АРАЛЫКТАН ӨТКӨРҮЛГӨН СЕМИНАР УБАКЫТТЫ ЖАНА КАРЖЫНЫ ҮНӨМДӨЙТ

  • 10.06.2020
  • 0

Учурдагы кырдаал Кыргызстандагы башка тармактардагыдай эле билим берүү мекемелеринин жана жалпы эле мектеп мугалимдеринин  ишмердүүлүктөрүнө да өзгөрүүлөрдү киргизди. Түзүлгөн абалга байланыштуу Ош билим берүү институту да  пландалган иш-чараларын аралыктан уюштурууну колго алды.

Институттун жылдык иш планына ылайык март-июнь айларына пландалган алдыңкы педагогикалык тажрыйбаларды жана педагогикалык жамааттардын алдыңкы иш тажрыйбаларын жайылтууну аралыктан окутуу технологиялары аркылуу ишке ашырып жатат.

ОшБИнин директорунун орун басары Асида Бабакулованын  айтуусу боюнча,  2020-жылдын 27-май күнү Кара-Суу районундагы Сыдык Алайчы уулу атындагы №87 инновациялык мектеп-гимназия комплексинин иш тажрыйбасын, Кара-Кулжа районунун Б.Амиркулов атындагы орто мектебинин адам жана коом предметинин мугалими Мамырканова Гүлнаранын, Ноокат районундагы К.Каримов атындагы орто мектебинин физика мугалими Сыдыкова Астрагүлдүн  иш-тажрыйбалары вебинар түрүндө өткөрүлдү.

  • Натыйжада  Кара-Суу районундагы Сыдык Алайчы уулу атындагы №87 инновациялык мектеп-гимназия комплексинин мектепти башкаруудагы жана мектеп ишин ийгиликтүү уюштуруудагы өзгөчөлөнгөн иш тажрыйбасы менен, Кара-Кулжа районунун Б.Амиркулов атындагы орто мектебинин алдыңкы мугалими Мамырканова Гүлнаранын жана 2019-жылдагы облустун “Жылдын мыкты мугалими” Сыдыкова  Астрагүлдүн физика сабагын өтүүдөгү интерактивдүү методдорду колдонуу чеберчиликтери менен  өлкөбүздүн бардык аймактагы мугалимдери тааныша алышты, — дейт институттун директору Г.Турдубаева.

Жетишилген натыйжалардан улам семинарларды аралыктан  өткөрүүнүн бир топ артыкчылыктары бар экендигин белгилеп кетүүгө болот. Мисалы, семинарды республикабыздын бардык аймактарындагы коллегаларыбыз онлайн түрүндө көрүү, суроо берүү жана кийин көрүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат. Ошондой эле финансылык жана убакытты  үнөмдөө жагынан да семинарды өтүүчү жана семинарга катышуучу мугалимдерге жакшы жардам боло тургандыгы белгилүү болду.

  • Бул тажрыйбаны кийинки жылдарда да уланта берүү жакшы натыйжа берет деп ишенем, — дейт институттун директору Гүлмира Турдубаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер