчүлүк сурап калчу. Атамдын аты бала чагымда мага да кызык болгон. «Эмне үчүн атыныз Адашкан»  деген менин суроомо атам күлүмсүрөп төмөндөгүчө баяндап берген эле.

АТАМ БАСКАН ЖОЛ, МЕКЕН ҮЧҮН АРНАЛГАН ӨМҮР

1917-жылы Октябрь Революциясы Совет бийлигин орноткондон кийин, Кыргызстанда да 1918 — 1920-жылдары Совет бийлиги менен басмачылардын ортосунда жарандык согуш болгон. Ошондой катаал убакта атам 1920-жылы 10-октябрда төрөлгөн. Чоң атабыз Осмонкул менен чоң энебиз Ырыстын эки кыздан кийинки төрөлгөн уулдары эч токтобой чарчап кала беришкен экен. Согуш убагы — турмуш татаал, элдин караңгылыгы, медицинанын жетишсиздиги, төрөлгөн жаш балдардын өлүмдөрүнө себепкер болгон. Ошондо кыргызча ырымдап,  биздин уулубуз «Адашып кетти» деп, төрөлөрү менен алысыраак, бирок өтө ишеничтүү туугандарына 40 кун бактырган экен. Ошол «ырым» иштеп, атам тирүү калган. Ошентип өз үйүнө алып келгенден тартып «Адашкан бала» аталып калат. Болбосо, төрөлгөндө молдо азан чакырып койгон аты Абдыразак. Кийин документ алганда ырымдап койгон аты боюнча Адашкан деп жазылып калыптыр. Ошондогу «ырым- жырым» кантип иштеп калганын азыр ойлосом: Ой бул — энергия. Энергия сөзсүз түрдө бир нерсени жаратат. Оюңду жаратсаң, ал ойго жетүү үчүн ар түрдүү аракеттерди кылсаң, ал энергия уюп же топтолуп, башкача айтканда жетилип сөзсүз ишке ашат. Жакшы ой тиленсең, жакшы иш орундалат же аткарылат. Жамандыкты тиленсең, жаман иш оорундалат же аткарылат. Ошол үчүн  «ойдон корк» дешет. «Жакшы тилек — жакшы ой жарым ырыс» деп бекеринен айтылбайт.

АТАМ БАСКАН ЖОЛ, МЕКЕН ҮЧҮН АРНАЛГАН ӨМҮР

Чоң атам, чоң энем жана бардык туугандар ымыркайдын өмүрүн тилешкен, чын дили менен Жараткандан суранышкан, ойлоп эле койбостон, баланы абдан жакшы карашкан. Канчалык көп энергия жумшалса, ошончолук ойлогон ой — максаттар аткарылары анык. Ырым-жырымдын иштөө принциби ушундай экен, көрсө. Ошентип, көпчүлүк эл, Жараткандан  өмүрүн, бактысын, ден соолугун тилешкен Адашкан атам 83 жыл өмүр сүрдү. Жаштарга үлгү инсан 1941-жылы фашисттик Германия убадасын бузуп, биздин өлкөгө мыкаачылык менен кол салганда 21 жашта болгон. Кыргызстандан 360 миңден ашык жоокер эл жерин, Ата мекенин коргоого аттанганда алардын катарын атам да толуктаган. Ал — Осмонкулов Адашкан, Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Сары-Камыш айылында туулган. Өз ыктыяры менен 1942-жылы 22 жашында согушка жөнөгөн. Алгач Подмосковьенин Курскийинде, андан кийин Белгород менен Кавказды фашистерден бошотууга, Днепр дарыясын кечип өтүп, душмандар менен салгылашууга катышкан. 1944-жылы оор жаракат алып, Мекенине кайтып келет. Мекенчил, эр жүрөк, тайманбастыгы, үчүн бир нече орден жана медалдар менен сыйланат. Али да болсо согуш бүтө элек. Эл журтка билимдүү, күжүрмөн эмгекчилер абадай керек болуп турганда, райондун исполкому (азыркынын акими) болуп кызматын уланткан. Андан кийин эл агартуу тармагында иштөө жан дүйнөсүнө жагып, мугалимдик кызматка өткөн. Дүйнөнү колунда айлантып, география сабагынын эң жогорку баскычтагы мугалими болуп эмгектенген. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы жана директорлук кызматтарды аркалаган. Атамды Чынгыздын Дүйшөнү деп коюшар эле. Ал — СССРдин Эл агартуусунун мыктысы, Эмгектин ардагери, Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу. Апам Айым экөө сегиз баланы: эки уул, алты кызды жарык дүйнөгө алып келишип, татыктуу билим-тарбия менен эрезеге жеткиришкен. Атам мекенчилдиги, кесипкөйлүгү менен жаштарга үлгү боло турган инсан эле. Үйдөгү библиотекасы өтө кенен, ал Манас эпосунан тартып, энциклопедия, атактуу кыргыз жана орус акын жазуучуларынын китептери менен толтурулган эле. Айылдаштар таппаган китептерин биздин үйдөн табышып, алып кетип окушчу. Мен да атамдын библиотекасынан китеп окуп, дүйнөгө болгон көз карашымды байыткам. Атам татыктуу, бактылуу өмүр сүрдү. 2003-жылы дүйнөдөн кайтты. Мекенди коргоо, эркектин миссиясы деп түшүнөм. Бирок, кээ бир үй-бүлөлөрдө согуш убагында Ата мекенин коргомок турсун, тынчтык убактарда деле аскер кызматын өтөбөгөндөрдү кездештиргем. Кудайым ар кимдин пешенесине ар түрдүүчө милдеттерди жазат тура. Айтор, Мекенди коргоо миссиясы жокко эселер да бар экен. Мейли, алар да башкача өз милдеттерин аткарып жатышкандыр. Саресеп салсам, менин жакындарым: атам согуш убагында Мекенин коргосо, эки агам тынчтык убакта аскер кызматын өтөгөн. Менин жолдошум да мекен алдындагы милдетин аткарган. Учурда уулум Руслан да өз кызматын өтөп жатат.

Ата мекенди коргоо ар бир жарандын милдети болуш керек. Мекен тынч болсо, эл тынч жашайт. Мекенибизде тынчтык болсун!

 

 

Нуржамал Осмонкулова. Москва.

Бөлүшүү

Комментарийлер