АРДАКТУУ КЕСИПКЕ АРНАЛДЫ

  • 04.10.2022
  • 0

Мугалимдердин кесиптик майрамына карата Кара-Көл шаарындагы Токтогул атындагы №1 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Жумаканова Улара 6-«Г» класска «Мугалим-мөмөлүү дарак» деген темада класстык саат өттү.

АРДАКТУУ КЕСИПКЕ АРНАЛДЫ

Сабактын жүрүшүндө мугалим окуучуларга мугалимдик кесип ары ардактуу, ары түйшүктүү кесип экендигин түшүндүрдү. Окуучулар акындардын ырларынан көркөм айтышып, «Келечекте мен кандай мугалим болом?» деген темада жазган дилбаяндарын окуп беришти.

Сабактын соңунда окуучулар талыкпастан изденип, билим-тарбия берген мугалимдерди сыйлоо керектигин бир добуштан айтышты.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер