“АТАЛАРДЫН ЭРДИГИН ДАҢКТАЙБЫЗ” ФЕСТИВАЛДЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНЫШТЫ

  • 11.06.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги менен «Балажан» республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору тарабынан жарыялынган Улуу Жеңишке салым кошкон аталарыбыздын жана энелерибиздин эрдиктерин даңктоо, ардагерлерге, улуу муунга карата сый-урматты, сыймыкты калыптандыруу максатында өткөрүлүп жаткан  «Аталардын эрдигин даңктайбыз”, “Обондуу ырларды жандуу музыкалык коштоо же минус фонограммасынын коштоосунда аткаруу», “Көркөм окуу”  аттуу республикалык  онлайн фестивалына Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борбору активдүү катышып, республикалык турда алты окуучу алдыңкы орунга чыгышты.

Ноокат райондук балдардын чыгармачылык борборунун директору      Э. Эргешовдун берген маалыматына таянсак, фестивалга жалпысынан 3000ден ашуун окуучулар катышты. Райондук турда жактырылган 500дөн ашуун аткарылган окуучулардын эмгектери республикалык туруна жөнөтүлгөн.

  • Республикалык турдун жыйынтыгы боюнча алты окуучу алдыңкы орундарга жетишти. Алар: Тургунбаев Жумадыл, 1-орун, Арапов Тимур, 1-орун, Зулунова Латифа, 2-орун, Абдылдаева Алина, 2-орун, Абибиллаева Раяна, 3-орун,  Акылбек уулу Махмут,   3-орун жана Мухидинова Робия 3-орунга чыгышты. 1-2-3-орунду камсыз кылган окуучуларга Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дипломдор, 2000 сомго барабар китеп сатып алуу үчүн сертификат, смартфон жана наушник алууга жетише алышты, — дейт Э.Эргешов.

Ошондой эле өздөрүнүн мыкты аткаруу чеберчилигн көрсөтө алган 75 окуучу  Билим берүү жана илим министрлигинин диплому  менен сыйланышты.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер