«АРУУЗАТ» ЖАЙЛОО БОРБОРУ – ӨНҮГҮҮГӨ ЖОЛ
- 27.06.2025
- 0
Кочкор районунун Сагынбай участкасына уюштурулган «Аруузат» жайлоо бала бакчасына Роза Отунбаеванын демилгеси фондунун аткаруучу директору Роза Кайыкова, Кытай Эл Республикасынын ыйгарым укуктуу элчиси Лю Цзинь Пин, Конфуций институтунун директору Ту Хуа жана мугалимдери иш сапары менен келип, жайлоо бала бакчасынын иши менен таанышты.
Ага Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Баялы Досалиев, Нарын облустук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн соцтармак боюнча орун басары Абдырайым уулу Шабдан катышты. Элчи Лю Цзинь Пин өз сөзүндө жайлоо өнүктүрүү борборундагы балдарга талыкпастан билим алып, келечекте мамлекетке кызмат кыла турган мыкты адистерден болуусун каалап өттү.
— Кытай Эл Республикасынын элчилигине жана Роза Отунбаевнын демилгеси фондуна Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн атынан терең ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошо берүүгө даярбыз, — дейт райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Мамбетова.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер