АТА-ЭНЕ МЕНЕН БАЙЛАНЫШ — АРАЛЫКТАН ОКУТУУНУН ТАЛАБЫ

  • 27.10.2020
  • 0

Учурдагы онлайн билим берүү ата-эненин колдоосуна муктаж. Ата-эне бүгүн үй шартындагы билим-тарбиянын уюштуруучусу, мугалимдин эң  башкы жардамчысы болуп саналат.

Алдыңкы мугалимдер аралыктан окутууда ата-эне менен байланыштын алгылыктуу ыкмаларын таап жатышат.

Бишкек шаарындагы Профессор А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейдин башталгыч класстар мугалими Гүлүмкан Асанкадырованын 4 «д» классында  44 окуучу бар.

Мугалимдин айтуусунда мынча сандагы окуучулар менен аралыктан иштөө салттуу окутууга караганда бир топ татаал.

— Айрым балдар оюнга алаксып калат. Тапшырмаларды аткарууда кыйналышат. Мындай учурда мен ар дайым ата-энелерге кайрылам. Алар өзгөчө  чыгармачыл тапшырмаларды аткарууда мага абдан активдүү жардам беришүүдө, — дейт жакында «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими» наамына татыктуу болгон тажрыйбалуу педагог.

Сөзүбүз куру болбосун, окуучулардын ата-энелери менен биргеликте «Күз берекеси» деген темада аралыктан аткарган чыгармачыл ишине орун берели.

Бул ишти аткарууда ата-энелер балдарга темага ылайык түстөрдү туура тандоого жардам беришти.

Жакшылыкова Карлыгач:

Саламатсызбы, Гүлүмкан эже! Мен бул сынакта биздин класс жең үүчү болсун деп, алтын күздүн сүрөтүн тарттым. Күз мезгилин апам жакшы көрөт!

Жадикова Амина:

Алтын күздө сапсары,

Араласам бакчаны.

Айлана бүт шаң данып,

Капыстан ырдай баштады.

Бул ыр апам экөөбүзгө жакты!

Дилдедосова Марал:

Мен  «Күз келди» аттуу ырды жатка айтып берейин. Ырды чоң  энем таап берди!

Берекелүү күз келди,

Айлана бүт жыттанып.

Ак буудайдын данына,

Кампа толду шыкалып.

Элдиярова Раяна:

Мен «Күз берекеси» деген темада күрүчтөн мындай бак жасадым. Тапшырманы аткарууга апам жардам берди. Андыктан апама рахмат айтам!

Жыргалбекова Акшоола:

Он эки айдын үч айы,

Күркүрөгөн күз айы.

Бөлүштүргөн табият,

Төрт мезгилге атайы.

Бул ырды апам таап берди!

Бактыбеков Кудаярхан:

Мен апамдын жардамы менен «Күз берекеси» конкурсуна дан өсүмдүктөрүнөн ашкабак менен алманы жасадым.

Акылбекова Нурзада:

Бул үкү дан өсүмдүктөрүнөн жасалды. Көрдүң өрбү, ал кандай татынакай!

Муну апам экөөбүз жасадык!

Нурова Кыял:

Мен конкурска кирпинин композициясын даярдадым. Жашыл түстү тандоого апам жардам берди!

Асанакунова Канышай:

Менин эмгегим бул кооз көпөлөк.

Көпөлөк — апамдын идеясы!

Джуманов Ислам:

Апам экөөбүз коёндун сүрөтүн тарттык.

Коёнум, коёнум!

Капустага тойбодуң .

Көлөкөң дү тааныбай,

Коркконуң ду койбодуң .

Шаршенбаев Альберт:

«Күз берекеси» конкурсуна апам экөөбүз дан өсүмдүктөрүнөн момундай сонун кирпини жасадык!

Азыркы сабакта мугалим чыгармачыл тапшырмаларды аткарууда ата-энелер менен байланышууга өзгөчө маани берери байкалып турат. Окуучулардын баары конкурска мыкты даярданган.

 

Буайша Назарбекова Бишкек шаарындагы №94 орто мектебинде эмгектенет.

Буайша эже эмгектенген мектеп Дордой жаң ы конушунда орун алган.

Окуучулардын ата-энелери борборго жумуш издеп келишкен. Көбү батирде турушат.

Ошого карабастан мугалим аралыктан билим берүү ишин үзгүлтүксүз уюштурууда.

— Мен ата-энелерге да дем-шык берип турам. «Базары жакын жарыбайт! Балдарды базардан акча тапканга кызыктырбагыла, билим алганга багыттагыла!» дейм, — дейт педагог.

Айтуусунда ата-энелер да түшүнүү менен мамиле кылып, мугалимден ар убак жардамын аяшпайт экен.

— Биринчи класста тамга, тыбышты өтүүдө ата-энелер өтө чоң  жардам беришти. Менин тамга, тыбышты, муундап кошуп окуганды үйрөткөн автордук таблицам бар. Таблица менен иштөөнү алдын ата-энелерге үйрөткөм, кийин алар өз балдарына үйрөтүштү, -дейт Буайша эжей.

Ата-энелердин колдоосуна таянып, алар менен бир багытка сапар алган мугалим баланын келечегине зор үмүт менен карайт.

— Мен сабактан жетишпеген балага да начар баа койбойм. Кичине ийгилигин да белгилеп, «Азаматсың !», «Кечээгиден бүгүн жакшы окуп калыпсың !» деп «5»ти атайын дептериме коё берем. Коё берем!

Акыры окуучу оң олот, — дейт ак жүрөк мугалим.

Эжейдин аракетине ата-энелер да ыраазы.

— Эжейибиз мугалимдердин мугалими экен! Балдардын жаманын жашырып, жакшысын чыгарып, билим-тарбия берип жатат! Мындай мугалимдер чанда жолугат, — дейт Жакшылыкова Назгүл.

А. АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер