АРТЕМ НОВИКОВ МЕНЕН АЛЕКСЕЙ ОВЕРЧУКТУН ТЕЛЕФОНДУК СҮЙЛӨШҮҮСҮ БОЛДУ

  • 28.10.2020
  • 0

Өкмөттөр аралык кыргыз-россия соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык комиссиясынын теңтөрагалары – Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Артем Новиковдун жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун телефондук сүйлөшүүсү орун алды.

Тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын маанилүү маселелерин жана Евразиялык экономикалык бирликтин алкагындагы тараптардын өз-ара аракеттешүүсүнө басым жасоо менен эки тараптуу жана көп тараптуу форматтагы өз-ара аракеттешүүнүн кыска жана узак мөөнөттүү келечегин талкуулады.

Мындан тышкары, тараптар аркылуу Кыргыз Республикасындагы чет элдик инвесторлорду, анын катарында Кыргыз Республикасынын аймагындагы россиялык бизнестин ишмердүүлүгүнүн корголушун камсыздоо зарылдыгы белгиленди.

Тараптар эки тараптуу мамилелердин комплексин мындан ары эки өлкөнүн учурдагы мүмкүндүктөрүн кеңейтүү жана ага жаңы дем берүү менен ургаалдаштыруу боюнча макулдашты.

Өкмөттүн аппартынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер