АР БИР ЭЛДИН ТИЛИ – АДАМЗАТТЫН ЖАЛПЫ РУХИЙ КЕНЧИ

  • 25.02.2019
  • 0

20-февралда Эне тил күнүнө карата Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде  КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте “Мамлекеттик тил санариптештирүү доорунда” аттуу республикалык илимий-тажрыйбалык конференция болуп өттү.

АР БИР ЭЛДИН ТИЛИ – АДАМЗАТТЫН ЖАЛПЫ РУХИЙ КЕНЧИ

Иш-чарага КР Президентинин Аппаратынын, КР Өкмөтүнүн Аппаратынын, КР ББжИМдин өкүлдөрү, билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана жалпы эле жарандык коомдун, интеллигенциянын өкүлдөрү, студенттер катышты. Андан сырткары  Кыргызстандагы ТОМЕР түрк тилин үйрөтүү борборунун мүдүрү Ахмед Гозүбол, Кыргызстандагы Конфуций институттарынын директору Джан Щи-Цай, Анадолу лицейинин директору Мустафа Йылмаз жана башкалар келишти.

АР БИР ЭЛДИН ТИЛИ – АДАМЗАТТЫН ЖАЛПЫ РУХИЙ КЕНЧИ

Конференциянын официалдуу бөлүгүнө чейин  Эл аралык эне тил күнүнө карата университеттин борборлорунун жана тиешелүү кафедраларынын көргөзмөлөрү жана презентациялары көрсөтүлдү. Келген конокторго жана студенттерге ар кайсы улуттун тилинде кыргыз, түрк, кытай, немис, орус, англис ж.б. элдердин улуттук даамдары менен бирге маданиятын чагылдырган ыр-күү жана бийлер тартууланды.

Конференциянын жүрүшүндө “Санариптештирүү – Кыргызстандын келечеги”, “Кыргыз тилин табигый түрдө иштетүүчү программалык аппараттар”, “Жаңы маалымат технологияларындагы мамлекеттик тилдин абалы”, “Кыргыз тилин компьютерлештирүү” деген сыяктуу бир катар кызыктуу темадагы баяндамалар окулду. Учурдагы ааламдашуу доорунда өлкөдөгү мамлекеттик тилдин чөйрөсүн кеңейтүү, зарылчылыгын жакшыртуу маселелери кеңири талкууланып, аларды чечүүдө санариптештирүү жана инновациялык технологияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү сунуштары каралды. Бүгүнкү күндө ишканаларда, жогорку окуу жайларында адистер жана окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан ыкмалар, программалар иштелмелер презентацияланды.

Конференциянын жыйынтыгында каралган маселенин көйгөйлөрүн, аны чечүүнүн жолдорун камтыган тиешелүү резолюция кабыл алынды.

И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде да көп тилдүүлүктү колдоо, жаштарды дүйнөлүк тилдерди үйрөнүүгө шыктандыруу, тил үйрөнүү аркылуу билим берүүнү жакшыртуу, маданиятты көтөрүү, улуттар аралык ынтымак, достук, кызматташтыкты чыңдоо максатында кытай, түрк, немис, корей борборлору өз иштерин жүргүзүп келүүдө.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер