«АТАЛАРДЫН КАНЫ МЕНЕН ЖАРАЛГАН, 9-МАЙ БУЛ БИЗ ҮЧҮН УЛУУ КҮН!»

  • 09.05.2020
  • 0

Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиянын мугалимдери Улуу Ата Мекендик согуштагы аталардын эрдигине таазим этип, «Өлбөс полк» онлайн жүрүшүнө катышты.

"АТАЛАРДЫН КАНЫ МЕНЕН ЖАРАЛГАН, 9-МАЙ БУЛ БИЗ ҮЧҮН УЛУУ КҮН!"

Орус тили жана адабияты мугалими  Момунова Раиса  Токтогуловнанын агасы  Муктар Нургазиевич Токтогул районунун Коңур- Өгүз айылында дыйкандын үй- бүлөсүндө туулган.

Ал өз айылында  орто мектепти аяктаган соң колхоздо иштеген. 1941- жылы Советтик  Армияга чакырылып, Улуу Ата Мекендик согушта Калинин,  экинчи Прибалтика, Белорус фронтторунда  фашизмге каршы согуштагы жеңишке өз салымын кошту.  И.В. Панфилов атындагы 27- дивизиянын  катарында Москва  шаарын коргогон.

Согуштан кийин Үч-Терек райондук аткаруу комитетинде бөлүм башчы, партиянын Базар-Коргон райондук комитетинде бөлүм башчы,  секретары, Жалал- Абад областтындагы  Октябрь райондук аткаруу комитетинин төрагасы, партиянын Токтогул райондук комитетинин биринчи секретары, партиянын Баткен жана Фрунзе  райондук комитетинин биринчи секретары  сыяктуу жооптуу кызматтарды аркалоо менен республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң салым кошкон.
1962 жылы Алма-Ата шаарындагы Советтер Союзунун Коммунисттик партиясынын  Борбордук Комитетинин алдындагы Жогорку партиялык мектебин аяктаган.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Советине беш жолу шайланып, эл ишенимин арткан депутаттардан болду.
Муктар Нургазиевдин  Улуу Ата Мекендик  согуштагы эрдиги жана мамлекетке болгон кызматы татыктуу бааланып, Кыргыз Республикасынын «2- даражадагы Манас» ордени , «1-2- даражадагы Ата Мекендик согуш» ордени,  ”Аскердик эрдиги үчүн” , «1941-1945-жж. Улуу Ата Мекендик согушта Германиянын үстүнөн жеңиш” медалдары, эки жолу “Эмгек Кызыл Туу” ордени ,  «Эмгектин ардагери”,  “Даңк” медалдары жана көптөгөн жогорку даражадагы сыйлыктар менен сыйланган.
2015-жылы Россия Федерациясынын Президентинин чакыруусу менен Москва шаарынын Кызыл аянтында  Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата өткөрүлгөн майрамдык парадга барып катышып келген. Мухтар Нургазиев 98 жашка караган курагында дүйнөдөн кайткан.

Мектептин орус тили жана адабияты мугалими Сейденбаева Ырыс Назарматовнанын таятасы Байкеев Чотой 1923- жылы Токтогул районуна караштуу Өзгөрүш айылында туулган.

"АТАЛАРДЫН КАНЫ МЕНЕН ЖАРАЛГАН, 9-МАЙ БУЛ БИЗ ҮЧҮН УЛУУ КҮН!"

1941- жылы ноябрь айында согушка чакырылып, Курск, Белгород, Киев шаарларын бошотууга зор салым кошкон. Согуштан 1946 -жылдын жазында өз мекенине кайтып келген.
Согуштан кийин партиянын мүчөсү болуп, сельсоветтин секретары, андан кийин көптөгөн жылдар бою колхоздун башкармасы болуп кызмат өтөгөн.

Математика мугалими Кырбашова Айша Асековна атасы Кырбашов Асек жөнүндө мындайча эскерет:

"АТАЛАРДЫН КАНЫ МЕНЕН ЖАРАЛГАН, 9-МАЙ БУЛ БИЗ ҮЧҮН УЛУУ КҮН!"

Ардактуу атам Кырбашов Асек 1910- жылы Нарын жергесинде Ат- Башы айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Коммунисттик партиянын мүчөсү болуп, саясий кызматтарда иштеген.

1941- жылы 17- июнда Кызыл Армиянын катарына чакырылып, фронтко жөнөтүлгөн.

1941- жылы августта 376- аткычтар дивизиясына түшкөн. Согуштун күчөп турган мезгилинде 376- дивизиянын катарында Москваны коргоодо биринчи күндөн баштап, кандуу салгылашууга киришкен.

Согуш мезгилинде саясий жетекчи, гвардиянын капитаны болуп кызмат өтөгөн. Кан күйгөн согушта эки жолу жарадар болот. 1942-жылдын 30- августунда көрсөткөн эрдиктери үчүн “Эрдик үчүн” медалына көрсөтүлгөн.

Атам саясий жетекчи катары жоокерлерге үлгү көрсөтө алган. Солдаттардын мекенчил сезимин ойготуп, Ата Мекенин коргоого шыктандырган. Согуш учурунда душмандын беш жолу талылуу жерине сокку урган.

Атамдын мактоо баракчасында: «Кырбашов Асек 10.12.1943-жылы ротанын алдыңкы катарында болуп, жоокерлерди тайманбастыкка үндөп, өзүнүн уюштуруучулугу менен ротасы эки жүз элүүдөй фашисттик немецтерди атып жок кылса, өзү автомат менен ондой немецтик фашисттерди талкалаган» деп жазылган.

Эрдиги үчүн атам Ата Мекендик согуштун 1- жана 2-даражадагы ордендери жана көптөгөн медалдар менен сыйланган. Согушта үч жолу жарадар болуп, 1944 -жылы өз мекенине кайткан.

Согуштан кийин партиялык кызматтарда үзүрлүү эмгектенип, персоналдык ардагер болуп, ардактуу эс алууга чыккан. 1990- жылы каза болгон. Балдары, неберелери жана чөбөрөлөрү атамдын эмгегин эскеришет жана даңкташат.

Мектеп- гимназиянын орус тили жана адабияты сабагынын мугалими Дүйшебаева Айнагүл Төлөшовна чоң аталары жөнүндө мындайча экерет:

"АТАЛАРДЫН КАНЫ МЕНЕН ЖАРАЛГАН, 9-МАЙ БУЛ БИЗ ҮЧҮН УЛУУ КҮН!"

Дүйшебаев Айтманбет 1921-жылы 1- майда Кара-Көл жайлоосунун Камыр-Дөбө деген жеринде төрөлгөн. Атасы Дүйшөбай дыйканчылык менен эмгектенген киши экен. Апасы Айымбү беш баланын энеси болуптур.
Каргашалуу согуш башталганда, улуу баласы Дүйшебаев Айтике согушка чакырылат. Андан кийин Дүйшебаев Айтмырза жана Дүйшебаев Айтманбет согуш майданына аттанышат. Чоң атабыз
892-кавалерияык полкто 1941-жылы декабрь айында кавалерист болуп аскердик кызматты баштайт.
1942-жылы август айында 38-гвардиялык артиллеристтик полкунда наводчик болуп калган.
1943-жылы КПССке мүчө болгон.
Дүйшебаев Айтманбет 38-гвардиялык артиллериялык полкунда солдаттык милдетин немецтер менен болгон согуш талаасында өтөй баштайт.
1944- жылы 26- июнунда 38-гвардия корпусунун артиллериялык полкунун командири гвардия подполковник Грошенков А. фашисттик баскынчылар менен болгон согушта аскердик милдетти мыкты аткаргандыгы үчүн 1944-жылы 12-июлунда «Эрдик үчүн»(«За отвагу») медалы менен сыйлаган.
Жеңишти госпиталда тоскон.
1949-жылда Жалал-Абадддагы  педагогикалык окуу жайды бүткөндөн кийин мугалимдик кесипти аркалап иштеген.

Ал эми дене тарбия сабагынын мугалими Чукунова Орунбү Чукуновна мындайча эскерет:

"АТАЛАРДЫН КАНЫ МЕНЕН ЖАРАЛГАН, 9-МАЙ БУЛ БИЗ ҮЧҮН УЛУУ КҮН!"

Кандуу каардуу согушка атам Бегалиев Чукундун бир тууган иниси Бегалиев Сакен 1941-жылы “Г.К.Жуковдун армиясы менен Дон дарыянын жээгинде бара жатабыз, өзүм кат жазмайынча, кат жазбай тургула” деп кат жазган боюнча дайынсыз болуп, согуштан келбей калган.
Атамдын бир тууган иниси ошентип, согушта эли-жерин коргоп жатып, баатырларча курман болгон.

Кыргыз тили жана адабияты мугалими Тагаева Рахат Аралбековна баатыр аталарын эскерет:

"АТАЛАРДЫН КАНЫ МЕНЕН ЖАРАЛГАН, 9-МАЙ БУЛ БИЗ ҮЧҮН УЛУУ КҮН!"

Абам Тагаев Бекберди Улуу Ата Мекендик согушка катышып, кайтпай калган. Тагаев Бекберди 1919- жылы Коргон-Дөбө айылында Ак-Дөбө участкасында туулуп өскөн.
Советтик Армиянын катарына кошулганга чейин айылдык мектепте мугалимдик кесипти аркалаган.

1941-жылы 22 жашында өз каалоосу менен Улуу Ата Мекендик согушка аттанган. Кызыл Армиянын катарына Таш- Көмүр райондук аскердик комиссариатынан жөнөтүлгөн. Тагаев Бекберди Улуу Ата Мекендик согушта чалгынчы болуп, бир катар эрдиктерин көрсөткөн.

1942- жылы кезектеги чалгындоо милдетин аткарууга кетип, кайра кайткан эмес. Аны таанып билген, чогуу аскердик кызмат өтөгөн согуш ардагерлеринин эскерүүлөрүнө караганда, Тагаев Бекберди аскерлердин ичинен кат тааныган, сабаттуулардан болуп, взвод командирлигине дайындалган жана чалгындоо иштерине жетекчилик кылган.

Ата Мекен алдындагы атуулдук ыйык милдетин аткарып, согушта курман болгон.
Таятам Собурбеков Чонтай кандуу майданга 1942- жылы аттанган. Украинада артиллериялык полкто “наводчик” болуп кызмат өтөгөн. Согушта көрсөткөн эрдиги үчүн “Эрдиги үчүн” (“За отвагу”) жана башка орден, медалдар менен сыйланган.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер