АНЕМИЯ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАРГА ЖЕҢИЛДИК

  • 11.01.2024
  • 0

Аз кандуулук менен жабыркаган балдар электрондук рецепт жаздырып, белгилүү дарыларды 50 пайыздык арзандатуу менен алса болот.

АНЕМИЯ МЕНЕН ЖАБЫРКАГАН БАЛДАРГА ЖЕҢИЛДИК

Кыргызстанда алты айдан беш жашка чейинки балдардын 47 пайызы темирдин жетишсиздиги менен жабыркайт. Бул туурасында Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду (ММКФ) билдирди.

Аталган витаминдин аздыгы баланын дене боюнун жана интеллектуалдык жактан өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Өнөкөт оорулардын жана анемиянын (аз кандуулук) өөрчүп кетишин алдын алуу үчүн бейтапканаларга барып акысыз текшерүүдөн өтүп, анын ичинде кан аркылуу анализ тапшыруу сунушталат. Эгер оору аныкталса, электрондук рецепт жаздырып, белгилүү дарыларды 50 пайыздык арзандатуу менен алса болот.

Кандай учурда жеңилдиктер берилет?

16 жашка чейинки балдар, анын ичинде камсыздандырылган, бир жерде окуп жаткан 18 жашка чейинкилер;

үй-бүлөлүк медицина борборлорунда катталгандар; үй-бүлөлүк дарыгерден электрондук рецепт алгандар.

Дарыларды ММКФ менен келишим түзгөн дарыканалардан алса болот. Препараттардын тизмеси фонддун сайтында көрсөтүлгөн.

Аз кандуулук менен жабыркаган баланы кантип аныктоого болот? Биринчиден, баланын өңү кубарып энтигип, жүрөктүн согушу начарлайт. Бала башы айланып, ооруп, кулагы тунжураганын айтат. Ошондой эле тез чарчап, алсырап калат.

Медициналык кызматтардын түрлөрү, алардын баалары тууралуу маалыматты ММКФ тиркемесин көчүрүп алып же иш күндөрү 113 номерине чалып билсе болот. Чалуу бардык операторлор үчүн акысыз.

А.Кашыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер