АР БИР САБАКТА АЙТМАТОВ АТЫ АТАЛДЫ

  • 08.12.2023
  • 0

7-декабрда Кара-Көл шаарындагы №4 Шопоков атындагы мектепте кыргыз тили жана адабияты предметинин бир айлыгынын алкагында ачык сабактар жана кызыктуу иш-чаралар өткөрүлүп, алардын баарында залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына жогору баа берилди.

АР БИР САБАКТА АЙТМАТОВ АТЫ АТАЛДЫ

«Акыл таймаш» оюнунда балдардын билимдери бышыкталып, толукталып анан системалуу билимге айланары чындык эмеспи. Дал ошол өңүттө шаарыбыздын белгилүү алдыңкы мугалими, бир нече мамлекеттик сыйлыктардын ээси, шаардык усулдук бирикменин башчысы Байыш Мүсүралиев агайыбыз «Акыл таймаш» өткөрүп, балдардын билимин баалады.
Ал эми шаарыбыздын чыгармачыл мугалими, бир нече сыйлыкты ээси, көркөм адабиятты сахналаштыруу менен балдарга образдуу жеткирип келген тажрыйбалуу адис Раиса Тезекбаева жаш адис Айпери Сыдыкбекова менен биргеликте 5-класстарда «Беш ыргай» таймашын өткөрүштү.
Мектептин жаш адиси Айпери  Сыдыкбекова «Үндүү жана үнсүз тыбыштар» деген темада 5-класста ачык сабак өтүп берди.
Сабакта үндүү, үнсүз тыбыштардын айтылышы,  жазылышы ар түрдүү усулдар менен бышыкталды. Мугалим сабакта  сөздөрдү толуктоо, «Ким миллионер болгусу келет» оюнун, топто иштөөнү, тесттик тапшырмаларды санарип тиркемелерде аткарууну колдонду.
Сабакты баалоо балдардын жаш өзгөчөлүгүнө шайкеш  келген саат жебесин туура санга коюу менен кызыктуу бааланды.  Оюн сабак балдарга жеткиликтүү болуп, упайларын жаңгак, курут менен алышты.
Балдардын баёо сезимин көркөм адабияттын чоң жолуна, келечектеги актерлук кесипке багыт берген, мектептин партасынан чыныгы турмушка ак-караны туура ажыратууга үндөгөн, терең билим берүүгө бүтүндөй өмүрүн арнаган  мугалимдерге таазим.
Предметтик бир айлыктын  жарыяланышы, Чынгыз Айтматовдун 95 жылдыгы, улуттук нарк, жашыл көндүмдөр камтылган  жасалгалуу галерея жалпы кыргыз тилчилердин чыгармачыл эмгектерин айгинелеп турду.
Эмгеги элге сиңген, тажрыйбасы республикалык деңгээлде  жайылтылган Байыш агай баштаган кыргыз тилчилердин иштерине ийгилик  каалайбыз!

Тилек ОРОЗОВА, Кара-Көл шаары

Бөлүшүү

Комментарийлер