АТАЛЫК ЭРТЕҢКИГЕ ТАШТАЛБАЙТ ЖЕ СИЗ КАНДАЙ АТАСЫЗ?

  • 25.05.2020
  • 0

Аталар мектебин” уюштуруу, бала тарбиялоону энелерге гана жүктөбөй, аталардын жоопкерчилигин да күчөтүү маселеси байма-бай көтөрүлө баштады. Айрыкча дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиядагы карантин учурунда ата менен балдардын ортосундагы мамиленин жоктугу, аталар өз балдарын жакшы тааныбагандыгы, балдарды тарбиялоого кантип салым кошорун билбеген чабалдыгы сыяктуу мүчүлүштүктөр өзүнөн-өзү калкып чыга келди.

АТАЛЫК ЭРТЕҢКИГЕ ТАШТАЛБАЙТ ЖЕ СИЗ КАНДАЙ АТАСЫЗ?

АТАЛАР МЕКТЕБИ” ДОЛБООРУ ТУУРАЛУУ

Учурда мектептерде “Энелер мектеби” боюнча алгылыктуу иштер жүрүп, айрым мектептер өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша түрдүү формада уюштуруп жатышат. Биз дагы “Жетиген” мектеп-лицейинин тажрыйбасына таянып жазылган китепти, гезиттин мурунку сандарында бир топ усулдук сунуштарды чыгарууга жетиштик. Мына ушул актуалдуу тема менен катар эле “Аталар мектебин” уюштуруу, бала тарбиялоону энелерге гана жүктөбөй, аталардын жоопкерчилигин да күчөтүү маселеси байма-бай көтөрүлө баштады. Айрыкча дүйнөнү дүрбөлөңгө салган пандемиядагы карантин учурунда ата менен балдардын ортосундагы мамиленин жоктугу, аталар өз балдарын жакшы тааныбагандыгы, балдарды тарбиялоого кантип салым кошорун билбеген чабалдыгы сыяктуу мүчүлүштүктөр өзүнөн-өзү калкып чыга келди. “Ыйык Ата журт” фонду тарабынан уюштурулган бир нече онлайн вебинарга катышкан жүздөгөн ата-энелердин ушул багытта, “Атанын бала тарбиялоодогу ролу” тууралуу суроолору мени да педагог, ата катары түйшөлттү.

Бала тарбиясындагы ушул боштукту толуктоо максатында атайын долбоор катары “Аталар мектебин” уюштуруу, сабактарды өтүү боюнча атайын усулдук колдонмо даярдап, жакынкы күндөрү аны ишке ашыруунун аракетинде иштеп жатабыз. Ал мектептин сабактары төмөндөгүдөй жети сабактан турат:

1-сабак: Мен атамын

2-сабак: Менин үй-бүлөм

3-сабак: Атанын укуктары жана милдеттери

4-сабак: Дени сак бала

5-сабак: Менин балам чоңоюп жатат

6-сабак: Бала менен маектешүү

7-сабак: Баланын укуктары

Бул сабактар семинар-тренинг катары тажрыйбалуу мугалимдер, атайын адистер (психолог, дарыгер, юрист) тарабынан өтүлөт. Тренингге катышкан аталардын ар бирине атайын Аталар мектебинин жумушчу дептери, ар бир темага тиешелүү таркатма материалдар, бала тарбиялоого багытталган китептер берилет. Ар бир сабак интерактивдүү формада өтүлүп, бир тайпада аталардын саны жетиден ашпайт. Өтүлгөн сабактарды видео форматта да даярдап социалдык тармактар же телеканалдар аркылуу эфирден берүүгө аракеттенебиз деген максаттабыз.

Албетте, аталарды окутканы эмес балдарынын жетишкендигин кабардар кылуу үчүн мектепке алып келүүнүн кыйынчылыгы турганда “окутабыз” дегенге келе коёт деген ойдон алыспыз. Ошентсе да, жакшы максат менен башталган бала тарбиялоону жакшыртуунун жолу катары саамалыкты колдой турган аталар да чыгат деп ишенимдүү айтсак болот. Бул үчүн, албетте, мугалимдер жамаатынын, мектеп жетекчилигинин креативдүү кадамы керек. Сунушту колдоп кетүү, ишке ашыруу жалпыбыздын милдетибиз деп эсептейбиз. “АТАЛАР МЕКТЕБИН” уюштуруу боюнча усулдук сунуштарды алдыдагы макалаларда кенен чагылдырып турабыз.

АТАЛАР МЕКТЕБИ ҮЧҮН БИР КӨНҮГҮҮ

Менин атамын мурасы”

Максаты:

Үй-бүлөлүк тарбиянын стилин анализдөө, тарбиянын балага болгон таасирин аныктоо.

Керектелүүчү каражаттар

Жазуу үчүн барактар же жумушчу дептер, флипчарт үчүн барактар жана ручка, маркерлер.

Мөөнөтү: 35 мүнөт

Тренер үчүн нускама:

Ар бир катышуучу өзүнүн атасынын көрүнүшүн актуалдаштырат. Тренер катышуучуларга 2-3 мүнөттүн ичинде ойлонууну сунуш кылат жана керектүү учурда баракка же жумушчу дептерге эки суроонун жообун жазуу керек:

  • Атамдын жасагандарынын кайсынысын өз балдарым менен болгон мамиледе колдоно алам?

  • Атамдын жасагандарынын кайсынысын балдарыма үйрөтүүнү каалабайм?

Андан соң ар бир катышуучу жазган маалыматын топтор менен бөлүшөт. Жооптор бааланбайт жана анализденбейт, жөн эле тренер тарабынан флипчартка жазылат (алдын ала баракка эки бөлүктөн турган таблица түзүү керек)

Колдонгум келет

Кайталагым келбейт

Аягында тренер алган жоопторун анализдейт, баалабай жана бөлбөй туруп белгилейт, кээде аталарыбыз кандай бизге мамиле жасаса, биз да балдарыбызга ошондой мамиле жасап коёбуз. Кийин ушул моделдерди колдонуп тарбия берүү жана каталарды кайталабоо үчүн бул жөнүндө таануу жана анализдөө керек.

Аягында ушул көнүгүүлөр катышуучуларга жакшы таасирин берип, аталар жүрүм-туруму аркылуу балдардын тарбиясына таасир эте алышат.

Бул көнүгүүдө атанын терс жана оң сапаттары сунушталбайт, бирок тренер катышуучулардын баалоочулук жана эмоциалдуу реакцияларына даяр болуш керек. Көнүүгүлөрдү аткаруу учурунда бири-бирин колдоп жана тынч абалда болуу шарт, катышуучулардын баалоосун билдирүү, керектүү учурда эреже боюнча топко кайрылуу абзел.

Тренер убакытты көзөмөлдөп туруусу керек, анткени бардык катышуучулар өз ойлорун айтууга жетишиш шарт. Көп сүйлөгөндөрдү жана эмоциалдууларды токтотуу зарыл, аларга: “Сиздин оюңуз абдан маанилүү, бирок бизде убакыт аз калды. Балким башкалар да өз ойлорун айткысы келип аткандыр” деп айтуу жетиштүү.

АТАЛАРГА БАЛА ТАРБИЯЛООДО КЕҢЕШ

Балдары менен мамилеси жакшы эмес аталардын көпчүлүгү алардын жан дүйнөсүнөн кабарсыз. Кыйын болобу, жеңил болобу, айрым маселелерде аталарга сунуш-пикирлерибизди айтууга мажбурбуз. Андыктан, урматтуу, ата!

— Балаңызга бакырып-кыйкыруу бул жакта турсун, аны менен сүйлөшүп жатканда да үнүңүздүн тонуна маани бериңиз;

— Кандай шарт болсо болсун, аларга күлүмсүрөгөндү унутпаңыз;

— Көзүнө карап сүйлөшкөнгө аракет кылыңыз.

Мына ушундай ата болгонго аракет кылсаңыз, балдарыңыз үчүн үйдө болгонуңуз эле жетиштүү. Балдар аталарга төрт жашынан кийин гана жакындашат. Ушул жаштан баштап ата бала үчүн өрнөк инсанга айланат. Төрт жашка чейин ата көп таасирдүү боло албайт. Анткени, бул курактарда эненин таасири күчтүү. Баланын психикалык өнүгүп өсүүсүндө эненин ролу чоң. Ал экөөнү ажыратууга болбойт. Бул убактарда ата, энеге үй иштеринде жардамчы болууга, ага материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүүгө, бала менен колдон келишинче көбүрөөк убакыт бөлүүгө тийиш.

Мектеп курагына чейинки учурда баланын эң негизги өрнөгү ата-энеси. Алардын жүрүм-турумун, сүйлөгөнүнө чейин туураганга аракет кылат. Сырткы дүйнөнү алардын көзү менен тааныйт. Ата-энеси маани берген нерсеге маани берет, корккон нерседен коркот. Эң негизгиси мына ушул курактарда жакшы өрнөк болуу маанилүү. Анткени, бала ата-энесинин жакшы жүрүм-турумун туурагандай, жаман жүрүм-турумун да туурайт. Ошонун негизинде башкаларга мамиле кылат.

Кыз балдар энесинен, эркек балдар атасынан өрнөк алышат. Кийинүүдө, отуруп-турууда, башкага мамиле кылууда, сүйлөгөндө, жүрүм-турумда ата-энесинен көргөнүн жасаганга аракет кылышат. Өзгөчө, эркек балдар үчүн дүйнөдө атасынан күчтүү, атасынан акылдуу адам жок.

Бала тарбиялоодо ата-эненин психикалык абалы өтө маанилүү. Ар бир ата, бала төрт жашка чейин эненин таасиринде болоорун жакшы билип, кош бойлуулук учурунан баштап эле энеге камкордук көрсөтүүгө тийиш. Кош бойлуулук учурунда энеге жетиштүү жардам бере албаган ата, төрөттөн кийин да анын жүгүн жеңилдете албайт. Эне физикалык жана психикалык жактан канчалык күчтүү болсо болсун, атанын колдоосу болбостон дени сак бала тарбиялай албайт. Ошондуктан, жубайлардын бала тарбиялоодогу биринчи иши бири-бирине жакшы мамиледе болуулары.

Ата менен баланын мамилеси баланын ийгиликтерине, личносттук өсүп өнүгүүсүнө, физикалык жактан да, психикалык жактан да дени сак болуусуна таасир берет. Салттык түшүнүгүбүздө ата дегенде, тартипти темирдей бекем кармаган, кандай шартта болсо болсун, айткан сөзү эки болбогон, коркунучтуу адам элеске келет. Туура, ата тартиптин символу болушу керек, бирок, коркуунун символу болбошу керек. Мындай көз караштын калыптанышында энелердин таасири бар. Мисалы, «атаң иштен келсин, сага көрсөтөт…» — деген сыяктуу сөздөр ата туурасында туура эмес түшүнүктөрдү калыптандырууда чоң роль ойнойт.

Атанын милдети бир гана үйдү материалдык жактан камсыздоо жана иштен үйгө келгенде дем алуу үчүн жатуу эмес, ошол эле учурда баланы тарбиялоодо эне менен тең тайлаш аракет кылуу, дем алыш күндөрү, же иштен келгенде баласы менен убакыт өткөрүү, ойноо, тапшырма аткарууга жардам берүү, жашоо эрежелерин үйрөтүү, сүйлөшүү, сырдашуу, балдар менен сыртка чыгуу, алардын мектебине баруу, чогулуштарга катышуу, сейил бакка алып баруу, китеп дүкөндүрүнө алып баруу, кесип үйрөтүү, достору менен таанышуу ж.б.

Андыктан, сиз кандай атасыз, урматтуу, ата!

Кыялбек Акматов,

педагогика илимдеринин доктору, доцент,

Жетиген” мектеп-лицейинин директору

Сайт: WWW.AKMATOV.KG

Бөлүшүү

Комментарийлер