“АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

  • 27.10.2022
  • 0

Талас облусунун Бакай-Ата, Кара-Буура, Манас районунун бала бакчаларында жана жалпы билим берүүчү мекемелерде «Ата-энелер мектеби» боюнча эң жакшы иштер жүргүзүлүүдө. Бул боюнча ФБ өз баракчасында Салтанат Бейшенова жазды.

“АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

Маалыматка ылайык, Кара-Буура районунун Айтпаев атындагы орто мектебинде атайын «Ата-энелер мектеби» боюнча семинар болуп өттү. Башка семинарлардан өзгөчөлүгү -кошуна айылдардан мугалимдер, мектеп директорлору менен бирдикте ата-энелерди да чакырып, сабак көрсөтүп беришти.

“АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

— Семинарда “Кызды тарбиялоодо эне үлгү”, “Бардык жакшы нерселер эне мээриминен башталат”, “Тарбия башаты – үй-бүлө”, “Кыз адеби кымбат”  аттуу темаларда мугалимдер билимге кызыгуу, умтулуу, өз алдынча окууга тарбиялоо, 7-8-жаш, 10-12 жаштагы балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша тарбиялоо методдорун көрсөтүп, ата-энелер үчүн бала тарбиялоого байланыштуу педагогикалык,  методикалык жактан багыт берип,  сабактар өтүлүп,   слайддар көрсөтүлдү, — дейт С.Бейшенова.

“АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

«Ата-энелер мектеби»  боюнча сабактар ар дайым өз убагында план боюнча системалуу түрдө буга чейин иштеп, семинарларды өтүп келишет.

 

“АТА-ЭНЕЛЕР МЕКТЕБИ” ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

— 2022-2023-окуу жылынан баштап да ата-энелер менен кызуу иштер башталды. Атайын “Ата_энелер мектеби”  кабинеттер ачылып, китептер менен камсыз болушту.  Айыл өкмөттөрдү, жергиликтүү депутаттарды да ишке тартып, чогуу бала тарбиялоосуна аларды да  кызматташууга тарта алышкан, — дейт адис.

Г.А., “КБ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер