БАЛА БАКЧАЛАРДЫН ӨКҮЛДӨРҮ АСТАНАДА МАСТЕР-КЛАСС ӨТҮП ЖАТЫШАТ

  • 06.10.2022
  • 0

Эл аралык педагогикалык фестивалдын жеңүүчүлөрү катары Бишкек жана Ош шаарларынын бала бакчаларынын өкүлдөрү Астана шаарында мастер-класс өтүп жатышат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Талантбек Бекташов «Жылдын мыкты мугалими — 2022» республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде билдирди.

Талантбек Бекташов алар Кыргызстандын алдыңкы педагогикалык тажрыйбасын жайылтып жаткандыгын белгиледи.

— Быйылкы республикалык сынактын жеңүүчүлөрүн жана лауреаттарын да эмки жылы эл аралык педагогикалык фестивалдын катышуучулары жана жеңүүчүлөрү болоруна үмүтүбүз чоң. Баарыңыздарга педагогикалык ишмердүүлүктө ийгилик жана чыгармачылык каалайм, — деди Бекташов.

Астанада Бишкек шаарындагы №3 бала бакчанын директору Салтанат Кеңешчоро кызы, Бишкек шаарындагы №22 бала бакчанын директору Индира Дууланова жана Ош шаарындагы №61 «Ак Каркыра» бала бакчасынын тарбиячысы Маргарита Нагаева мастер-класс өтүшүүдө.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер